Алтынай (оңдон экинчи) лапароскопиялык операция учурунда ассистенттик кызматты аткарууда. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Аймактык ооруканадагы ординаторлук кызматта катары менен 30 сааттан иштеп, бирок ошол эле учурда жумушка болгон дилгирликти кантип сактап калууга болот?

Материал «Кыргыз Республикасында медициналык билим берүүдөгү реформалар» долбоорунун колдоосу менен даярдалды.

Алтынай көк бурагыч менен төрт жашар баланын санындагы чоң жараатты эптүүлүк менен карап жатат. Буту сынгандан кийин баланын сөөгүн кармап турган металл пластинаны алуу үчүн шуруптарды бурап чыгарыш керек. Пластинаны алгандан кийин хирург Ырыс Григорий Лепстин «Самый лучший день» ырын кыңылдап ырдап коюп, жараатты бир нече катмар кылып тигип бүттү. Эми жара айыккыча күтүү гана керектелет.

— Апасынын суранычы менен биротоло сүннөткө отургузабыз, — дейт Алтынай. Бул баланын бактысы бар экен — негизи сүннөткө отургузуу жалпы анестезия менен жасалбайт.

Алтынай Кошалиева — кичинекей шайыр кыз. Анын медицинага канчалык берилгенин түшүнүү үчүн ооруканада эмне кылып атканына бир аз эле көз салуу жетиштүү: операция жана врачтар менен сүйлөшүү учурунда анын көздөрүнөн ушунчалык кызыгып атканын байкоого болот. Ал райондук борбордо жайгашкан Кызыл-Адыр айылындагы Кара-Буура аймактык ооруканасында ординатурадан өтүп жатканына бир жыл болуп калды.

Алтынай сөөктөн пластинаны бурап чыгарып жатат. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Биринчи эле барганда Таластагы райондук оорукана борбордон баргандардын калыптанып калган көз караштарын жокко чыгарат. Оорукананын операциялык, жандандыруу жана төрөт бөлмөлөрү таза жана жарык. Үч кабаттан турган чоң имарат бир нече жыл мурун оңдоп-түзөөдөн өткөн. Оорукананын сыртында болсо чыйыр жолдор узун ийне жалбырактуу бактар менен жаңы отургучтардын жанына салынган. Бул көрүнүш оорукананын аймагын парк сыяктантат, ал түгүл футбол талаасы орун алгандай таасир калтырат.

Албетте, бардыгы эле кубанаарлык эмес: Кара-Бууранын ооруканасынын чатырынан суу тамчылайт (үчүнчү кабаттын шыбында тактар көрүнүп турат), ал эми айрым жерлерде тышынын жасалгасы күбүлүп калгандыктан кыштын өзү гана көрүнүп калган. Мунун айынан оорукананын имараты Таластын кышкы ызгаар суугунда жылуулукту жетишээрлик сактабайт. Бирок азырынча оңдоп-түзөөгө акча жок. Үндөрүн жаздыруу учурунда дарыгерлер менен оорукананы мактаган бейтаптар ал өчүлүргөндөн кийин палатадагы төшөнчүлөрдү, анын ичинде процедурныйлардагы катуу жана эски керебеттерди алмаштыруу керектигин айтышты.

Таластан бул жакка чейинки жол бир саатка чукул убакытты алат. Тургундардан айылдын Кызыл-Адыр деген расмий аталышын чанда гана угууга болот. Алар айылды адатынча эле Кировка деп аташканы менен, бирок бул советтик аталыш 25 жылдан ашуун убакыт мурун өзгөртүлгөн. Жакын жерде Киров суу сактагычы жайгашкан. Ошондуктан айылдын климаты бир караганда Ысык-Көлдүкүндөй туюлат — эгер күндүзү күн катуу эле ысыса, түнкүсүн дээрлик суук болуп, абада жакын жердеги суунун жыты сезилет.

Кара-Буура аймактык ооруканасы. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Өттү операция кылууда колдонулган презерватив

Алтынай кичинекей кезинен бери врач болуп, элге жардам бергиси келгенин айтат. Ал өзүнүн алгачкы операциясынан кийин бир жума бою жылмайып жүргөнүн эстейт. Алтынай бир жылдан кийин ординатураны бүтүрүп, үй-бүлөлүк дарыгер сертификатын алат.

