Башкы прокуратура: Атамбаевдин дарегине коюлган беш айып боюнча кылмыштын белгилери бар

Башкы прокуратура мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин дарегине коюлган алты айыптын ичинен бешөөсүн колдоду. Экс-президентке каршы айып тагууну 20-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депкомиссия демилгелеп чыккан.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов өз ведомствосунун корутундусун 25-июнда парламенттик комитеттин жыйынында ачыктады. Башкы прокуратура төмөнкү айыптар боюнча оң баасын берди:

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушун көзөмөлдөгөн. Кримтөбөл «кандын лейкозу» аныктамасынын негизинде 2013-жылы Нарын облусунун колониясынан бошотулган.

Жамшитов Атамбаев вице-премьер-министр болуп турган Шамил Атахановго кримтөбөлдү бошотууну тапшырган деп билдирди.

Башкы прокурор бул иш боюнча Атамбаевге коррупция боюнча айып такса болот деп эсептейт.

Мыйзамсыз жер алуу. Депутаттар экс-президентти «Дастан» компаниясынын аткаминерлеринин жардамы менен Кой-Таштагы үйү курулган жерге мыйзамсыз ээлик кылган деп айыпташты.

Башкы прокурор бул иште да «Коррупция» беренеси боюнча кылмыштын белгилери бар деп эсептейт.

Атамбаев жана аны менен аффилирленген компаниялар. Депутаттар мурдагы президент «Форум» компаниясына Субихи Пархати аттуу адам аркылуу ээлик кылат деп айтышкан. Ошондой эле эл өкүлдөрү Атамбаевди «Хуасинь», «Терек-Сай Жаштары», «Бизниснур» жана «АКА Петролеум» компанияларына ээлик кылган деп шектешкен.

«Жогоруда аталган жагдайлар Атамбаевдин жеке ишкердик ишмердүүлүгүнө, ошондой эле компанияларга артыкчылык берүү менен мүнөздөлгөн коррупцияга мыйзамсыз катыштыгы бар болгонун көрсөтүп турат», — деп айтылган комиссиянын корутундусунда.

Бул жерде да Башкы прокуратура «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш белгилерин тапкан.

Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция. Депутаттар Атамбаев Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы коррупцияга тиешелүү болгонун жана бул анын билдирүүсү менен тастыкталып тураарын билдиришкен. Кыргызстан калаанын жылуулук борборун жаңыртуу үчүн Кытайдын Эксимбанкынан 386 млн доллар насыя алган.

Башкы прокурор бул иште да «Коррупция» беренеси боюнча кылмыштын белгилери бар деп эсептейт.

Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү. Депутаттар Атамбаевди бири-бири менен аффилирленген «Рассвет Компани» жана «Прогресс Компани» фирмалары аркылуу Бишкек ЖЭБине мыйзамсыз көмүр ташууга тиешеси бар деп айыпташты. Эл өкүлдөрү мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын 2016-жылы 1-декабрда фейсбукта жазган постуна таянышууда.

Башкы прокурор бул пунт боюнча да «Коррупция» беренесинин негизинде кылмыштын белгилери бар экенин айтты.

Бийликти узурпациялоо. Башкы прокуратура колдобогон айыптоолордун жалгыз пункту бийликти узурпациялоого жана Атамбаев тараптан оппозиционерлерди куугунтуктоого тийиштүү.

«Бул пункт боюнча көзөмөл орган Атамбаевдин буга түздөн-түз тиешеси болгон эмес деген тыянакка келди», — деп айтылат корутундуда.

Эми парламент Атамбаевдин кол тийбестигин алуу үчүн пленардык жыйында Башкы прокуратуранын корутундусун карап, аны жактырып бериши керек. Кийинки пленардык жыйын 26 жана 27-июнда өтөт.

Парламент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депкомиссиянын кортундусун Башкы прокуратурага 20-июнда жөнөткөн. Атамбаев аталган артыкчылыктан ажыратылгандан кийин аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүн болот.

Мунун бардыгы Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы узакка созулуп кеткен чырдашуунун шартында болууда.