Сүрөт: Sharon McCutcheon / Unsplash

«Пикир» рубрикасында жарыяланган материалдар автордун жеке пикирин чагылдырат. Бул колонканын авторлору — сексуалдык жана репродуктивдүү ден соолук боюнча консультант Айканыш Эралиева жана украиналык vpershe.com долбоорунун негиздөөчүсү.

Мастурбация кылуудан улам сокур болуп калса болот же алакандарда түк өсүп кетиши мүмкүн деген баяндарды уктуңуз беле? Чын-чынына келгенде бул сандырак сөз. Мастурбацияда эч кандай уяттуу же туура эмес нерсе жок, ал жат көрүнүш эмес, ал эми анын зыянына караганда пайдасы көп.

Мастурбациянын негизги пайдасы — ал бизге өз денебизди изилдеп, сексуалдык ырахатты кандай жол менен алгыбыз келгенин түшүнүүгө жардам берет. Изилдөөлөргө ылайык, мастурбация кылган адамдардын иммунитети андан кармангандарга салыштырмалуу жакшыраак болот, демек мастурбация ден соолукту чыңдайт.

Бишкектеги адамдар мастурбацияга кандай мамиле кылышаарын билүү үчүн биз жергиликтүү тургундардын 90го чукулунан сурамжылоо өткөрдүк. Аларга мастурбациялоого болгон мамилелери жана алгачкы жолу кандай кылышканы тууралуу суроо узаттык. Катышуучулардын курагы 17ден 58ге чейин болуп, алардын арасында цисгендердик эркектер менен аялдар, трансгендер жана квир адамдар да бар болду.

Сурамжылоодон өткөндөрдүн көбү мастурбацияны биринчи жолу өспүрүм курагында — 12-13 жашында кылышкан. Бирок кээ бир катышуучулар алгачкы мастурбация 3төн 5 жашка чейин болгонун айтышкан.

Бул чынында толук бойдон табигый нерсе. Көпчүлүгүбүздүн алгачкы мастурбациябыз жаш куракка туура келет — беш жашка чейин. Биз жөн гана бул аракеттин сексуалдык мүнөзүн түшүнбө бербейбиз же жөн гана муну унутуп коёбуз. Так гана бала чагыбызда биринчи жолу денебизди изилдеп баштайбыз, ага жыныс органдары да кирет. Ошондуктан, эгер сиз балаңызды бул иштин үстүнөн кармап калсаңыз, мында эч кандай уяттуу же ыпылас нерсе жок экенин эстен чыгарбаңыз.

«Ата-энем мен кандайдыр бир абдан жаман нерсе кылып жатканымды билип калабы деп абдан коркком»*

* ушул жана мындан ары респонденттердин мастурбация тажрыйбасы тууралуу цитаталары келтирилет.

Балдар үчүн жыныс мүчөлөрү буттардын манжалары же кулактар сыяктуу эле кызык болот, ошондуктан балаңызга өз денесинин бардык жерлерин таанып-билүүгө мүмкүнчүк түзүп бериңиз. Эгер сиз аны уяткарып же урушуп койсоңуз бул анын келечектеги сексуалдык жашоосу үчүн коркунуч жаратышы мүмкүн. Балада секс, ырахат жана жыныс мүчөсүнө байланыштуулардын баары ыпылас жана жийиркеничтүү деген таасир калып калышы мүмкүн. Бул секстин алдындагы коркунучка же оргазм албай калышына алып келиши ыктымал. Тескерисинче, балага мастурбациялоо бул нормалдуу эле көрүнүш экенин түшүндүрүп, бирок бул өз алдынча кыла турчу иш, андыктан жалгыз болгондо гана кылыш керектигин айтыш керек.

Алгачкы мастурбация сөзсүз түрдө эле бала кезде же өспүрүм куракта болушу шарт эмес — кээ бирөөлөр аны өзү үчүн жетилген куракта ачат жана бул нормалдуу эле көрүнүш. Билбей жүрө бергенге караганда кечирээк болсо да билип алган жакшы 😉

«Мен дээрлик оргазм алдым окшойт жана ушул сыяктуу сезимдерди баштан өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн таң болгом. Менден кандайдыр бир сонун нерсени өмүр бою жашырышкандай эле сезим болгон».

Мастурбация — бул оргазмга жетүүнүн, сексуалдык чыңалууну жок кылуунун жана ырахат алуунун ишенимдүү, жеткиликтүү жана оңой жолу.

Мастурбация кылып, мындан жыргаш үчүн атайын окуштун кереги жок, анткени бул эң эле жөнөкөй нерсе. Негизгиси — бул эч ким сиздин тынчыңызды ала албай турган ыңгайлуу жана коопсуз шартта болушу керек. Мастурбациялоодо сизге кандай темп жана стимуляциялоо түрү ылайык келээрин өзүңүз түшүнөсүз — негизгиси, өзүңүзгө ишениңиз.