— ЖОЖдогу студенттердин көпчүлүгү үй-бүлөлүк врач — бул врач эмес деп эсептешет, — дейт Алтынай. — Анткени үй-бүлөлүк дарыгерлердин маяналары эң эле аз, алар бааланбайт. Студенттер үй-бүлөлүк дарыгер — бул мыкты деп эсептешпейт. Иштин баары финансыда. Эгер сен үй-бүлөлүк дарыгер болуп иштесең аз киреше табасың, бирок жумуш оор: сен педиатрияны, терапияны, хирургияны жана гинекологияны да билишиң керек.

Бирок Алтынай үй-бүлөлүк дарыгердин жумушу Кыргызстан үчүн азыр актуалдуу деп эсептейт. Анткени бул кесипти тандаган студенттер аз. Ошол себептен жалпы практикалык врачтар жетишсиз болууда. 2017-жылы 2200дөн ашык ординатордун ичинен үй-бүлөлүк медицинаны 82си гана тандаган.

Алтынай ординатордук бөлүмдө рентген сүрөтүн карап жатат. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Алтынай Бишкектеги медициналык академияда алты жыл окугандан кийин өзүнүн кичи мекени Талас облусуна кайтып келген. Ал Кировкадан алыс эмес жерде туулуп, ошол жактагы мектепти аяктаган.

— Бул жердеги врачтар абдан жакшы, акылдуу жана сабаттуу. Төртүнчү жана бешинчи курстарда окуп жүргөн кезимде ушул жерде практика кылып, алардын иштегендерин көргөм. Бул жерден көп тажрыйба аласың, врачтар дайыма жетишсиз, ошондуктан көп нерсе үйрөтүшөт, — деп түшүндүрөт ординатор.

Кичинекей баланын бутунан пластинаны алгандан 20 мүнөт өткөн соң операциялык столго мык менен кагылган Исанын абалында жаңы бейтап түшөт. Алтынай бейтап аялдын өтүн алуу операциясы учурунда да ассистент болду. Хирургдар мындай операцияны лапароскоптун жардамы менен кылышат. Алар чоң кылып кесүүнүн ордуна бир нече майда тешик жасашып, алар аркылуу ич көңдөйүнө фонариги бар камера менен манипуляторлорду киргизишет.

Лапароскопиялык операция — дээрлик зергерлердин ишиндей. Доктурлар монитордон адамдын ичин көрүп турушат. Мониторго кенедей видеокамера туташылган болот. Электр тогунун дүрмөтү менен дээрлик миллиметр менен кесип отурушат. Бир сааттан ашуун убакыттан кийин бардыгы бүтөт. Тешиктердин бири аркылуу ичеги көңдөйүнө кадимки эле презерватив салынып, анын жардамы менен кесилип алынган өт тышка чыгарылат.

Түшкү тамакка сорпо менен флоттордукундай макарондон шам-шум этип алып, Алтынай кесиптештери менен бирге телефондон ютубдагы роликтерди көрүп, чай үстүндө убакыт кыскартып отурушат. Ал роликтерде лапароскопия менен аппендиксти кантип алуу керектиги көрсөтүлгөн. Жергиликтүү медиктер хирургиянын ушул түрүнө кызыгышып, аны менен сыймыктанышат. Алар Кара-Бууранын ооруканасында лапароскопиялык операцияларды 2012-жылдан бери жасап келишет.

«Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Арадан өн мүнөт өткөндөн кийин эле Алтынай палатадагы бейтаптардын процедуралары жана жарааттарын таңуу үчүн врачтарга жардам берүүгө жөнөйт. Керебетке курсагында медициналык пластырь менен балдардын жалаягы чапталган орто жаштагы эркек киши келип жатты. Ал ичеги көңдөйүнө чейинки ичиндеги тешикти жашырды.

Бул бейтап дарыгерлерге мурдатан бери эле тааныш. Ал үч ай мурун ооруканага панкреонекроз оорусу менен түшкөн. Бул уйку без ткандарынын өлүүсү менен кошо курч панкреатиттин ырбап кеткен формасына кирет. Доктурлар ал кишинин жолдуу экенин айтышат. Анткени жакында ал ооруканадан чыгарылат, болбосо көпчүлүк учурда мындай диагноз өлүмгө алып келет.

