Сүрөт: Азаттык

Оппозиционер Өмүрбек Текебаев абактан бир күнгө бошотулду. Саясатчыга күзөт менен кайын энеси Бүбүкан Турдуеванын коштошуу зыйнатына катышууга уруксат берилди. Ал бир күн мурда 77 жашында дүйнөдөн өткөн. Тажыя Чүй облусунун Таш-Дөбө айылында өтүүдө.

Текебаев абакта 2017-жылдын февралынан бери отурат жана бир нече жолу ооруканага жаткырылган. Анын иши 16-июлда кайра каралышы керек. Саясатчы орусиялык ишкерден миллион доллар пара алуу боюнча айыпталууда, бирок анын адвокаттарынын айтымында, аларда тагылган айыптар жалган экендиги тууралуу далилдер бар.