Мындан тышкары, мастурбация кылуу үчүн өз колдоруңуздан бөлөк сизге эч нерсе керектелбейт. Сиз процессти өзүңүз башкарасыз, өзүңүз убакытты жана жерди тандайсыз. Кандай көрүнүп жатам деп кабатырланыштын кажети жок. Мисалы, денеңизде чач барбы же жокпу, башыңыз тазабы же жокпу же ич кийимиңиз коозбу же жокпу деп ойлонбойсуз.

Сүрөт: Unsplash

Бирок, мастурбациянын эң башкы артыкчылыгы — андан кокустан бойго бүтүп же кайсы бир инфекцияларды жуктуруп алуу мүмкүн эмес (эгер сиз гигиена эрежелерин сактасаңыз). Мисалы, эгер сиз жыныстык катнаштан карманып жүрсөңүз, мастурбация андан ары карманууга жардам берет. Ошондуктан, эгер сиз жыныстык катнашка барууну баштаганга даяр эмес болсоңуз, бул сексуалдык чыңалууну алуунун альтернативдүү ыкмасы.

«Мастурбация ырахаттанууга жардам берет, ал дайыма секс болуп турган жерде да бар да болушу мүмкүн, ал өз сексуалдык каалоолор менен фантазияларды түшүнүүгө жардам берет».

Мастурбацияны баары эле кыла алат. Мамиледе болуп, туруктуу секс бар болуп турса деле маал-маалы менен өзүн-өзү канааттандырып турууга болот. Мунун эч жаман жери жок жана бул көзгө чөп салуу эмес. Өнөктөш менен болгон секс жана мастурбация бири-бирин алмаштыра албайт. Тескерисинче, алар бири-бирин толукташат. Эки жактын тең макулдашуусу менен өнөктөш менен бирге мастурбациялоого болот. Бул силерге бири-бириңер жөнүндө көптү билүүгө жардам берет.

Өзүн-өзү канааттандыруу сексуалдык байланыштарды жайгарууга эч кандай тоскоолдук кылбайт. Тескерисинче, сексуалдык жашооону жакшыртууга жардам берет.

Мисалы, мастурбация кылган аялдар өзүнүн сексуалдык каалоолору тууралуу айдан ачык айтып бере алышат. Демек оргазмга жетүүгө да мүмкүнчүлүк көбүрөөк болот. Анткени мастурбация өзүңдүн денеңе кылдат мамиле кылууга көмөктөшөт. Мастурбациянын ар кандай түрлөрү аркылуу өзүңдүн эрогендик зоналарыңды ачууга жана сексуалдык каалоолоруңду билүүгө болот.

«Мен мастурбация тууралуу позитивдүү ойдомун. Тилекке каршы, көбүнчө аялдар арасында ага байланыштуу стереотиптер калыптанып калган. Эркектер мастурбация кылганын баары билет. А эгерде кыз же аял мастурбация кылса, анда ал дароо эле бети жок жалап деп ойлошот. Мен бул тууралуу эч кимге айткан эмесмин, жада калса жакын курбуларым менен да бул тууралуу сөз кылган эмеспиз. Секс тууралуу сүйлөшөбүз, өзүн-өзү ырахаттандыруу боюнча — жок»

Сурамжылоого катышкан көптөгөн аялдар биринчи мастурбациядан кийин уят иш кылгандай өздөрүн күнөөлүү сезип, жаман нерсе жасап жаткандай сезимде болушканын айтышкан. Кайсы бирөөлөрү бул туурасында ата-энеси билип калат деп коркушкан. Эркектер биринчи тажрыйбадан кийин өздөрүн азыраак начар сезишкен. Бул аялдардын мастурбациясы боюнча көптөгөн терс түшүнүктөр калыптанып калганы менен байланыштуу. Ал уяттуу жана табигый эмес деп саналат. Чынында бул болбогон нерсе, аялдар да эркектер сыяктуу эле мастурбация кылууга укуктуу. Бул үчүн көптөгөн ыкмалар бар. Келгиле бир нечесин талкуулайбыз.

Сүрөт: Unsplash

Мастурбацияны кол, суунун агымы жана секс оюнчуктар менен жасоого болот. Мында клитор, аялдын жыныс мүчөсү же алдыңкы дубалчасы стимуляция кылынат. Бирок бул ыкмалар көпчүлүккө белгилүү. А бирок раббинг жаңы бир ыкма катары эсептелиши мүмкүн. Маңызы боюнча жыныс мүчөлөрү кайсы бир бетке сүрүлөт. Муну жасап көрүш үчүн катуу бир нерсенин (отургучтун аяк жагы, токум, кармагыч) үстүнө отуруп, вульво жана клитор менен аны сүрмөлөө керек. Мындан тышкары, буларды өнөктөштүн колу же буту да алмаштыра алат.