Андан аркы процедуралар интернеттеги капталы тешилген уйлар тартылган үрөйдү учуруучу сүрөттөрдү эске салат. Медайым доктурга физаралашмасы бар ондогон шприцтерди биринин артынан бирин берип, ал эми доктур аларды тешикке бүркүп жатты. Өлүп калган клеткаларды жууп-тазалоо менен суюктук кургатуу түтүгү аркылуу агып чыгат. Бардыгы бүткөндөн кийин тешикти майлап, ал жакка резина кол кабы салынат — мунун баары жараат өсүп кетпеши үчүн кылынат. Анын үстү кебез менен жабылып, үстүнөн жалаяк менен чапталат.

Панкреонекроз менен оорулуу бейтап үчүн процедуралар. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Алтынайдын түшүндүрүшүнчө, бул тешик канчалык коркунучтуу көрүнбөсүн, бейтап айыккандан кийин аны тигүүнүн кажети деле жок болуп калат. Себеби клеткалар өздөрү өсүп тешикти жабышат.

Жараттаңмага андан кийин эки жашар кызы менен аял кирди. Кыз кайнак сууга түшүп кетип, денесинин дээрлик жарымы күйүп кеткен экен. Алтынай жараатты тазалап, аны таңгычакты, кичинекей кыз апасы канчалык сооротууга аракет кылбасын, ооруга чыдабай кыйкырып жатты. Процедурадан кийин аял кызында рефлекс пайда болгонун айтат. Күндүн биринчи жарымында ал врачтарды көрөр замат чочулап турат. Анткени дарыгерлер кыздын денесин аргасыздан оорутууга мажбур болушат, бирок жаратты таңуудан кийин ал коркпой калат.

Практика же болбогон нерселерди жазуу

Алтынайдын айтымында, аймактык ооруканадагы ординатуранын башкы артыкчылыктарынын бири — бул операциялар учурунда, бейтаптар менен иштөөдө жана алар менен сүйлөшүүдө иш тажрыйбанын көп болушу. Аймактарда врачтар жетишсиз, атаандаштык да аз. Андыктан бул жерде доктурлардын колдору көбүрөөк бошобой, алар Бишкек менен Ошко салыштырмалуу тезирээк тажрыйба топтошот.

— Бишкекте дайыма атаандаштык күч — врачтар көп, ординаторлор да арбын, оорулуу адамды, бейтапты көрбөйсүң, алар менен сүйлөшпөй деле каласың, — деп түшүндүрөт ал. — Ординатурасын Бишкектен кылып жаткан группалаштарым көбүнесе теория менен жазмадан колдору бошобогонун айтышат. Тажрыйба абдан аз, дээрлик нөлгө барабар.

Аймактарда да бейтаптары көп врачтар, ординаторлор көпчүлүк убактыларын кагаз толтуруу менен өткөрүшөт. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Алтынайдын айткандарын изилдөөлөр да тастыктайт. Аймактык ооруканалар ординаторлордун даярдануусун камсыздай алышат. Бирок ординаторлордун көпчүлүгү Бишкек менен Ошто калып калышат. Бул эки шаарда ординаторлор абдан көп. Ошондуктан алар толук кандуу тажрыйба топтоп, жөндөмдөрүн өнүктүрө алышпайт.

Кыргызстанда 2017-жылы 2200дөн ашуун ординатор болсо, алардын жарымынан көбү Бишкекте болгон. Ошол эле учурда Улуттук госпиталдын базасында 354 адам окуган — бул сан мекеме чынында кабыл ала алган көрсөткүчтөн 3,5 эсе көп.

Башка шаардык ооруканалардын көпчүлүгүндө да абал ушундай болгон. Республикалык инфекциялык ооруканада жана Психологиялык ден соолук борборунда гана ординаторлор тескерисинче абдан тартыш болгон.

Аймактык үй-бүлөлүк медицина борборлору (ҮМБ) менен стационарларда 1000ден ашуун ординатор практика өтөй алат.

«Саламаттык сактоонун саясат жана анализ борбору» (СССАБ) коомдук фондунун берген баасынын негизинде

Хирург Ырыс баланын бутуна жасаган операциядан кийин аны сүйрөгүч арабага жаткырууда. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

2018-жылдан тарта Саламаттык сактоо министрлиги ординаторлорду даярдоо ыкмасын өзгөртүп, аларды аймактарга барууга кызыктырууну чечишкен. Ошол кезде министрликтин Адам ресурстары боюнча башкармалыгы (АРБ) кабарлагандай, аймактагы ооруканалар былтыркы окуу жылы 187 ординатордун кызмат акысын төлөп, 199уна турак жай берүүгө даяр болгон.

