Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

20-июнда ЖМКларда Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) экс-башчысы Аскар Айтматовдун Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фыратка даректелген ачык кайрылуусу пайда болду.

Айтматовдун айтымында, аны Камил Фырат ФЕТОнун мүчөсү деп эсептегени кемсинткен.

«Клооп» Айтматовдун түрк элчиси менен урушуп кеткендигинин кыскача баяндамасын даярдады.

Айтматов: Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда бир туугандык мамилелерди өнүктүрүүнүн үстүндө көп жыл иштегем. Бир жыл мурда элчи Женгиз Камил Фырат жамандап каралай баштаган. Ошондуктан мени ФЕТОнун мүчөсү деп жарыялашкан, мага Түркия жана анын жарандары менен кызматташуу оор болууда.

Мисалы, мен элчинин басымынан улам түрк депутаттары жана Түркиянын президентинин кеңешчиси менен жолугуша албай калгам. «Манас» университетинин ректору Сабихаттин Балджиге карата басым дагы бир мисал болуп калган — түрк элчисинин кийлигишүүсүнөн улам Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чара өткөрүү үчүн ректор менен жолугуша алган эмесмин.

Мен силерге «Сапат» мектептерин жабуу — Кыргызстан үчүн оор тема экенин айтып бергем, анткени кыргыз элитасынын балдарынын 90% ошол мектептерде окушат жана аларга башка альтернатива жок. Сиз менин пикиримди мага каршы колдонуптурсуз.

Демек, сиз 15 миң бала менен алардын ата-энесин, андан тышкары, Кыргызстандын президентин, парламенттин спикерин, өкмөт башчысын, билим берүү министрин жана башкаларды ФЕТОнун мүчөлөрү деп эсептейсиз. «Сапат» мектептери жогорудагы адамдар бар үчүн иштеп жатат да.

Сиз мени ФЕТОнун мүчөлүгүнө кошуу менен абдан катуу кемсинттиңиз. Мен моралдык зыян тарттым жана сиздин аракеттерди мага каршы диверсия аракети катары баалайм. Сизден мени жамандаганды токтотууңузду жана кечирим сурооңузду талап кылам.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Айтматовдун билдирүүсүнө карата жообу:

ФЕТО — террордук уюм, кылмыштуу желе жана культ калыбындагы түзүм болуп эсептелет.

Ушундан улам бир жагынан ФЕТО менен кызматташып, экинчи жагынан Түркия менен кызматташтык кылуу мүмкүн эмес. Бир тандоо кылынуусу керек.

Аскар Айтматов бул тандоосун так аткарып, «биздин балдар» деп атаган ФЕТОчулар менен кызматташтыгын жана аларга болгон колдоосун улантаарын биздин тарапка билдирген.

Балдарын бул мектептерге жиберген кишилер буларды билиши керек: төлөнгөн мектеп төлөмдөрүнүн бир бөлүгү ФЕТО террордук уюмуна финансылык булак катары колдонулууда.

Ошондуктан Түркия Республикасы кыргыз калкына альтернатива катары көргөзүп, Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин текшерүүсү жана көзөмөлүндө эл аралык бакалавр даражасын берип, кыргызча, орусча, түркчө жана англисче билим берип, заманбап жабдыктары бар «Маариф» мектептерин салууну сунуштап жатат.

2018-жылы Бишкекте Улуттук китепкананын үчүнчү кабатын толугу менен оңдоп, «Чыңгыз Айтматов залы» катары ачылып, кыргыз бир туугандарыбыздын колдонуусу үчүн берген мекеме Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги болгон.

Контекст: Түркиянын бийлиги «Сапат» билим берүү тармактары оппозиционер Фетхуллах Гүлен жана анын ФЕТО уюму тарабынан каржыланат деп эсептейт. Түркияда бул уюм террористтик деп табылган, ал эми Гүлен өзү 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетине айыпталган.

Кыргызстандын бийлиги лицейлер тармагын «Себаттан» «Сапатка» өзгөртүп, Түркия менен мамилени бузбаш үчүн директорлор кеңешинин курамына Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүн киргизген.

Жүзөгө ашпай калган төңкөрүштөн кийин түрк бийлиги миңдеген адамдарды камап, жүздөгөн адамдарды ФЕТОго байланыштары бар деп соттогон. Ал эми Гүлен өзү мамлекеттик төңкөрүш уюштурбаганын айтып чыккан.

Азыр ал АКШда жашайт. Түркия бир нече жолу Америка бийлигинен аны өткөрүп берүүнү талап кылып, бирок АКШ баш тартып койгон.