Бишкектин Ботаникалык бакчасы суунун жетишсиздигинен улам куурап жатат — активисттер

Бишкектин Ботаникалык бакчасында иш алып барган «Инициатива Арча» экологиялык уюму өзүнүн фейсбуктагы баракчасында кургакчылыктын айынан бакча коркунучта турганын жазды.

«Суу жетишсиз, арык системасы болсо начар абалда. Анын өйдө жактагы бүткүл аянтына (Ахунбаев 1А/1) мамлекет бир эле жумушчуну бөлүп берген, анын аймакты тейлөөгө жөн гана физикалык жактан алы жетпейт», — деп жазган уюм.

Активисттер бакчаны суугарууга жардам кылуу максатында резервуарларда суу чогултуу ыкмасын иштеп чыгышкан. Алардын пикиринде, бийлик кургакчылыкка каршы күрөшүү боюнча пландарды иштеп чыгып, алардын үстүнөн иштей турган ведомстволорду аныкташы керек.

«Инициатива Арча» уюмунун айтымында, чоң эмес бюджетинен улам Ботаникалык бакчаны сактоо абдан оор.

Ботаникалык бакчанын директору Гүлайым Донбаева бакчада чын эле ирригациялык системага байланыштуу көйгөй бар экендигин жана бул көйгөй биринчи эле жыл болуп жатпагандыгын «Клоопко» ырастады.

«Ирригациялык системанын [кырдаалы] начар, бирок Ахунбаев көчөсүнөн суу келип, Горькийде [суунун берилишин] калыбына келтиришти. Суу бар, бирок ирригациялык система ремонтту жана каражат салым кылынышын талап кылат», — деди Донбаева.

Ал кошумчалагандай, бакчаны чын эле бир эле киши суугарат, ал эми жумушчу күч жетишсиз болуп жатат. Директордун айтымында, «Инициативы Арча» уюмунун активисттери бир тилкедеги резервуар курушуп, кургакчылык маселесин чечүүгө жардамдашууда.

Ботаникалык бакчанын жетекчилиги ирригациялык системанын ремонттоо боюнча долбоор даярдап, анда чыгымдарды эсептөө да каралган. Бирок бийлик буга каржылоо бөлүп бере элек. Бирок бакчанын директору долбоордун наркын атоодон баш тартты.

Ботаникалык бакчада 2017-2017-жылдары бир нече жолу өрт чыккан. Ошондо милиция бакчаны эч ким өрттөгөн эмес, өрт тамекинин ыргытылган калдыгынан улам чыккан деп билдирген.

Ошол учурда премьер-министрлик кызматта иштеп жаткан Сапар Исаков бир жыл ичинде Ботаникалык бакчаны калыбына келтирип, суугаруу, өрт жана санитардык коопсуздукту оңдоону убадалаган. Бирок Исаков коррупцияга шектелип камакка алынган, ал эми жаңы премьер-министр бакчага байланыштуу эч кандай билдирүү жасай элек.

Ботаникалык бакча 1938-жылы түзүлгөн. Анын аянты 160 гектарга чукул аймакты ээлейт. Бишкектеги Ботаникалык бакча Борбор Азиядагы эң ири бакчалардын бири болуп эсептелет.