Voxтун «China’s trillion dollar plan to dominate global trade» репортажынан алынган кадр

The New York Times басылмасы 6-июлда Кытайдын Борбор Азия өлкөлөрүнө карата өсүп келе жаткан таасири тууралуу макала чыгарган. Мисал катары кытайлык TBEA компаниясы ишке ашырган Бишкек ЖЭБин жаңыртууну пайдаланган.

Кытай элчилиги TBEAны кантип сүрмөлөгөн?

NYTimesтын макаласында Бишкек ЖЭБин Кытайдын TBEA жалданмачы компаниясы жаңырткандыгынын айланасына көңүл бурулган. Ал эми жаңыртууга акчалар Кыргызстанга берилген 386 млн долларлык кытайлык кредиттен жумшалган.

Реконструкция 2017-жылдын августунда аяктаган. Бирок жарым жылдан кийин ЖЭБде авария болуп, жыйынтыгында техникалык кемчиликтерге гана эмес, ЖЭБдин реконструкциясынын айланасындагы макулдашууларга да көңүл бурдурган.

Басылманын маалыматына ылайык, TBEA Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан сүрмөлөнгөн — кытайлык дипломаттар кыргыз бийлигине каттарды жөнөтүп турушкан: Тышкы иштер министрлигине жана Энергетика министрлигине.

«Алар (ред. — Кытай элчилиги) долбоор үчүн жалгыз аткаруучу катары кытайлык TBEA компаниясын көшөрүп сунушташкан. Ал долбоор жүздөгөн миллион доллар турган. Бул жөн эле сунуштоодон да чоң нерсе болгон. Кытай кредит алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштаган, ошол эле учурда алар сүрмөлөгөн компания тандалышы керектигин түшүндүрүшкөн», — деп жазган материалдын автору Эндрю Хиггинс.

Жаңыртуу долбооруна жалданма компанияны тандап алуу баскычында бир нече башка компаниялар да талапкер болушкан.

Алардын бири Орусиянын «Интер РАО» компаниясы жылуулук борборун өз эсебинен 518 млн долларга жаңыртып, анын ордуна үлүштүк ээлик кылууну сунуштаган. Үчүнчү компания — кытайлык China Machinery Engineering Corporation (CMEC) ЖЭБди азыраак акчага — 356 млн долларга жаңыртууну убадалаган.

«Бирок Кытай элчилиги [CMEC компаниясынын] сунушу четке кагылсын деп туруп алган. Эмне үчүн кытайлык дипломаттар [TBEAнын] тарабына өтүшкөнү так белгилүү эмес, бирок TBEA Шинжаңда жайгашкан — Кытайдын батыш провинциясында жана бул жердин экономикалык өсүшү Пекин үчүн артыкчылыктуу», — деп жазган Хиггинс материалда.

NYTimesтын маалыматына ылайык, кыргыз өкмөтүндөгү кеңешмелер учурунда эксперттердин бир бөлүгү «Интер РАО» компаниясын колдошкон, бирок жыйынтыгында көпчүлүгү TBEAны тандашкан.

TBEA компаниясын бардыгы эле колдошкон эмес

Бишкек ЖЭБинин экс-директору Нурлан Өмүркул уулу NYTimesка кытайлык компаниянын модернизация боюнча компитенттүүлүгүнө «өтө шек санаганын» айткан. Анткени TBEAнын бул жаатта тажрыйбасы болгон эмес.

Өмүркул уулу билдиргендей, жогорку мансаптуу аткаминерлердин «кодулоосунан улам» TBEA компаниясын жалданмачы катары кабыл алуу чечимин колдоп берүүгө аргасыз болгон.

«Алар (ред. — кыргыз аткаминерлерди) “макул бол”, “макул бол”, “макул бол” дешкен», — деп Хиггинс ЖЭБдин мурдагы жетекчисинин сөзүн келтирет.

Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгү. Сүрөт: «Тазабек» басылмасы

Парламенттин депутаты Исхак Масалиев NYTimesка билдиргендей, ЖЭБди жаңыртуу боюнча орусиялык «Интер РАО» компаниясында кытайлык TBEAны утууга «эч кандай мүмкүнчүлүгү жок болчу». «Бүт долбоор эң башынан тарта сасып турган. Эгерде [ЖЭБде] авария болбогондо, эч ким аны байкамак да эмес», — деп түшүндүргөн Масалиев.

Материалдын авторунун айтымында, Орусиянын таасири постсоветтик өлкөлөргө дагы деле тийип жатканы менен Кытай андан жолдорду куруу, электрөткөргүч зымдарды жана Борбор Азияда мунай иштетүүчү ишканаларды куруу боюнча эбак эле ашып кеткен.

«Борбор Азия — кытайлык “Бир алкак — бир жол” долбоорунун негизги бөлүгү. Бул Си Цзиньпиндин автордук саясаты. Ал бул саясатты 2013-жылы Казакстанга жасаган сапарында өтө чоң инфраструктуралык программа катары айтып өткөн. Кийинчерээк ал Кыргызстанга келип, “Кытайдын Эксимбанкы” Бишкектин эскирген ЖЭБин жаңыртууну каржылап бере ала турганын билдирген», — деп жазат басылма.

NYTimesтын маалыматы боюнча, Кыргызстанга «Эксимбанк» тарабынан берилген насыялар 2008-жылы 9 млн доллардан 1,7 млрд долларга чейин өсүп кеткен. Айрым эксперттердин берген баалары боюнча, Кытай каржылаган инфраструктуралык долбоорлордун жалпы баасы 2,2 млдр долларды түзүшү мүмкүн.

Хиггинс жазгандай, Бишкек ЖЭБин жаңыртуу — бул Кытайдагы эл аралык сооданы жеңилдетүүгө багытталган «Бир алкак — бир жол» программасынын алгачкы кадамдарынын бири.