«Клооп» үчүн Татьяна Зеленскаянын иллюстрациясы

«Оо Аллахым! Сен менин кудайымсың! Cен мени жараттың! Мен сенин кулуңмун», — деп шыбыр үн менен Динора намаздан кийин дубасын окуду. Бир аздан кийин ордунан туруп, кылдаттык менен жайнамазды бүктөп, бир топ жыл мурда күйөөсү сатып берген эски сейфке салды койду. Өмүрлүк жары дүйнө салганына бир нече жыл болгон эле.

Динора коңшу бөлмөгө кирип, мешке бир-эки отун ыргытты — түшкү тамактанууга пирожкилерди даяр кылыш үчүн отту жакшылап жагыш керек. Анын бир нече мүнөт мурун калчылдап жаткан бырыш баскан колдору эми эптүүлүк менен камыр ийлеп баштады. Бул улгайып калган адамдар үчүн мүнөздүү белги — алар бир мүнөт мурун көз айнектерин кайсыл жакка коюп койгонун унутуп коюшу мүмкүн, бирок алардын колдору жаштыгында үйрөнүп алган шамдагай кыймыл-аракеттерди эч убакта унутпайт.

«Балдардын баарына тамак даярдаганды үйрөтүп койгом, бирок Амир лагманды жакшы жасачу, баарынан мыкты. Дайыма мен үчүн жасап берчү, белек берчү, — деп айтты Динора өзүнүн оңуп кеткен, бирок тыкан болгон кызгылт шымын көрсөтүп. Муну ага Амир белекке берген эле. — Азыр кенже балам кээде кафеге лагман жегени алып барат, өзүм лагман чоё албайм, колдорум мурдагыдай эмес».

Бөлмөнү майдын жыты каптай баштады. Кичинекей меш бөлмөнүн бурчунда турат. Ал плитанын да, жылыткычтын да ролун аткарат. Телевизордо балдарга арналган мультфильм болуп жатат — ачык түстөгү жүк ташуучу унаа достук жөнүндө ырдап, Диноранын эки кичинекей небересин жарым саатка алаксыта алды. Чоң энесинин айтымында, алардын кичүүсү Амир байкесине өзгөчө окшош, ошондой эле ачык мүнөз жана шайыр.

Амир — Диноранын тун баласы, ал дайыма оолукма мүнөзү менен айырмаланып турган. Ал урушчаак, кежир, бир орунда тура албаган, бирок ошол эле учурда камкор ага. Ата-эне өспүрүм баласын жоошутуу максатында медресеге окууга берет. Ошол убакта алар уулунун келечектеги жихадизм идеяларына кызыгып кетүүсү Амирдин Сириядагы аскердик кагылышууларда каза табышына себеп болоорун божомолдой да алышкан эмес.

«Бул жердегилер мындай нерселерди айтуудан коркушат, башкаларга зыян келтиремби деп кооптонушат. А мен эмнени жашырмак элем? Кудайдан гана корком. Мисалы, тууганымдын баласы да ал жактан каза тапкан, бирок алар дайыма уулун Орусияда иштеп жүрөт деп айтышат», — деп таң каларлык жай үнү менен айтып берип жатты Динора.

Амир көпчүлүк теңтуштарындай эле бир жылдай Орусияда жашаган. Ал ашпозчу болуп иштеп, мекендештери үчүн үй лагманын жасап берчү. Андан кийин Араванга кайтып, коңшулаш жайгашкан Кара-Суу районунда иштеп турган. Диноранын айтымында, Амир ошол жакта жүргөндө, тааныштары менен бирге экстремисттик идеялардын жайылтылышына туш болуп калган. Уулунун так эмне кылганы жөнүндө Динора эч нерсе айтып бере албай койду. Ошол окуялардан кийин Амир ТИЗОдо сегиз ай отуруп чыккан. Түрмөдөн чыкканда телефондорду оңдоп-сатуу менен алектенген. Көп өтпөй уурдалган гаджетти кайра сатуу аракети үчүн ал экинчи жолу кесилет.

Баласын эркиндикке чыгарыш үчүн ата-энеси чоң суммадагы пара берүүгө аргасыз болот. «Аны бошотушкандан кийин Амир ушунча көйгөй алып келип жаткандыгы үчүн уялып, ошонун айынан күнөөсүн жууш үчүн акча иштеп тапканы кетүүнү чечкен», — деп кайгыруу менен эстейт Динора. Амир энесине Орусияга кетээрин айтат. Аялы менен балдарын ата-энесине табыштаган, өзү болсо аларга телефон чалып университетте мугалим болуп иштеп жатканын айткан. Көп өтпөй Амирдин артынан жубайы менен балдары кеткен. Кайын атасы аларды коё бергиси келбей, жок дегенде ага улуу небересин калтырууну суранган. «Ошондо ал баарын түшүнө баштаган окшойт», — дейт Динора.