Бирок АРБнын башкы адиси Ирина Керимбаева бардыгы оңой-олтоң эместигин түшүндүрүүдө. Себеби бардык эле аймактык ооруканалар ординаторлорду окута албайт.

— Биринчи кезекте бул саламаттык сактоо уюму клиникалык база болуп бере алабы же жокпу, мына ушул нерсени эске алышыбыз керек. Ал жакта ординаторлор үчүн устат болуп бере ала турган адис врачтар жана материалдык-техникалык база [жакшы] жабдылган болушу керек, — деп түшүндүрөт ал.

Учурда өлкөдө жок дегенде клиникалык базалардын талаптарына жооп берген 188 оорукана жана Үй-бүлөлүк медициналык борборлору (ҮМБ) бар. Керимбаева бул базалар бардык эле адистиктер боюнча жаш дарыгерлерди даярдай албасын билдирди. Анын түшүндүрүшүнчө, көп багыттуу ооруканар негизи Бишкекте, Ошто жана облустук борборлордо жайгашкан.

Алтынай эки операциянын ортосундагы тыныгууда эс алып жатат. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Сүт ашканасынын ордуна жатакана

Кара-Бууранын ооруканасындагы 24 врачтын арасында жаштар деле бар. Ал тургай алардын ичинде бардыгы эле Кировдо туулгандар эмес, ысык-көлдүктөр, бишкектиктер да бар. Анткен менен ооруканада баары бир кадр жетишсиз. Райондук бейтапканага бери эле дегенде жети врач керек. Ал эми калгандары өз иштеринен тышкары, башка адистиктеги доктурлардын да функцияларын аткарып калышат. Мисалы, бул жерде реаниматолог-анестезиолог уролог да болуп иштейт. Башкы дарыгер адистиктерди айкалыштырып иштеген врачтарды «апгрейдделген» доктурлар деп атап коёт.

Бул кадрдык көйгөйдүн себептеринин бири — маянанын аздыгы. Врачтын ишинин акысынын баштапкы чегерими — беш миң сомго чукул акча, ал эми бардык үстөктөрү менен киреше көбүнече 10 миңден ашпайт. Бул Талас облусундагы орточо айлык акыдан да аз — ал 12800 сомдон бир аз жогору. Ал эми аймактагы жашоо минимуму врачтын баштапкы чегериминен болгону 600 сомго аз.

Таластык врачтар мамооруканаларда 10 миңден өйдө деле таба алышат. Бул үчүн көп жыл иштеп эмгек сиңирип, түнкү кезметке мүмкүн болушунча көп туруу керек.

Түнкү кезмет учурунда бейтаптардын бирин ооруканага пикаптын кузовуна салып алып келишкен. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Оорукананын тажрыйбалуу дарыгерлеринин биринин (ал ысымын атабоону өтүндү) айтымында, бир нече жыл иштеген жаш доктурлар азыркыга чейин ата-энелеринен акча сураганга аргасыз болушкандарын айтып даттанышат, ошол эле учурда жергиликтүү ветеринарлар медиктерден көп табышат.

Мындай жагдайда ординаторлорду бул жерден кучак жайып тосуп алышат жана маяна төлөшөт. Оорукананын соматикалык бөлүмүндө жападан жалгыз дарыгер иштейт, андыктан ал ординаторлордун жардамына абдан муктаж. Бирок, Кара-Бууранын ооруканасында Алтынайдан бөлөк бир эле ординатор бар. Ал Рахат. Ал дагы бир нече күндөн кийин ординатураны улантуу үчүн Бишкеке кетет. Ординатор Кировкада калуудан кубанычта болоорун, бирок ага үй-бүлөлүк шарттар мүмкүнчүлүк бербей жатканын айтат. Анткен менен бир жылдан бери ординатурада жүргөн Рахат гинекология аныкы эмес экенин түшүнгөн. Башында бул кесипти Рахат «кадырлуу болгондуктан» тандап алган экен. Эми жаш медик кардиолог болууну чечиптир.

