Жол кырсыкка учураган машиналар

Контекст: 7-июль күнү таңга маал Бактуу-Долоноту айылынан алыс эмес жерде жол кырсыгы катталып, төрт адам каза тапкан. Кырсык Lexus ES автоунаасы BMW X7 үлгүсүндөгү жол тандабас менен кагышкандыктан келип чыккан.

Кийинчерээк BMW автоунаасында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков бар болгону белгилүү болгон. Анын атасы — парламенттин депутаты Алиярбек Абжалиев. Абжалиев президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы болуп эсептелет.

Токобеков менен BMWнын дагы бир жүргүнчүсү Бишкектеги ооруканалардын бирине жатышат. Дарыгерлер алардын мээси чайкалгандыгын жана башка жарааттары бар болгондугун аныкташкан. Автоунаанын рулунда Токобеков отурганы же отурбаганы азырынча белгисиз. Алдын ала маалыматтар боюнча, машина Токобековго таандык.

Каза тапкандардын туугандары милиция жол кырсыкта күнөөлүүлөрдү жашырууга аракет кылып жатышканын айтып чыгышкан. «Клооп» бардык жактардын пикирлерин бир материалга топтоду.

Каза болгондордун туугандары эмне дешүүдө?

Майрам Жаныбаева каза тапкан жигиттердин биринин бир тууган таежеси машинадагы бардык жүргүнчүлөр дос болушканын «Азаттыкка» айтып берген. Жаныбаеванын айтымында, анын жээни ооруканага жеткирилгенде тирүү болчу.

«Ага жардам берүүгө жетишпей калдык. Ал 24тө эле болчу, жаңы эле окууну бүтүп өзүнүн магистрдик дипломун көргөнгө да үлгүрбөй калды. Ал бир үй-бүлөнүн жалгыз баласы болчу, бул чоң кайгы», — деди ал.

Жаныбаева «Спутник» басылмасына да интервью берген. Ал аварияга күбө болгондорго таянып, BMW X7 чоң ылдамдыкта жана кайгуул милициясынын кызматкерлеринин талабы боюнча токтобостон баратканын айтып берген.

«Ал [айдоочу] ат майдандын жанындагы бардан мас абалында чыккан дешүүдө. Айрым күбөлөр эки машина куушуп баратканын айтат. Биздин бала отурган унаа бурулуп жатканда BMW X7 катуу келип сүзүп, 70 метрдей аралыкка сүрүп кетиптир», — деп айтып берди ал.

Чыңгыз Тилеков жол кырсыктан агасынан айрылып калган. Анын айтымында, алар авариядан кийин автоунааны карап чыгууну чечишкен, бирок ал жактан видео каттагычты табышкан эмес.

«Агамдын унаасында видео каттагычы бар болчу. Барсак ал да, документтери да жок, капчыгы эле турат. Ооруканадан да, тергөөчүдөн да агамды сурасам айтпай жатышкан. [...] Ооруканада турсам, кымбат кийинген эки киши келип, "биз BMW унаасында кырсыктагандар жактанбыз" деп, Lexus күнөөлүү экен дегендей айтышты», — деп айтты ал.

Анын айтымында, видео каттагычтан тышкары, каза болгондордун телефондорундагы сим-карталар да жоголуп кеткен.

Депутаттын уулу BMW X7 унаасынын рулунда отурган эмес — экинчи тараптын пикири

Каныбек Жакшыбаев аттуу киши Темирлан Токобековдун тууганымын деп «Азатыкка» өзүн тааныштырган. Ал автоунаанын рулунда Токобеков эмес, Элдияр Халмурзаев деген бирөө отурганын айткан.

«МАИ кызматкерлери да, милиция да көрдү Темирлан ал жерде айдоочу эмес, жанындагы жүргүнчү катары келаткан. Мунун баарын саясатташтырып, көтөрө бергендин деле кажети жок болуш керек», — деди Жакшыбаев.

Анын айтымында, азыр алар каза болгондордун туугандары менен байланышып турушууда.

«Кырсык деген кырсык экен. Мындай болоорун эч ким күткөн эмес. Азыр күнөө кимде экенин айтуу кыйын. Каза болгон балдардын тажыясына жакындарыбыз барып, жаназасына катышып келди», — деди ал.

Бирок каза болгондордун туугандары муну четке кагууда.

«Бирөө чалып, “аманбы, эмне болду” деп сураган жок», — деп айтты каза тапкан жигиттин таежеси Майрам Жаныбаева.

Азырынча Ысык-Көл облусунун милициясынан төрт кишинин өмүрүн алган жол кырсыкка кайсы унаанын айдоочусу күнөөлүү болгондугу тууралуу комментарий бере элек.

«Авто техникалык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы боюнча кайсы эрежелер бузулгандыгы, айдоочулардын кимиси күнөөлүү экени жана башкалары аныкталат. Ага жараша юридикалык баа берилет», — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.