26-июнда Алмазбек Атамбаев өзүнүн резиденциясында. Сүрөт: SPUTNIK Кыргызстан / Табылды Кадырбеков

Өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 26-июнда үйүнүн алдына чогулган тарапкерлери менен жолугушту. Анын хан сарайы Бишкектен алыс эмес Кой-Таш айылында жайгашкан. Азыр ал жакта Атамбаевди колдоо штабы түзүлүп, боз үйлөр тигилген. Мындан тышкары, басма сөз борбору да уюштурулган.

Атамбаевдин үйүнүн аймагында машиналардын өтүүсүн чектеген бетон тосмолору орнотулган. Ошондой эле экс-президенттин резиденциясына таштар алынып келинген, бирок КСДПнын өкүлдөрү таштар курулушка керек деп кабарлашкан.

Чогулгандар Атамбаевге колдоо сөздөрүн айтып, андан кийин экс-президент алар менен бирге куран окуган. Ошондой эле ал журналисттердин алдында билдирүү жасаганы камынган, бирок акырында басма сөз жыйындан баш тартып, ЖМКларга өз кайрылуусунун текстин жиберген.

Анда Атамбаев мураскери Сооронбай Жээнбеков «тынч жаткан элди көздөй мыйзамсыздыктын, зөөкүрлүктүн кара ташын ыргытты» деп билдирген.

Мунун бардыгы Атамбаевдин айланасындагы кырдаалдын оорлошуп кеткенинин шартында болууда. Башкы прокуратура менен парламент мурдагы президентке өлкөнүн башчысы болуп турганда кылмыш жасаган деген айыптарды таккан.

Парламенттин депутаттары Атамбаевди Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупцияга, жерлерди мыйзамсыз алууга жана 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна айыптап жатышат. Атамбаев кол тийбестик макамынан кол жууп калышы мүмкүн — бул маселени депутаттар чечиши керек.

Бул Атамбаевдин Жээнбеков менен араздашуусунун жыйынтыгы болуп калды. Саясатчылардын ортосундагы чыр-чатак 2017-жылы башталган. Ал учурда Атамбаев саясатка кайтып жатканын расмий жарыялап, мураскерин коррупцияга каршы натыйжасыз күрөшүп жатат деп сынга алган.