«Мурда жыныстык эриндерди кысуу менен мастурбация кылчумун, азыр клиторду стимуляциялоо кошулду».

Эгерде сиз гимнастика, пилатес жана башка спорттун түрү менен машыксаңыз, анда миотоникалык же тарамыштык оргазмды сезип көрсөңүз болот. Ага Кегел көнүгүүсү сыяктуу санды, прессти жана жамбаш сөөктү чыңалыштыруу аркылуу жетсеңиз болот.

Миотоникалык оргазмды сезип көрүү үчүн сизди эч ким кабатыр кылбашы керек, сиз коопсуз жайда болушуңуз зарыл жана ыңгайлуу шарттар болушу маанилүү. Ажатканага катуу баргыңыз келип жаткандай жамбаш сөөктүн тарамыштарын чыңалтууга аракет кылыңыз. Андан кийин коё бериңиз. Буттарды кайчылаштырсаңыз сандын тарамыштарын чыңалтууга оңой болот. Кезек-кезеги менен жамбаш сөөктүн жана сандын тарамыштарын чыңалтып, кайра коё бериңиз. Ага удаа сезимиңизге байкоо салыңыз. Ыңгайлуу болушу үчүн буттарыңыздын ортосуна жастык коюп, аны менен кошо эле тарамыштарды ритмикалык чымыркантуу аркылуу клиторду кармаңыз. Эгерде сизге ыңгайсыздык жаралып же окшошпой жатса капаланбаңыз. Өзүңүзгө түшүнүү менен мамиле кылып, токтотуңуз. Бул көнүгүүгө өзүңүздү даяр деп эсептегенде кайтып келиңиз.

«Кылып жаткан аракеттеримден өзүмдү жагымсыз, түшүнүксүз жана ыңгайсыз сезгем. Бирок мунун мага керектигин жана мастурбацияда жаман эч нерсе жок экендигин түшүнүп тургам, ал эми бул сезимдердин баары патриархалдык системанын ички үнү болчу. Сезимдер түшүнүксүз болгон, анткени биринчи жолу кылып жатып оргазм албаганым үчүн токтоп калып, мындан ары кылбайм деп ойлогом. Бирок мен жаңылыптырмын».

Эркектер үчүн да мастурбацияны түрдүү кылуунун бир нече ыкмалары бар. Өз кыймылдардын ритми жана басымы, температура (кубик формасы же жылуу бир нерсе менен ойноо) эксперимент кылып, ага дагы эн менен калтанын стимуляциясын кошуп көрсө болот.

Дагы башкача кылып көрүү үчүн ар кандай материалдарды колдонсо болот. Мисалы, канаттын бир талы, жибек же аңтерилүү кездеме. Мындан тышкары, секс оюнчуктарды колдонуудан тартынбаңыз — силикондон жасалган мастурбаторлор же Тенга жумурткалары.

Сүрөт: Unsplash

Эгер жыныс мүчөсүн стимуляциялай берип тажасаңыз, анда дагы бир күчтүү эрогендик зона менен таанышууга убакыт келди — жалкы жыныс бези. Бел сууну иштеп чыгууга катышкан бул органда нерв учтары толтура, ошондуктан аны стимуляция кылуу жагымдуу болот. Ал эркектин табарсыгынын ичинде жайгашып, анустун өйдө жагында көтөн чучуктун ички дубалчысы тийип турат. Жалкы жыныс безин стимуляциялоодон гана оргазм алуу үчүн жакшыраак бошоңдоп, ойлорду чогултуш керек болот — бул практиканы талап кылат. Бирок, мастурбация же секс учурунда кошумча стимуляция катары жалкы жыныс безин массаж кылуу — бул бомба. Баса, көчүк менен ойноо гомосексуал эркектерге эле жагымдуу эмес жана жалкы жыныс безин массаждоо сизди гейге айлантпайт. Аны медициналык жактан да кылышат жана ал ар кандай оорулардын профилактикасы катары кызмат кыла алат, андыктан аны кылуу абдан пайдалуу.

Мастурбация бир гана жыныстык органдарды гана стимуляциялоо эмес, башка дагы эрогендик зоналар аркылуу жасалышы мүмкүн: моюн, упчу, анус, буттун таманы, сан, кол жана дененин башка бөлүктөрү.

Биринчи кезекте мастурбация — бул ырахат алуунун ыкмасы, сексуалдык чыңалуулукту жою жана өз каалоолоруңдун аныктоо. Ошондуктан өзүңүздүн денеңизди таанып-билүүдөн жана өзүңүзгө ырахат тартуулоодон, ошондой эле бул боюнча эксперимент жасоодон тартынбаңыз. Бул уят жана ыпылас эмес — мындан бир гана пайда жана ырахат аласыз 🙂

Сексуалдык эксперименттериңизге ийгилик!