Техпаспортторду басып чыгаруу тендерин «Гознак» компаниясы утуп алды

Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) техникалык каражаттарды каттоо жөнүндө күбөлүк жасоо боюнча тендердин жеңүүчүсү деп кыргыз «Гознак» компаниясын жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 64 млн сомдон ашуун акчаны түздү. Жаңы техпаспорттор 1-августтан тарта бериле баштайт.

МККнын маалыматына ылайык, жаңы бланктардын наркы буга чейин сатылып алынган техпаспорттордун баасына караганда төрт эсе арзан болот. Эми МКК техпаспортторду 192 сомго сатып алып турмакчы. Мурда болсо алардын баасы 10 евро болчу (790 сом).

Техпаспортторду сатып алууга тендерди аны жасоо үчүн бланктар тартыш болуп жатканы белгилүү болгондон кийин жарыялашкан.

Бийлик 2019-жылдын январь айында мыйзамдарды өзгөрткөн. Ага ылайык, бланктарды мамлекеттик менчик үлүшү бар болгон кыргыз компаниялары гана жасай алышат. Өкмөт документтерди жасай алчу үч компанияны аныктаган: «Учкун», «Гознак» жана «Типография».

МККнын тендерине болгону эки гана компания катышкан, бирок «Гознак» эң эле арзан бааны сунуштаган.

Күбөлүктөр үчүн тендер жана Сапар Исаковго каршы кылмыш иши

«Гознак» компаниясы туулгандыгы жана өлгөндүгү, никени каттоо, ажырашуу жана башка тууралуу күбөлүктөрдү басып чыгарат. МКК күбөлүктөрдү жасатуу боюнча тендерди 2017-жылдын аягында эки жолу өткөргөн.

Биринчисинде тендерге катышууга билдирмени «Гознак» компаниясы гана берген. Бирок бул фирма чыгашалуу жана бланктары талаптарга ылайык келбегендиктен четтетилген. Компаниянын чыгашалуулугун Эсеп палатасынын 2018-жылы өткөрүлгөн аудити да тастыктайт.

МКК дагы бир тендер жарыялап, ага үч компания катышкан. Бул компаниялардын ичинде «Гознак» да бар эле. Ал эң жогорку бааны сунуштаганына карабастан, тендердик комиссия дал ушул компаниянын билдирмесин жактырган.

Ушундан кийин Башкы прокуратура тендер учурундагы бузуулар фактысы боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Мамлекеттик сатып алууну өлкөнүн кызыкчылыгына каршы жүргүзүү» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон. Тергөө компанияны тандап алуу чечими экс-премьер-министр Сапар Исаковдун тапшырмасы менен кабыл алынганын билдирген.

«Гознак» компаниясы 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин түзүлгөн. Мамлекет ошол убакта «Континент Принтанын» курамына кирген «СК Финанс» фирмасынын акцияларынын 65 пайызын улутташтырган эле.

Мындан кийин бийлик менен компаниялардын ортосунда соттук териштирүү иштери жүрүп, фирма 2017-жылы гана азыркы аталышына ээ болгон.

Азыр бул компаниянын акцияларынын 65 пайызын Маммүлк фондусу башкарат. Калгандары үч физикалык жактын ортосунда бөлүштүрүлгөн: Олег Подобедов, анын аялы Наталья Давиденко жана Подобедовдун кайын атасы Геннадий Давиденко.