Сүрөт: Александра Титова

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө өздөрүн атчан взвод деп аташкан 12 адам ат минип келишти. Атчандар Атамбаев үчүн акырына чейин турушаарын убада кылышты.

Алардын айтымында, учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков экинчи Курманбек Бакиевге (2010-жылы апрелде революция учурунда кулатылган Кыргызстандын президенти) айланып бара жатат. Атчандар Жээнбековду президенттикке шайлап адашышканын билдиришти.

Андан тышкары, Атамбаевдин тарапкерлеринин штабында жалпы чогулуш болуп өтүп, ал жактан 27-июнда резиденцияга аймактардан адамдарды алып келишээрин жарыялашты.

Мурдаарак Атамбаевдин үзөңгүлөшү Фарид Ниязов экс-президенттин тарапкерлери резиденцияга аны колдоо жана бийликтин мыйзамсыздыгына нааразычылык билдирүү үчүн келишкенин кабарлаган.

Парламент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө чечимди 27-июнда кабыл алышы мүмкүн. Бул бийликке экс-президентти кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мунун бардыгы Атамбаевдин айланасындагы кырдаалдын оорлошуп кеткенинин шартында болууда. Башкы прокуратура менен парламент мурдагы президентке өлкөнүн башчысы болуп турганда кылмыш жасаган деген айыптарды таккан.

Парламенттин депутаттары Атамбаевди Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупцияга, жерлерди мыйзамсыз алууга жана 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна айыптап жатышат. Атамбаев кол тийбестик макамынан кол жууп калышы мүмкүн — бул маселени депутаттар чечиши керек.

Бул Атамбаевдин Жээнбеков менен араздашуусунун жыйынтыгы болуп калды. Саясатчылардын ортосундагы чыр-чатак 2018-жылдын мартында башталган. Ал учурда Атамбаев саясатка кайтып жатканын расмий жарыялап, мураскерин коррупцияга каршы натыйжасыз күрөшүп жатат деп сынга алган.