2014-жылдын аягында ата-энесине Амир эми аялы менен чогуу телефон чалып калган, алар баары жакшы деп айтышчу. Динора балдары үчүн сыймыктанып, кубанып жүрчү. Бирок жарым жылдан кийин келини өзү эле чалат. Чоочуган үнү, тыйылбай аккан көз жашы менен ал кайын энесине Амир менен Орусияда болушпаганын, күйөөсү эч качан университетте иштебегенин ачык айтып берет. Амирдин кайын атасы жөн жерден кооптонбоптур — Диноранын улуу баласы Сирияга кызмат өтөгөнү кетип, бир нече күн мурда киши колдуу болгон экен.

«Клооп» үчүн Татьяна Зеленскаянын иллюстрациясы

Кыргызстандыктарды азгыруу жол менен жалдап алуунун туу чокусу 2014-2015-жылдарга туура келет. Бул убакытта жалдангандардын болжол менен 70% өлкөнүн түштүгүнөн кетишкен. Амир да алардын катарына кирет. Мунун себептери көп. АКШнын Вашингтон шаарындагы Вилсон борборунда иштеген Борбор Азиядагы экстремизми боюнча эксперт Эдвард Лэмондун айтымында, Борбор Азиядан келген Орусиядагы эмгек мигранттары азгырма жалдоонун алдында өзгөчө алсыз болушат. Биринчиден, достордон, жакындардан обочолонгон жерде, тааныш эмес өлкөдө жашашат, мындайларды азгыруу оңой. Экинчиден, Орусиянын калкы тарабынан мигранттардын басмырланышы аларга «ыйык согушка» болгон муктаждык жогору болгонуна ишендирүүгө гана түрткү берет.

Көбүнчө көчүп кетүү демилгесин эркектер көтөрүшөт, алар «ыйык согушка» өздөрү менен кошо жубайлары менен балдарын да алып кетишет.

Амир курман болгондон кийин жубайы колундагы балдары менен тааныш эмес, кооптуу өлкөдө жалгыз калган. Көп өтпөй бул тууралуу кыздын үй-бүлөсү билген. Анын ата-энеси Динораны жана күйөөсүн сот менен коркуткан. Алардын ою боюнча, кызынын ал жакка кетип калышына Амирдин ата-энеси да күнөөлүү. Туугандарынын басымы астында Диноранын күйөөсү неберелери менен келинин алып келүү үчүн Сирияга кетүүнү чечет.

Арадан бир жарым ай өткөндөн кийин Диноранын телефонуна бирөө телефон чалат. Телефондун аркы жагындагы белгисиз үн ойго келбес нерсени айтат — «сенин күйөөңдү жана дагы 16 адамды Сириянын чек арасынан аткылап кетишти».

Бул күнү эртең менен үйдөн азык-түлүк алганы чыккан Динора, түшкүсүн сөөк коюуну уюштуруу үчүн кайтып келет. Тилекке каршы, күйөөсү менен уулунун сөөктөрү эмне болгонун, бирөө жарым аларды көмдүбү же жокпу, бул туурасында эч ким билбейт.

Окуянын ушул жерине келгенде Диноранын үнү селт этип, оор дем алуулар менен үзүлүп, көздөрү бир чекитти караган бойдон катып калды. Дайыма жигердүү жаңсаган колдору кыймылсыз боло түштү. «Жаныма батып кеттим», — деп көзүндөгү жашы, кырылдаган үнү менен шыбырады ал.

Акыркы фразадан ИИМдин кызматкери да жайынан жылбай катып калды. Ага менин Аравандагы ишимди көзөмөлдөөнү тапшырышкан. Бул жерде Кыргызстандын калкынын 2 пайызы гана жашаганына карабастан, абал чыңалуу. Лэмондун айтымында, Аравандан Сирияга кыргыз боевиктеринин 30 пайызга чукулу кеткен. Бул көрсөткүч өлкөнүн башка жерлерине караганда абдан жогору.

Эксперттер муну башка нерселерди эске албаганда, калктын жыш жайгашканы, өтө маанилүү ресурстардын жетишсиздиги жана 2010-жылдагы этникалык жаңжалдын Араванга өзгөчө таасир эткени менен түшүндүрүшүүдө. Ушунун айынан жергиликтүүлөр муктаждыктарынын жетишпестигин сезишет. «Көптөгөн тургундар милиция менен бийликтин жергиликтүү органдары тарабынан акыйкатсыз мамилени сезишет. Бул таарынычтар кээ бир адамдарды Сирия менен Иракка жаңы жашоо курганга кетүүгө аргасыз кылды», — деп эсептейт Эдвард Лэмон.