Рахат (солдо) менен Алтынай (оңдо) стационардын бейтаптарын эртең мененки кыдыруу учурунда. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

— Доктурлар «Кудай жалгап, алар жергиликтүү жигиттерди сүйүп, калып калышса экен» деп тамашалат, — деп күлөт стационардын башкы дарыгери Улан Бийгелдиев . Байгелдиев бул ооруканда көпчүлүк кесиптештеринин катарында он жылдан бери иштеп келаткан 35 жаштагы эң жаш врач.

Бишкекте 10 жыл эмгектенип келген Бийгелдиев бир жарым жыл мурун өзү туулуп өскөн айылдын ооруканасын жетектеп калган. Бирок анын жашаган жери борбор калаада жана ар дем алыш күндөрү Бишкекке аялы менен кыздарына кетет.

— Аялым «Ал жакка эмнеге бардың?» деп таң кала берет, — дейт башкы дарыгер туулган жеринде көрүнөөрлүк из калтыргысы келгенин түшүндүрүп.

Анын иш бөлмөсүндө столдун үстүндөгү ноутбук менен терезелердеги жалюзилер гана эшикте 2019-жыл экенин кабарлап турат. Бөлмө советтик аткаминерлердин стилинде жыгачтан жана фанерадан жасалгаланган, столдор да кабинетте өткөн замандан калгандай. Директордун столунун үстүндө портрет илинип турат: бактыга жараша президенттин эмес, орто кылымда жашап өткөн дарыгер Ибн Синанын сүрөтү. Анын маңдайында «Вега-323» винилдик ойноткуч турат.

Улан Бийгелдиев (ортодо) медперсонал менен болгон эртең мененки план учурунда. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Бийгелдиев ооруканага жаңы адамдарды тартууга аракет кылып жатканын айтат: ал башка аймактардагы эки жаңы хирургду бул жакка келип иштөөгө ынандырып, алардын жатакана маселесин чечип берген. Учурда алар ата-энесинин эски үйүндө өзүнө кошуна болуп жашашат. Бийгелдиевдин эң эле тырышканы — ординаторлор операцияларга катышып, бейтаптар менен мүмкүн болушунча көбүрөөк түздөн-түз иштей алышы үчүн шарт түзүп берүү.

Оорукананын чатыры менен маңдай жагын оңдоо маселеси ордунан жылбай жатканы менен, башкы врач башка көйгөйлөрдү чечүүгө киришкен: короодо жаңы отургучтар пайда болгон, мындан тышкары аларды кооз шагыл, таштар менен жасалгалоону пландашууда.

Бирок Улан Бийгелдиевге жаш доктурлар үчүн жатакана маселесин чечип берүү башкы түйшүктөрдүн бири болуп кала берүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин Кировканын ооруканасынын өз жатаканасы болгон эмес. Ошондуктан врачтардын көпчүлүгү жана ординаторлор кай жерде орун болсо ошол жакта жайгашышат. Алтынай, мисалы, туугандарыныкында жашайт.

Башкы дарыгердин жаш медиктерге жатакана жагынан жардам берүү боюнча кайрылуусуна биринчилерден болуп жаштардын жергиликтүү бирикмеси үн каткан. Бирикменин мүчөлөрү ооруканага ашкана бурчун жана жаңы жатакана үчүн идиш-аяктарды белек кылышкан. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

2018-жылы турак-жай маселесин чечүүгө камынып, Талас облусун өнүктүрүү фонду менен жергиликтүү алтын кен компаниясынын акчасына оорукананын аймагында жайгашкан сүт ашканасынын имаратын оңдой баштаган. Азыр оңдоо иштери аяктап калды. Бийгелдиевдин планы боюнча, жаңы жатаканага 10го жакын жаш врачтар менен ординаторлор батса болот. Ошондой эле өзүнчө бөлмөдө дагы бир үй-бүлө жашай алат.

Оорукананын кызматкерлери өздөрүнүн жаш кесиптештерине кир жуугуч машина белек кылышкан — акча чыгара калып аны насыяга алышкан. Ал эми коңшу айыл өкмөттүн башчысы жергиликтүү өзүн-өзү башкармалыктын акчасына эмерек сатып берген.

Бийгелдиевдин айтымында, жаш медиктер жатаканага киргичекти саналуу жумалар гана калды. Бул жергиликтүү өз алдынча башкармалыктын акчасына буйрутма кылынган эмеректер алынып келингенден кийин ишке ашат.

