Милиция Ысык-Көлдө эки адамды өлтүрүп, бир адамды барымтага алган шектүүнү издөөдө

Иллюстративдик сүрөт. Автору: Улан Асаналиев / RFE / RL

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы маалымдагандай, Ысык-Көл облусунда 4-июль күнү эртең менен эки адам өлтүрүп, дагы бир аял барымтага алынган.

Окуя «Хан-Теңири» лагеринде болгон. Милиция күбөлөрдөн сурамжылоо өткөргөндөн кийин эки адамды күзөтчү өлтүргөнүн аныктаган. Күбөлөрдүн айтымына караганда, ал «Вепрь» үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен лагердин башчысынын орун басарын төшүнө атып, андан кийин бир жумушчунун ичине ок аткан.

«Ошондой эле, окуя болгон учурда ашканада тамактанып отурган Тасма айылынын 33 жаштагы тургуну шектүүнү кармоо аракетин көргөн учурда, анын колун бычак менен кесип жибергенде, ал качып кеткендиги белгилүү болгон», — деп айтылат ИИМдин катында.

Милициянын маалыматына ылайык, лагердин башчысынын орун басары жеринде каза тапкан. Ал эми ичине жаракат алган киши ооруканага жетпей көз жумган.

Кароолчу аялды барымтага алып окуя болгон жерден изин жашырган. Айрым ЖМКлар шектүү барымтага алган аялды коё бергенин жазышууда. Ысык-Көл облустук милициясынан бул тууралуу ишенимдүү айтууга болбостугун айтышты. Анткени лагер менен азырынча байланыш жок.

Милиция жана спецназ шектүүнү кармоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.