ИИМ туугандары Жакынкы Чыгышка кеткен үй-бүлөлөр тууралуу маалыматты кылдаттык менен жашырат — күч органдарынын жогорку жактагылардын макулдугу менен гана көптөгөн суроолорго жооп алса болот. Алар маалыматты коомчулукка ченеп беришет: кургак статистика жана ашыкча эч нерсе айтпаган «текшерилген» адамдардын интервьюсу. Дал ушул себептерден улам, туугандары 2015-жылдан кийин Сирияга кеткен адамдар менен сүйлөшүү абдан оор. ИИМ азырынча алардын контакттарын бербейт.

«Клооп» үчүн Татьяна Зеленскаянын иллюстрациясы

«Негизинен эркектерди дайыма өлтүрүп кетишет. Ал эми алардын жубайларын башка бирөөгө турмушка беришет, аялдар болсо ал жакта кандай шартта төрөп жатышканы түшүнүксүз», — дейт ички иштер органдарынын кызматкерлеринин бири. Качкындар лагеринде кыргызстандык аялдар менен балдар да бар, бирок алардын так саны белгисиз. Ошондой эле алар Кыргызстанга качан кайтып келишээри же деги эле кайтып келишеби же жокпу белгисиз.

«Мен жөө деле жетип барып аны алып келмекмин», — дейт Ильшат үнүн акырын чыгарып. Анын кызы бир нече жыл мурун жолдошу менен Чүй облусунан Түркияга кеткен. Жарым жылдан кийин алар Амир сыяктуу эле Сириянын чек арасын кесип өтүшкөнү белгилүү болгон. Ильшат кызынын акыркы жолу WhatsApp аркылуу жиберген сүрөтүн көрсөтүп жатат. Ал кир жана эски кийимчен балдарын колуна алып кайсы бир казылган чуңкурчанын ичинде отурат.

Бир нече ай мурун анын күйө баласы минадан жарылып, анын колуктусу менен балдары кароосуз калган. Андан кийин үй-бүлөсү күрттөрдүн кошуунуна багынып, качкындар лагерине түшкөн. Ошондо алар апасына минтип жазган:

— Бизге эки күн убакыт беришти. Же биз күрттөргө колго түшүп беребиз же Аллахка барабыз.

— Сен эмне жинди белең? Эмне деп жатасың? Сен балдарың жөнүндө ойлон, кокус сен өлүп калсаң алар кыйыналышат да! — деп анын апасы Гүлнара нааразы болгон. Ал дагы бир жолу кызын колго түшүп бербе, үйгө кайтып кел деп жалынат. Үйдө аны күтүп жатышат. Аябай күтүп жатышат.

Анын ата-энеси бир нече жолу укук коргоо органдарына кайрылган, бирок алар азырынча эч нерсе кыла алышпайт — бул маселе жогорку деңгээлде чечилиши керек. Ал эми жогорку деңгээлде Сириядан кайтып келген кыргызстандыктар «анык коркунуч жаратат» деп айтышат. Тергөөчүлөр дайыма Ильшат кызы тууралуу суроолорду берип капа кылат. Бир жолу ушундай баарлашуудан кийин ал ичип алып, таң атканга чейин үйүнө барган эмес.

«Эгер мен билсем, кызымды эмне болсо да жибербейт болчумун. Мен баарынан да анын кайтып келишин, балдарынын мектепке барышын каалайм. Азыр алар сабатсыз да. Кайда жуунуп, кайда тамактанышат, кайда уктап жатышат?», — көзүнө жаш алуу менен суроо салат Гүлнур.

Дин таануучу жана экстремизм боюнча эксперт Икбалжан Мирсаитов Сириядагы аялдар менен балдарды эвакуациялоо өлкө үчүн «татаал маселе» экенин айтат. Анткени Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн айырмаланып, андай адамдарды кабыл алууга даяр эмес. Өлкөдө калыбына келтирүүчү борборлор да, карантин аймактары да жок.

Атайын кызматтардын маалыматтары боюнча, Сирияга 800дөн ашуун кыргызстандык кеткен (эксперттердин пикиринде аталган сан алда канча көп болушу мүмкүн). Болжолдуу эки жүзгө жакыны каза болгон деп эсептелинет. Көпчүлүгүнүн тагдырлары туурасында көп деле маалымат жок. Эгерде алар бир нече айда бир байланышка чыгышса, демек алар тирүү. Амирдин жубайы туурасында жарым жылдай эч нерсе белгисиз. Акыркы маалыматка ылайык, ал сириялык качкындар лагеринде болгон.

