ӨКМдин кызматкерлери Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат башчысынын денесин табышты

Молдакун Абдылдаев. Сүрөт: «Турмуш»

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы маалымдагандай, 2-июлда Жумгал районун Арал айылынан алыс эмес жердеги Көкөмерен дарыясында 59 жаштагы эркек кишинин денеси табылган. Ал буга чейин дайынсыз жоголуп кеткен Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев болуп чыкты — тууганы анын денесин тааныды.

Куткаруучулар Абдылдаевдин айдоочусунун денесин да табышты. Дарыяга түшүп кеткен машинада Абдылдаевдин уулу, аялы жана небереси бар болчу деген маалыматтан улам издөө иштери дагы деле уланууда.

Кырсыкка күбө болгондор «Турмуш» басылмасына айтып беришкендей, айдоочу унааны башкара албай тоого сүзүлүп, андан кийин машина дарыяга кулап кеткен.

«Шар суу унааны агызганда эле ичинен үч киши чыккан экен. Бир кызыл футболкачан жигит жанталашып чыгайын дептир. Бирок шар сууга туруштук бере албай, агып кетиптир. Андан кийин да унаадан кишилер чыккан, машина дагы үч-төрт жолу көрүнүп, ошол бойдон көрүнбөй калыптыр. Ага удаа суунун үстүнө азык-түлүк жана башка буюмдар калкып чыккан экен», — деп билдиришти алар.

30-июнда Абдылдаевдин кызы Индира билдиргендей, атасы менен апасы, алардын небереси жана байкеси болуп Суусамыр өрөөнүн көздөй чыгып кетишип, бирок көп өтпөй байланышка чыкпай калышкан.