Нарын шаардык сотунун экс-судьясы Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча эки айга камакка алынды

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы 24-июнда маалымдагандай, Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов кармалган жана эки айга тергөө абагына киргизилген.

Мурдагы судьяга карата тергөө 23-майда башталган — Эрматовдун аракеттерин Башкы прокуратура текшере баштаган.

Тергөөчүлөр анын аракеттерин «Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм чыгаруу» жана «Коррупция» беренелери боюнча изилдеп жатышкан.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы дал ошол Эрматовдун чечими боюнча Нарындагы күчөтүлгөн тартиптеги колониядан чыгып кеткен.

Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева үй камагында, анын ичинде кримтөбөлгө «курч миелобластык лейкоз» диагнозун коюшкан врачтар тергөө изоляторунда кармалышууда. Кийинчерээк бул тууралуу аныктама жасалма экени белгилүү болгон.

Ошондой эле парламенттин депутаттары да Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаевди айыпташкан. Бул Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраткысы келишкен айыптоолордун пунктарынын бири.