«Балдарыңар каза тапты деп ата-энелерине кабар берүү дайыма оор. Алар дайыма үмүттөнүп күтүшөт. Айрыкча кары-картаңдар менен жалгыз бойлор», — дейт Сирияга кеткендердин өздүк иштери боюнча кагаздарды ары-бери алып жатып ИИМдин кызматкери.

«Клооп» үчүн Татьяна Зеленскаянын иллюстрациясы

Түштөнүү убагы келди, демек кезектеги намаз убактысы да болду. Динора жайнамазын жайып, намаз окууну баштады. Неберелери тегерете айланып анын артынан туурап башташты. Алардын кыймыл аракеттери анчейин окшошпойт, бул Диноранын күлкүсүн келтирет.

Бийик, ак граниттен салынган имаратты көздөй аягы жок адамдар менен машиналар агылууда. Аравандын борбордук мечитине бүткүл шаар бара жаткандай сезилет. Ал өзүнө 3000 адамды батыра алат, бирок жума намазы үчүн бул орундар да жетишсиз болуп калат — эл жайнамаздарын мечиттин алдына, тепкичтерге, алыс эмес жерде жайгашкан чакан базардын соода катарларга да салып жатышат. Мечитке шашылган эркектер тепкичтерден секирип, чуркаганча дубаны айтып бара жатышат.

Эшикте эч ким көрүнбөйт, дүкөндөрүн эшиктери ачык, айланада унаалар токтоп турат, эч нерседен бейкапар ак кептер тандыр нандан түшкөн күкүмдөрдү жеп жатат. Мечиттин жанындагы кыймыл токтоп калган, бүткүл шаар токтоп турат. Бир гана сегиз жашар кыз кир кийимчен уктап жаткан баланы колуна кармап, жолдун боюнда отурат.

116 миң калкы бар Араванда жүздөн ашуун мечит бар. Жергиликтүүлөр динди бекем карманышат, бул исламды туура эмес чечмелеген үгүттөөчүлөргө түшүнүктөрүн жайылтууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, ар бир мусулман ыйык согушка сөзсүз катышышы керек. Эксперттер мындай үгүттөөчүлөр динди өз алдынча үйрөнүп, исламдагы радикалдык агымдар туурасында интернеттен маалымат издеп табышаарын айтышат.

Аравандыктардын арасында жума намазына баруу милдет катары эсептелет. Ошондуктан мечитке ар түрдүү адамдар келишет: агарган сакалдуу карыялар, кара көз айнекчен жана саркеч бут кийимчен жаш балдар, мектептеги сабагынан кийин келген окуучулар. Көпчүлүк аялдар Динора сымал үйлөрүндө намаз окушат.

«Балким мен уулумду медресеге эмес кадимки мектепке берсем, баары башкача болмок. Мен аны тарбиялоодо эрксиз болгонума өкүнөм. Аны жолдошумдун асылууларынан коргошум керек болчу. Мен анын жашоосун көзөмөлдөй алган жокмун, — деп айла түгөнгөндөй жоош үн менен Динора. Атасы менен уулу күн алыс чатакташып турушчу, балам ага каршы чыгып үйдөн качып кетчү, ата-энесинин акчасын урдап жүрдү — Аны менен кыйналдым».

Ал шкафтан кара классикалык костюмду алып чыгып, колу менен сыйпалап, жытын жыттады. Бул Амирдин майрамга кийчү костюму, ал кооз кийингенди жактырчу. Азыр бул костюмду Диноранын кичүү уулу кээде кийип коёт, бирок эне пиджактан дагы деле Амирдин жыты келээрин айтат.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2018-2019-жылдары Кыргызстандан Сирияга эч ким кеткен эмес. Бирок Сириядагы качкындар лагеринде канча кыргызстандык аял жана бала бар болгону белгисиз бойдон калууда. «Мамлекеттик органдар бардык жагынан жумуш алып барууда», — деп айтышат ал жактан. Ал эми органдардын жөнөкөй кызматкерлери өлкөдө адамдарды алып келиш үчүн коңшу Казакстандыкындай аскер учактары жок деп айтышат.

Күүгүм кирип, неберелери жанында жок маалда Динора кайрадан жайнамазын колуна алып, дагы башка ондогон апалардай бир тарапка гана алып баруучу билет менен «ыйык согушка» кеткен балдары, туугандары үчүн үчүн дуба окуй баштайт.

Репортаждын бардык каармандарынын ысымдары алардын коопсуздугу үчүн өзгөртүлүп берилди.

Редактору: Катя Мячина