«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын лидери жана депутат Бакыт Төрөбаев билдиргендей, Кыргызстанда «өлкөнүн башкаруу формасын эл тандай алчу» референдум өткөрүү зарыл. Ал өзүнүн катын 24-июнда «Мнения.АКИпресс» порталында жарыялаган.
Депутаттын айтымында, 1996-жылдан бери конституцияга ылайык өткөрүлгөн референдумдар мамлекеттин башкаруу формасын дайыма «бийлик аныктап келгенин» көрсөткөн. Ал эми аталган тандоого жарандардын «макул болуу гана укугу» болгон.
«Башкаруу форманы эл тандаганынан көбүнесе өлкөнүн андан аркы демократиялык жана укуктук өнүгүүсү, конституциялык нормалардын иштеп чыгарылышы көз каранды болот», — деп айтылан парламентарийдин билдирүүсүндө.
Тексттен Төрөбаев референдумду кантип өткөргөнү жатканы түшүнүксүз. Себеби анын пикири боюнча, «жарандар бийликти бөлүштүрүү теориясын анчейин деле билишпейт».
Өлкөнүн башкаруу формасы деген эмне?
Конституция боюнча азыр Кыргызстанда парламенттик-президенттик башкаруу формасы иштеп келет. Ал 2010-жылдагы революциядан кийин киргизилген. Ага чейин Кыргызстан президенттик республика болчу.
Башкаруунун аралаш формасында президенттик жана парламенттик бийлик күчтүү болуп, өкмөт эки институтка тең отчёт берип турат.
Кыргызстандын конституциясында парламенттин абдан көп ыйгарым укуктары жазылган. Бул калыстык жана тең салмактуулук системасы иштеп, парламент президентти тең салмакта кармап туруусу үчүн жасалган.
Бирок иш жүзүндө баары башкача. Парламент өзүнүн ыйгарым укуктарына карабастан, президенттин көз карашы менен абдан көп макул болот, андан сырткары өкмөт жана соттор дагы. Муну парламентте кабыл алынган чечимдер көрсөтүп турат. Алар президент көрсөткөн багытка окшош болот.
Төрөбаев башкаруу форманы эл өзү тандап алышы керек деп айтып жатканда, адамдарга өлкөдө бийликтин кайсы бутагы башчылык кылаарын чечүүнү сунуштоодо: мыйзам чыгаруу, аткаруу же президент.
Төрөбаев реформа эмне үчүн керек деп эсептейт?
Депутаттын пикиринде, Кыргызстандын калкы бийлик дегенде президентти элестетет. «Жарандардын абсолюттук көпчүлүгүнүн» түшүнүгү боюнча өлкө башчысы бирдиктүү бийлик болуп эсептелет.
«Азык-түлүктөргө, электр энергиясына, коммуналдык кызматтарга жана башкаларга болгон баанын кымбатташын айтпаганда [...] Адамдар, мисалы, чоргодо суу акпай калса да өлкө башчысынан суроо-талап кылууга көнүп алышкан», — деп жазган ал.
Ошол эле кезде депутат бул маселенин бардыгы — президенттин эмес, өкмөттүн жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын баш оорусу экенин түшүндүрдү.
Мунун айынан бийликке даректелген нааразылыктар өкмөт башчысына эмес, көбүнесе президентке барып түшөт.
«Демек, биздин конституция факт түрүндө премьер-министр менен өкмөт президентке “кылчактап карап” иштеген эки баштуу аткаруу бийлик бутагын бекитип койгон. Бул учурда өкмөттүн натыйжалуулугу төмөндөп, керектүү экономикалык реформаларды жүргүзүү токтоп калууда», — эсептейт Төрөбаев.
Бирок, анын айтымында, парламенттик башкаруу формасындагы өлкөдө президенттин негизги милдети — парламент менен өкмөттүн өз ара кызматташуусун камсыздоо. Бул министрлер кабинетинин жана Жогорку Кеңештеги көпчүлүктүн туруктуулугуна алып келет.
«Экономика жана социалдык чөйрө өкмөттүн түздөн-түз артыкчылык берүүчү тармагы. Парламенттик системада аткаруу бийлигин парламент эле эмес, шайлоодо биринчи орунду алган саясий партия да түзөт», — деп жазды депутат.
Төрөбаев Кыргызстанда парламенттик республиканын элементтери жок деп ойлойт. Ага ылайык, шайлоодо уткан партиянын лидери милдеттүү түрдө премьер-министрлик кызматка дайындалат.
Мисал катары Алмазбек Атамбаевдин 2010-жылы премьер-министрлик кызматка дайындалышын келтирди. Бирок Атамбаевдин КСДП партиясы парламенттик шайлоодо экинчи орунду гана алган. Ушундай эле дайындоо 2015-жылы өкмөт башчылык кызматка Жоомарт Оторбаев отурганда болгон. Бирок анын «Ата Мекен» партиясы шайлоодо бешинчи гана орунду ээлеген эле.
Авторлоштору: Анна Капушенко, Улугбек Акишев