Казыбек — Нарын облусундагы алыскы тоолуу айыл. Бул жакта коомдук транспорт дээрлик жок, бирок дал гана Казыбек Ат-Башы районундагы эң ири айылдардын бири болуп саналат. Айылдан Нарын шаарына жетүү үчүн түнкүсүн Бишкекке кеткен автобуска отуруш керек. Башка убактарда айылдан чыгыш үчүн такси жалдоого туура келет.
Казыбектин борборундагы отоо чөп менен капталган талаада эски бир кабаттуу совет имаратын көрүүгө болот. Имарат кейиштүү абалга кептелген. Пайдубалы жок, ылайдан тургузулган дубалдары тешилген жана жарака кеткен, чатыры тешилген шифер менен жабылган.
Имараттын кире беришинде совет мультфильмдеринин каармандары тартылган сүрөттүн баннери жана эски дөңгөлөктөн жасалган ак куу турат. Бул Казыбектеги жалгыз бала бакча. 16 жыл мурун аталган калктуу конушта ушундай да бала бакча болгон эмес.
Азыркы бала бакча жайгашкан имарат 1960-жылдары курулган. Мурда аны айылдык оорукананын амбулатордук бөлүмү катары колдонушчу. 1999-жылы бөлүм башка имаратка көчүрүлгөн. Төрт жылдан кийин оорукананын эски имаратында косметикалык оңдоо-иштерин өткөрүп, бала бакча ачышкан.
2013-жылдын сентябрь айында бала бакчанын имараты авариялык абалда деп табылган. Ошого карабастан балдар бакчага барууну улантууда, анткени коңшу айылдагы бала бакчага коомдук транспорт барбайт.
«Чатыры жараксыз — шифери сынган, жамгырда суу имараттын ичине өтүп, ылайдан салынган дубалдары күбүлүп барат. Жыл сайын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшкөнү менен эски имарат баары бир авариялык абалда турат», — дейт айыл тургундарынын бири Дүйшөнбек Абдыразаков. Ал жубайы менен 2003-жылы бала бакчанын ачылышынын демилгечиси болгон.
Бала бакчанын директору Гүлайым Молдокунованын айтымында, учурда бакчада 121 бала тарбияланууда жана 200дөй бала кезекте турат.
Жергиликтүү мугалим Нурия Жумабаева бала бакчага учурунда анын уулу барганын баяндады. Бирок небереси дагы деле кезек күтүүдө. Ал күн сайын башка 22 бала менен чогуу коңшу айылдагы бакчага барып келет.
«Күн сайын үч унаада балдарды кезектешип коңшу айылга жеткирип келебиз [...] Эгерде балдар убагында кайтып келишпесе, кыжаалат болуп чалып баштайм. Биздин айылдагы эле бала бакча заманбап жана чоң болгондо, неберемди коңшу айылга алып барып турмак эмесмин», — дейт ал.
Айылдын дагы бир тургуну Адилет Кожониязов ата-энелер балдарын бала бакчага кезектешип жеткирип турушканын айтып, кезек ага жеткенде жумушка кечигүүгө туура келип жатканын кошумчалады.
«Айрым ата-энелерде унаалары жок, ошон үчүн аларга такси жалдаганга туура келет. Аларды жөнөтүп алып кантип жетип алышты деп кабатырланабыз, анткени балдар арткы орундуктарда отурушат да, алар болсо али кичине. Балким терезени же эшикти ачып жиберишет деп кооптонобуз», — дейт ал.
Коңшу айылга барып келүү үчүн ата-энелер ай сайын 1000 сом коротушат. Айыл өкмөтүнүн айтымында, бул элеттеги орто маянанын дээрлик ⅛ бөлүгү. Ошону менен катар эле айылдыктардын 71 пайызы жумушсуз. Мындан улам кезекте турган башка балдар ата-энелери же туугандары менен калууга аргасыз.
Каржылоого жараша
2015-жылы администрациянын маморгандарга көптөгөн кайрылууларынан кийин бийлик айылдык бала бакча үчүн жаңы имараттын курулушун мамлекеттик планга киргизип, тендер жарыялаган. Тендерди жеңип алган компания ал имаратты 23 млн сомдон азыраак акчага куруп берүүгө макул болгон.
Бирок жаңы имарат так качан курулаары белгисиз. Бүгүнкү күндө 23 млн сомдун ичинен мамлекет үч млнго чукул акча гана бөлгөн.
Абдыразаковдун айтымында, курулушту аягына чыгаруу максатында 2015-жылдан баштап ар кайсы инстанцияларга 150дөн ашуун кат жолдогон. Мындан тышкары, ар кайсы убактарда аткаминерлер келип, курулушту жакынкы арада бүткөрүүнү убадалашкан. Жыйынтыгында, балдар үчүн толук кандуу имараттын ордуна азырынча фундамент куюп, трансформатор гана орнотушкан.
«Дайыма бирдей жооп беришет — каржылоого жараша», — деп кайгырат Абдыразаков.
Материал жактыбы? Сиз дагы бюджеттик мониторинг боюнча колдонмонун жардамы менен ушундай материал жаза аласыз. Андроид үчүн бул шилтеме аркылуу жүктөп алса болот.