Отунбаева жана Атамбаев

Контекст: Экс-президент Роза Отунбаева парламенттин Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алуу чечими, ал уюштурган саясий куугунтуктоолор тууралуу жана адилетсиз сот системасы жөнүндө билдирүү таратты. «Клооп» анын билдирүүсүнөн эң маанилүү тезистерди тандап алды.

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Отунбаева менен Атамбаев үзөңгүлөштөр болушкан. Бирок Отунбаева 2016-жылы Атамбаев сунуштаган Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы чыккан. Андан кийин Атамбаев Отунбаева башында турган бардык Убактылуу өкмөттү катуу сынга алган. Ошондон кийин бул саясатчылар бир да жолу чогуу жалпы расмий иш-чараларга катышышкан эмес. Мындан тышкары Отунбаева оппозиционер Өмүрбек Текебаевди колдогон. Ал Атамбаевдин конституцияга түзөтүүлөрүн сынга алуу шартында кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Атамбаев парламентти ачык каралап жатат

Атамбаевден кол тийбестикти ажыратуу — бул 2016-жылы «Ата Мекен» оппозициялык фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев көтөрүп чыккан демилгесинин логикалык аяктоосу. Президенттин мыйзамсыз аракеттерин сынга алган саясатчылар максаттуу багытталган саясий куугунтукка алынышкан. Ошондуктан парламенттин Атамбаевге даректелген айыптоолору анын президенттик кызматтагы ишмердигинин логикалык таризи.

Бүгүнкү күндө Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраткан парламентти таарынган деп атап, өч алуу боюнча айыпташууда, бирок ЖКнын табиятында дайыма депутаттык саз болгон. Анда өз позициясы болбойт, бирок ал жакта тарыхый окуялардын жүрүшүнө таасир этүүчү чыныгы трибуналар бар.

Атамбаев азыр парламентти мамлекеттик ишмерге жатпаган сөздөр менен тилдеп, парламентти ачык каралоону жүргүзүп жатат. Ал кол тийбестиктен ажырай турганын түшүнгөн жана ЖКнын чечимин алдын ала жаман көрсөтүүгө аракет кылган. Ал муну атайын 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында атайын кылган.

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууга нааразы болуп жаткандар Атамбаев өзү депутаттык кол тийбестикти кандай этибарга албаганын эстеши керек. ЖКны таратуу тууралуу бардык талаптар мыйзам чыгаруучу бийликтин омурткасын сындыруу үчүн кылынган. Мунун баары парламенттин келбетине таасир этти — парламент өзү кыйшайыңкы жана коркогураак.

Депутаттар келип-кетээрин эстен чыгарбаш керек жана парламенттин мамлекеттик авторитетин сактап калуу маанилүү. Жогорку Кеңештин статусун дайыма кемсинте берүү менен парламенттик башкарууну куруу мүмкүн болбойт.

Жакында эле Атамбаев кылмыш иштер ушак-кептер менен кир фантазияларга негизделип түзүлөт деп ойлобогонун айткан. Анын атаандаштарына каршы иштер ушинтип токулган эмес беле? Эгер «билген эмесмин, айтышкан эмес, уккан эмесмин» дегендерине кулак салсак дагы, куугунтуктоолор тууралуу резонанстуу иштер кеңири жана майда-чүйдөсүнөн бери ЖМКларда чагылдырылып жаткан. Ал өзүнүн билбестиги жана күнөөсүздүгү менен кимди ишендиргиси келип жатат?

Атамбаевдин иши акыйкат иликтениши керек

Мен Атамбаев соттук-укуктук башаламандыктын бардык айлампасынан өтүшү керек дегендерди колдобойм. Акыйкат жана бейтарап иликтөөнү камсыз кылуу абдан маанилүү. Бирок соттордо жана тергөөдө ошол эле принциби жок адамдар иштейт да. Соттук-укуктук реформа жаңыдан эле ишке ашууда. Аны эң биринчи саясий куугунтуктоолорго тиешеси бар тергөөчү, прокурор жана судьяларды кылдаттык менен тазалоодон башташ керек.

Башкы прокуратура Атамбаевдин президенттиги учурундагы репрессиялары менен куугунтуктоолору боюнча азырынча далил таппаганы абдан өкүнүчтүү. Булардын баары жалпыга маалымдоо каражаттарында жана кылмыш иштеринин томдуктарында ачык-айкын көрүнүп турат. Бирок соттук чечимдерди кабыл алууда тандалма көз боёмочулук орун алган.

Соттук бийлик бутагынын көз карандысыздыгы коомдук таануудан улам камсыз кылынат. Жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча Иштерди кайра карап чыгуу институту — акыйкаттуулукту орнотуудун мыйзамдуу жолу. Ал элдин сотторго болгон ишенимин кайтаруу үчүн толугу менен иштеши керек.

Реалдуу соттук-укуктук реформа бийлик бутактарынын арасындагы тең салмактуулукту калыбына келтирип, алардын ынтымагын жана жоопберчиликке болгон биримдигин бекемдеп, экономиканын өнүгүү жолундагы тоскоолдуктарды жок кыла алат.

Атамбаевдин деструктивдүү аракеттери

Атамбаев коомчулук арасында каршылыктарды, келишпестикти жана радикализмди козгогон деструктивдүү түшүнүктөрдү жана тренддерди жайылтууну жакшы билет. Бул күндөр аралыгында ал мыйзамга каршы аракеттерди уюштуруу боюнча кароого мүмкүн болгон көптөгөн сөздөрдү айтты. Азыркы бийликти бакиевчил деп атап, ал бир гана максатты көздөөдө — аймактар аралык кастыкты козутуу, өлкөнү өзүбүздүкү жана бөтөн кылып бөлүү.

Аялдардан, аксакалдардан жана жаштардан өзүнө тирүү коргонуу жасап, өзүнө карата ыкчам тергөө аракеттерине курал менен каршылык көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип жатат. Ал муну оппозициялык ишмердүүлүк жана жеке эрдик катары сүрөттөп жатат, бирок иш жүзүндө ал өзүнүн саясий чабалдыгын жана адамдык алсыздыгын көрсөтүүдө.

Ушул эле тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор менен өзү куугунтукка алган атаандаштарына митинг өткөрбөй, өзүнүн актыгын сотто далилдөөгө өзү чакырып келген эмес беле? Саясий буйрук менен камакка алына турганын билип туруп, өзүнүн атынын актыгы үчүн күрөшүү үчүн Өмүрбек Текебаев Кыргызстанга келбеди беле?

Алмазбек Атамбаев ушул мисалды үлгү тутканда, аз да болсо коомчулуктун сыйына жана тилектештигине татымак. Ошондо коомчулук иликтөөнүн мыйзамдуулугуна жарандык көзөмөл уюштурмак.

Жасалма жол менен коомдо коркунучтуу абалды шыкактоого карабастан, Атамбаев элге жик салып, кырдаалды туруксуздандыра албайт деп ишенем. Мамлекет менен элдин кызыкчылыктары жеке амбициялар менен эмоциялардан жогору турушу керек. Бүгүнкү күндө эл туруктуулукту талап кылып жатат жана эч кандай тобокелдүү иштерди колдобойт.