Мурда бул жер сүт ашканасы болчу, эми болсо бул имаратта жаш врачтар менен ординаторлор жашашат. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Саламаттык сактоо министрлигинде эмгектенген Ирина Керимбаева да турак-жай маселеси — ординаторлорго гана эмес, жаш врачтарга да тийиштүү болгон олуттуу көйгөй экенин ырастап берди. Аны чечүү үчүн министрлик жергиликтүү өз алдынча башкармалык менен ооруканаларды тартууга аракет кылып жатат.

Ал Нарын облусунун Ат-Башы аймактык ооруканасын ийгиликтүү мисал катары келтирди: «Ал жакта бардык шарттары бар жатакана курулган. Мисалы: кеңсе буюмдары, wi-fi. Учурда ал жакта ординаторлор менен жаш врачтардан турган беш үй-бүлө жашайт. Жатакана “Медициналык билим берүүдөгү реформалар” долбоорунун жардамы менен курулган».

Бирок Керимбаева бул көрүнүш эрежедеги өзгөчөлүк экенин айтат. Негизинен мекеме ординаторлорду туулган аймактарына, ата-энелеринин же туугандарынын үйүлөрүндө жашай алгыдай кылып бөлүштүрүүгө аракет кылат.

Жүрөк формасындагы жара

Кара-Буурадагы оорукананын имаратында бир эмес эки медициналык мекеме жайгашкан: бири Алтынай ординатурасын өтөп, Бийгелдиев башкарып жаткан стационар болсо, экинчиси Үй-бүлөлүк медицина борбору. 17:00дө борбордун врачтарынын түнкү сменасы аяктап, ал жакта стационарлардын дарыгерлери бейтаптарга тез жардам көрсөтүп, кезектешип иштешет. Бүгүн Алтынай түнкүсүн кезекте турат, андыктан ал үйгө барбайт.

Бейтаптар жок учурда врачтар бири-бири менен смарфондо шашки ойноп, 80-90-жылдардын ырларын угуу менен убакыт өткөрүшөт. Бирок тынч учурда да эс алуу үчүн көп деле убакыт боло бербейт. Кезметчи хирург Ырыс менен бир нече партия ойногон соң Алтынай «Ласковый май» тобунун «Седая ночь» ырын коюп алып кагаз иштерин аткарганга киришет. Чоң кабылдама бөлмөсүндө эки столдон тышкары, бейтаптар үчүн керебет, маал-маалы менен тажрыйба алууга келген студенттер түшкөн медициналык тараза жана дары-дармектер салынган шкаф турат. Жашыл дубалдарда биринчи медициналык жардам көрсөтүү тууралуу нускама жазылган плакаттар илинүү.

Түнкү бейтаптарды күтүү учурунда смартфондон шашки ойноо. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Көп өтпөй Алтынай менен Ырыс бейтаптарды кечки текшерүүгө жөнөштү. Ооруканадагылардын кан басымдары менен тамырларын текшеришип, абалдарын карап көрүп, оорулууларга кандай препараттар керектигин медайымдарга айтышат. Бүгүн операциядан чыккан бала менен аялдан тышкары хирургиялык бөлүмдө өзүнчө палатада өз жанын кыюуга аракет кылган жана эпилепсия менен жабыркаган эркек киши жатат.

Врач үчүн адамдарды даарылоо эле эмес, аларды угуп, жардам көрсөтүүнү билүү да маанилүү. Балдар палатасында Алтынайдын карамагындагылардын бардыгы пневмониядан жабыркагандар. Алтынай дем алыдыруучу аппаратка кошулган баланы караганча анын колун кармап, көңүлүн көтөрүп турду.

Башка палатада өпкөсүнүн обструктивдүү оорусу менен жабыркаган 95 жаштагы аял жатат. Алтынай анын демин стетоскоп менен угуп көрүп, дагы бир нече мүнөт анын окуясын жылмаюу менен угуп турду. Чоң эне көптөгөн адамдар анын жашына ишенбегендиги тууралуу айтып берип, ондогон жылдардан бери тамтыгы чыгып кеткен 1940-жылдагы комсомолдук билетин көрсөттү. Ак-кара түстөгү сүрөттө — чачтары өрүлгөн өспүрүм кыз.

Врач үчүн адамдарды даарылоодон тышкары, аларды уга билүү да маанилүү. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Кечки саат 10го чукул бейтаптардын агымы күчөй баштайт. Ит тиштеп алган баланын сыйрыктарын Алтынай тазалап, кутурмага каршы керектүү беш эмдөөнүн биринчисин берүүдө. Бир нече убакыттан кийин ооруканага пикаптын кузовуна салынган кокуйлаган аялды алып келишти. Анын нерви катуу жабыркаган болчу. Ага тамчылатма дары куюлган соң бир нече сааттан кийин үйүнө кетти.

Ата-эне бактан кулап түшкөн сегиз жашар баланы алып келди. Колу сыйрылган, ал эми бутунда тереңдиги манжалардыкындай жараат. Медиктер ага жардам берүүгө даярданып жатканда керебеттеги бала бутунан чочулап, врачтарды ишенимсиз карап отурду.

— Жүрөк формасындагы жара. Кимдир бирөөгө сүйөөрүңдү билдирдиңби? — деп Алтынай күлүп, бейтапка ооруну жок кылуучу ийнени сайып, Ырыс менен бирге жараны тазалоого киришти. Бала бакырып, катуу каршылык көрсөтө баштагандыктан медайымдар аны кармап турууга аргасыз болушту. Бирок 15 мүнөттөн кийин эле ал тигилген жана таңылган буту менен аксап ооруканадан чыгып кетти.

«Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Жүрөк кемтиги оорусу менен келген улгайган аялды жана оор жөтөлгөн кызды (доктурлар анда өпкөнүн кептелме оорусу деп диагноз коюшкан) жандандыруу бөлүмүнө жөнөтүштү.

Түнкү саат экиге карата кабылдама бөлүмү тынчып калды. Эми ооруканага эч ким деле келбейт. Алтынай менен башка медиктер бардык керектүү кагаздарды толтуруп, ал түгүл бир аз уктап алса да болот. Бирок мындай дайыма эле боло бербейт. Доктурлар кээде түнкүсүн ооруканага ондогон бейтаптар түшөөрүн жана мындай учурларда уктоого убакыт таппай калышаарын айтышууда. Өзгөчө массалык уулануу жана чоң авто кырсыктарда оор болот. Өзгөчө кырдаалдар үчүн оорукананын алдында кызыл сызыктары бар боз УАЗ турат. Бул автоунаа кандай гана учур болбосун врачтын кийлигишүүсү керектелген учурларда ооруканага бейтаптарды алып келүү үчүн керек.

Врачтар үчүн күн болобу же түн болобу уктап алуу үчүн бир саат убакыт табуу баа жеткис. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Эртең мененки саат сегиздерде доктурлар кайрадан иште. Алар ҮМБнын башкы врачына түнкүсүн келген бейтаптар тууралуу айтып беришип, кайрадан стационарга жөнөштү. Алдыда толук иш күнү. Алтынай төрөт кабыл алмакчы. Канчанчы жолу бул ишти кылып жатканы эсинде да жок. Биринчи жолу колу калчылдаганынан ымыркайды түшүрүп алам деп коркуп, бирок баары бүткөндөн кийин ал «аябай кубанганын» айтат.

Алтынай Кировкада иштеп калабы же Бишкекке кетеби азырынча чече элек, бирок ал базалык айлык эмгек акынын өлчөмү беш миң сомду түзсө да үй-бүлөлүк дарыгер болоорун билет. 2018-жылы үй-бүлөлүк врачтар үчүн эмгек акыны төлөөнүн жаңы системасын киргизишкен. Эми алар өз иштеринин көрсөткүчтөрүнө жараша 11 миң сомго чейинки кошумча акча ала алышат (салыктарды кармап калуудан сырткары). Бирок врачтар иш жүзүндө мындай бонуска «жетүү» оңой эмес экенин айтышат.

Алтынай (ортодо) түнкү кезметинен кийин төрөт кабыл алып жатат. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Стационардагы врачтардын абалы жыргатаарлык эмес. Бийлик бул маселени азырынча талкуулап эле жатат. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинованын айтымында, стационарларда качан көбүрөөк акча алып башташаары жана эмгек акысы канчалык өсөөрү азырынча белгисиз.

Алтынай төрөт кабыл алып жаткан маалда башкы дарыгер Улан Бийгелдиев лабораториянын кызматкеринин өз эрки менен жумуштан кетүү боюнча арызына кол коюп жатты. Ал ветеринардык станцияга которулганы жатыптыр.

Анткени ветеринарларга караганда дарыгерлерге акы аз төлөнөт.

Редактору: Азиза Раимбердиева