Абсамат Масалиев проспектисиндеги №76 көп кабаттуу үйдүн көрүнүшү. Google mapsтен жасалган скриншот

Ош шаарындагы беш кабаттуу турак жайдын тургундары аларга караштуу жер тилкесин мэрия ишкерлерге мыйзамсыз ижарага берген деп эсептешет. Жерди жергиликтүү бийликтен кайтаруу үчүн жашоочулар сотко кайрылышты.

Абсамат Масалиев проспектисиндеги №76 үй калаанын Ак-Буура кичи районунда жайгашкан. Андагы беш кабаттуу үйдүн артында бир нече дүкөн, ашкана, сулуулук салону жана башка курулуш объектилери орун алган. Үй 1983-жылы курулуп, тургундарга берилген. Аталган объектилер бул аймакта 2000-жылдардан кийин пайда болгон.

Тургундардын бири Асылкан Акозиева дүкөндөр биринчи кабаттагы батирлерге күн тийгизбей жатканына нааразы. Жашоочу мындан улам үйлөр нымдашып, дат басып жатат дейт.

«Буга чейин аталган жер тилкеси бизге караштуу экендигин билген эмеспиз. Архивден документ алганыбызда билдик. Бул мэриянын күнөөсү да, болбосо ишкерлер жерди кантип ижарага алып иштетмек эле? Мэриядан жерди тургундарга кайтарып берүүнү талап кылабыз, же ижара акысын бизге төлөшсүн», — деп билдирди Акозиева.

Ал белгилегендей, көп кабаттуу турак жайдын чатыры жараксыз абалга келген. Аны жаңылоо үчүн тургундардын каражаты жетишсиз.

Үй башчы Ольга Евтушенко жашоочулар 2018-жылдын башында чогулуп жердин документтерин алууну чечишкенин айтышты. Ошол убактан бери Евтушенко тиешелүү органдарга кайрылып жерди мыйзамдаштыруунун үстүндө иш алып барууда.

Ал алгач эле шаардык архивге барып, турак жайдын курулушу туурасында Ош шаардык депутаттар кеңешинин чечимин алат. Жерди документтештирүү үчүн мамлекеттик каттоо кызматына кайрылганда, мекемеден жерге ээлик кылуучу үчүнчү тараптар бар экенин айтышат.

«Биздин жерибиз десек, муниципалдык жер деп документтештирүүгө макул болушкан жок. Турак жайдын долбоорун сурап архитектурага кайрылсак, бизде эч кандай документтер жок сотко кайрылгыла дешти. Сотко кайрылууга аргасыз болдук. Мэрия 5-6 ишкердин тарабын талашып жатат, ал эми 60 батирдин ээси болсо аларга өгөй болууда. Биз мыйзамдуулук орносо дейбиз», — деп түшүндүрдү ал.

Абсамат Масалиев проспектисиндеги №76 көп кабаттуу үйдүн артында жайгашкан дүкөндөр. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / kloop.kg

Дүкөндөрдүн биринин ээси Чынара Ыдырысова жерди пайдалануу боюнча 2007-жылы жергиликтүү бийлик менен 15 жылга келишим түзгөнүн айтат. Ыдырысова чыр-чатак чечилүүсү үчүн ижара акысын мэрияга эмес, тургундарга төлөөгө даяр.

«Үй башчысы биздин үстүбүздөн арыз жазган, биз да адвокат жалдаганбыз. Мен бул жерди башка адамдан 2007-жылы өткөрүп алгам, ошол убактан бери иштеп келем. Бизге токтом чыгарылган, баары мыйзамдуу. Ошондуктан дүкөндү иштетип келем», — деп билдирди соодагер.

Башка соодагерлер менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Дүкөн ээлеринин ордуна сатуучулар иштеп жатышкан экен. Алар аталган маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Тургундар 3 дүкөндүн үстүнөн сотко арызданышууда. Башка объектилер орун алган жерлер жеке менчикке өтүп кеткен дейт жашоочулардын юристи Айгүл Айтмамат кызы.

«Ош шаарынын мэриясы көп кабатуу үйдүн жер тилкесине токтом чыгарып башка үчүнчү жактарга берип салган. Кээ бир учурда жер жеке менчикке өтүп кеткен. Мэрия Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамдын “Муниципалдык менчиктеги объектилерди менчиктештирүү” беренесин бузуп жатат. Көп кабатуу үйдүн жер тилкесин мэрия жеке менчикке ижарага бере албайт», — деп билдирди ал.

«Жер мэрияга караштуу»

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын юристи Мирлан Бакы уулу «Клоопко» жерлер пайдаланууга 2000-жылдары аукцион аркылуу мыйзамдуу түрдө берилгенин айтты. Бирок ижарага берилген жерлердин жалпы аянтын так айта алган жок.

Бакы уулунун пикиринде, Жер кодексинин «Жерге менчик» беренесине ылайык жеке жана мамлекеттик менчиктеги жерлерден башка жерлер муниципалдык менчик болуп эсептелет.

«Бул жер 2000-жылдардан бери мэрия тарабынан ижарага берилип келе жатат. Биздин позициябыз жер мэрияга караштуу», — деп билдирди мэриянын юристи.

Ош облустук соттун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкуловдун айтымында, 2019-жылдын июнь айында Жогорку сот тарабынан мэриянын жер боюнча чыгарган токтомунун мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча чечим чыккан. Осмонкулов эми Ош райондор аралык соту токтомдун мазмуну боюнча ишти карай турганын айтты.

«Булар өз алдынча токтом чыгарып беришкен. Жашоочулар бул боюнча билбей жүргөн. Токтомдун мөөнөтү калыбына келтирилгенден кийин анын мазмуну каралат», — деп билдирди «Клоопко» Осмонкулов.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы