Ширин Айтматова. «Бийлик сырлары» программасынан алынган скриншот / RFE / RL

Кыргыз парламентинин мурдагы депутаты Ширин Айтматова теле алып баруучу Бермет Букашевага интервью берди. Маек учурунда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы өзүнүн саясаттан кетүүсү, Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго каршы акция тууралуу жана башка суроолорго жооп берди. Матраимовдор Кыргызстандагы эң бай жана таасирлүү үй-бүлө деп эсептелинет. «Клооп» маектеги маанилүү учурлар боюнча кыскача баяндоо даярдады.

Матраимовго каршы антикоррупциялык акция тууралуу

Бул идея Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кетиши тууралуу иликтөө боюнча талкуу учурунда кокусунан пайда болгон. Финпол, финчалгын жана башка маморгандар текшерүү боюнча чын жыйынтык бериши үчүн коом аларга басым жасашы керек. Акция эл финполдон бир гана чын жыйынтык күтүп жатканын көрсөтөт.

Мен бизнести рейдерлик жол менен тартып алууну баштан өткөргөм, бирок азырынча бул тууралуу айткым келбейт. Бул бажы кызматынын ишмердигине байланыштуу экенин гана айта алам. Мен депутат болуп турганда парламент Райымбек Матраимовго өзгөчө деле көңүл бурган эмес.

Алардын түп-тамыры саясатка ушунча терең кирип кеткендиктен, азыр президент институтун Матраимов менен байланыштырышууда. Эгер ал өмүр бою маморганда иштеген болсо, мен ойлойм, биз баарыбыз Матроимовдо мынча акча кайдан пайда болду деген суроо салышыбыз керек.

Мага даректелген кемсинтүү сөздөргө жооп бербейм, алар менин убактыма тете эмес. Мени аял болгонум үчүн кордоп жатышканы — бул менин жеңишим. Ушундай долулук жана үрөйү учаарлык реакция болуп жатса, демек Райымбек Матраимов сүрөттөрдөн өзүн тааныса керек.

Атамбаев менен Жээнбеков тууралуу

Депутат болуп тургандагы дээрлик бардык убакытта президент Алмазбек Атамбаевге каршы оппозицияда болчумун. Мен аны менен сегиз же тогуз жылдан бери көрүшө элекмин. Бирок Матраимовго каршы чыгууга учурда Атамбаевди колдогондой түшүнүк берилип жатат. Мен Атамбаевге жамандык кылып же президент Сооронбай Жээнбековду сынга алгым келбейт. Бирок Жээнбековдон коомду тазалоону күткөм, баары күткөн. Элди мынчалык көп жинди катары көрбөш керек да.

Бир четинен, мага Атамбаевдин сүйлөгөнү жагат — анын тили абдан курч, саясатта андайлар калбай калган. Бирок ал мурун эки күндүн биринде бирөөнү тилдеп жатканда да оор эле болгон.

«Ата-Мекен» жана 2020-жылдагы парламенттик шайлоо тууралуу

«Ата-Мекен» депутат бол деп өзү мага сунуштаган. Мен туура партиянын катарында болгом деп ойлойм жана анын лидери Өмүрбек Текебаевден да үйрөнө алдым. Текебаев Дача СУдагы документтерди бөлүшкүсү келген, анын кармалышы бул документтерге байланышы бары-жогун билиш керек. Ошондо эле горизонтто Матраимов пайда болгон, бул Текебаевдин кармалышы менен байланыштуубу же жокпу ушуну түшүнүшүбүз керек.

Келе жаткан парламенттик шайлоого кабатырланам. Маалыматым боюнча, мен мурда айтып жаткан адамдар шайлоого катышуу үчүн бир нече партияларды даярдап жатышат. Парламенттин олигархизациясы токтолушун каалайт элем. Партиялар өз өзөгүн жоготуп коюшту, алар бизнес кызыкчылыктардын топторуна айланышты. Бул өлкөнү талкалайт.

Булар саясатка кийлигишүүгө тийиш болгон адамдар эмес. Ушунун айынан саясий дискурстун деңгээли жапа чегип жатат. Бул Ош базары эмес, бул Жогорку Кеңеш жана аны коргоого алыш керек.

Коомдун абалы тууралуу

Коом деградация болгон, болуп жатат жана деградация болуусун улантууда. Бул бийликте анчейин таза эмес адамдар отургандары үчүн болуп жатат деп ойлойм, алар коомду өз пайдасы үчүн колдонушат. Анан бул адамдар коомдун баарын бузуп, ушундай мамиле адаттагыдай эле көрүнүш болуп калат.


Биз өзүбүз бул ыпыласка бийликке келүүгө жана жайылууга мүмкүнчүлүк бердик. Оройлук, зомбулук жана агрессия жаңы норма болуп калган коомдо буларды жактырбаган адамдар үчүн орун бар-жогун билбейм.

Саясаттан кетүүсү тууралуу

Мен өзүмдүн парламенттеги кылган ишимдин жыйынтыгына канааттанган жокмун. Акыркы эки жыл бою Кыргызстандагы фармацевтикалык компаниялардын ишмердигин иликтедим. Саясий жаңжалдарга кирбөөгө аракет кылганым менен баары бир бул маселени аягына чыгара алган жокмун. Муну жалгыз жасоо мен үчүн кыйынга турду, анан мен балдарымды тарбиялоого кайтып келүүнү чечтим. Парламенттин кийинки чакырылышына талапкерлигимди койбойм.

Авторлошу: Рустам Халимов