Бишкектин Биринчи май райондук соту Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупция тууралуу кылмыш ишин карап жатат. Прокурор Үмүт Конкубаева 9-июлда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен президенттин аппарат бөлүмүнүн экс-башчысы Мира Карыбаевага даректелген айыптарды айтты.

«Мурдагы аткаминерлер жеке кызыкчылыгы үчүн мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтиргени далилденди», — деп айтты Конкубаева.

Анын айтымында, 2014-2016-жылдары Сапар Исаков чоң кызматтарда иштеп, музейди реконструкциялоо процессине түздөн-түз катышкан. Айыптоочу тараптын айтуусу боюнча, Исаков «өз кызматык укуктарынан аша чаап, Мира Карыбаева менен мыйзамга каршы туруктуу байланыш түзгөн». Конкубаева Исаков мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы аракет кылган деп айтты.

«[Исаков] музейди тез убакытта оңдоо менен мамлекет башчысына (ред. — ал убакта Алмазбек Атамбаев) жагынып, кызматтан көтөрүлүүнү максат кылган», — деди ал.

Мындан тышкары, тергөө Сапар Исаков менен Мира Карыбаеваны музейдин жаңыртылуусуна катышкан Германиянын Reier компаниясынын кызыкчылыктарын сүрмөлөгөн деп айыптады.

Тергөө музейге коюлган бактын 59 сөңгөгүнөн жасалган инсталляция, ак полиграндан жасалган жылкылардын фигуралары жана кофе ичүүчү жайга коюлуучу кымбат жабдыктар сыяктуу курулуштар музейдин концепциясына дал келбейт деп тапты.

«Сапар Исаковдун, Мира Карыбаеванын жана музейди оңдоп-түзөөгө катышкан бир нече тиешелүү кызматтагы кишилердин мыйзамсыз аракетинен улам мамлекет 101,6 млн сом зыян тарткан», — деп айтты прокурор.

Исаков жана Карыбаева айыптоолор менен макул эмес

Мурдагы чоң мансаптуу эки аткаминер тең күнөөнү моюнга алышкан жок.

Исаков бардык айыптоолорду четке кагып, өз милдетин так аткарганын айтты. Ал «бул иштин аркасында президент [Сооронбай Жээнбеков] турат» деп билдирди.

«Мамлекеттик айыптоочунун сөзүндө “өкмөт башчы болуп туруп музей боюнча токтомдорго кол койгон” деп жатат. А мен кол койгонго укугум жок беле? А эмнеге Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп турганда ат майдан, музей боюнча бир катар токтомдорду чыгарганы жөнүндө сөз жок? Урматтуу сот, анткени бул иштин артында Сооронбай Жээнбеков турат», — деп айтты ал.

Ал эми Мира Карыбаева айыптоонун өзөгүн түшүнбөй жатканын билдирди.

«Коррупция – бул жогорку кызматкерлердин кандайдыр бир жеке кызыкчылыгы. Менин кандай кызыкчылыгым болгону жөнүндө сөз жок. Кылмыш ишинин баарын окуп чыктым. Негизгиси - жазылган айыптоонун тили жана тону түшүнүксүз», — деди ал.

Музейди реконструкциялоо

Бишкектеги Тарых музейи мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси боюнча 2016-жылы мартта реконструкцияга жабылган.

Реконструкция процессин Атамбаевдин тушунда президенттик администрациянын башчысынын орун басары болуп турган Сапар Исаков тескеп турган. Оңдоп-түзөө иштери 2016-жылдын 31-августуна карата бүтүрүлөт деп пландалганы менен бүгүнкү күнгө чейин жабык бойдон турат.

2018-жылы майда «Ата Мекен» оппозициячыл партиясы реконструкциядан өткөн музейге барып, имарат тендерсиз жана долбоордук-сметалык документтерисиз оңдоп түзөлгөнүн айтып чыккан.

Ошол учурда УКМК тарых музейинин реконструкциясына жумшалган каражаттарды дароо эле текшере баштаган.

Бул Исаков соттолуучу катары өтүп жаткан жалгыз иш эмес. Тергөө аны Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупцияга айыптап жатат. Исаков — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын үзөңгүлөшү. Бийлик ага каршы кылмыш иштерин Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында козгогон.