Жээнбеков сот системасынын реформасын тездетүүнү тапшырды

Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Өлкө башчысы 2-июлда соттук-укуктук реформа боюнча аткаминерлер менен жолугушуу өткөрдү. Сооронбай Жээнбековдун айтымында, коррупциянын айынан бул чөйрөдөгү көптөгөн маселелер бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келүүдө.

«Укук колдонуучулар жаңы форматта иштөөгө өтүшпөй, ката кетирип коюудан коркушуп, жаңы өзгөртүүлөрдү колдонбой жатышат. Жооптуу адамдар ушул мезгилге чейин реформанын концепциясын түшүнбөй, кол астындагыларына убагында зарыл түшүндүрмөлөрдү бере алышпады», — деп айтты президент.

Ал кошумчалагандай, айрым укук коргоо органдарынын жетекчилери реформанын негизги багыттарын аягына чейин түшүнүшкөн эмес.

Жээнбеков коомдо соттук-укуктук реформаны жүргүзүү кагаз жүзүндө эле калып, ошол эле учурда коррупцияны түп тамырынан жок кылуу боюнча чыныгы аракеттер көрүлбөй жатат деген ойлор жаралып жатат деп айтты.

Президент билдиргендей, аткаминерлер буга чейин сот залдары интернет менен жабдылат, КЖБР толугу менен ишке киргизилет деп убадалашкан. Бирок санариптештирүү жана техникалык жабдууларды орнотуу боюнча иштер «аксап жатат».

«Сиздер отчёт берүү менен эле кутулуп кетем деп ойлобоңуздар. Бул реформа аягына чыкмайынча, анын натыйжаларын жарандарыбыз жон териси менен сезмейинче — силерге тынчтык бербейм. Бул реформа өлкөбүз үчүн өтө керек», — деди Жээнбеков.

Соттук реформа — бул Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтагы иштеринин негизги багыттарынын бири. Ал өлкө башчылык кызматына отургандан бир ай өткөн соң эле судьяларды кызматтарынан бошото баштаган.

«Реформа соттор, прокуратура жана башка күч органдары эч нерсе жашырбагандай кылат. Соттордун жана укук коргоо органдардын ишмердигине видеобайкоо жүргүзүү артыкчылыктуу болуп саналат. Соттук реформанын кечигүүсү башка чөйрөлөрдөгү өзгөрүүлөргө тоскоолдук жаратып жатат», — деп айткан ал 2019-жылдын апрелинде парламенттин алдында сүйлөп жатып.