Токмокто үлпөт тоюндагы тамак-аштан массалык ууланууга сальмонеллез себеп болгон — Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу оорулардын алдын алуу департаменти 150дөн ашык адамдын тамак-ашка уулануусунун себебин ачыктады.

«Эпидемиялык анамнезди, “Мегаполис” ресторанындагы иш-чарасынан азык-түлүк продуктуларын жегенди, инкубациялык мезгилди, клиникалык белгилерди эске алуу менен [...] оорулуулардан алынган клиникалык материалдардын 48 пайызында Salmonella enteritidi аныкталган», — деп айтылат департаменттин катында.

Ресторан бардык бузуулар жоюлганга чейин жабылган.

Үлпөт тою болуп өткөн Токмок ресторанындагы тамактан массалык уулануу 29-июнда орун алган. Врачтарга 174 адам кайрылып, алардын 78и ооруканага жаткырылган.