«Клооп Медиа» Оштогу бюросуна редактор издейт

Учурда Ош шаарындагы бюробузда редактор үчүн бир жумуш оруну бар. Талаптар менен таанышып, вакансия сизге ылайык келсе, онлайн билдирмени толтуруп жөнөтүңүз.

Милдеттер:

• Кыргызстанда жана аймакта болуп жаткан окуяларга күн сайын көз салат;

• Материалдарды түрдүү форматта даярдап, мөөнөтүнө жана мазмунуна жоопкерчилик алат;

• Команда менен тема талкуулап, керектүү учурларда өзү материал жазып чыгарат;

• Кабарчы болуп иштеген, журналистика боюнча билимге жана тажрыйбага ээ болушу шарт;

• Кыргыз тилинде сабаттуу жаза билет. Орус жана англис тилдерин билген талапкерлерге артыкчылык берилет;

• 24/7 бою байланышта болот;

• Зарыл болгон учурларда жана шашылыш кырдаалдарда негизги жумуш убактысынан сырткары да материал даярдап чыгарат.

Талаптар:

• Ыкчамдуулук;

• Ынтызарлык;

• Демилгелүүлүк;

• Аналитикалык жана критикалык ой жүгүртүүгө ээ;

• Жаңы идеяларга ачык;

• Билимин жогорулатууга умтулган.

Айлык акы: маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталат.

Байланыш телефондору: +996558659465 (Megacom)

Билдирмелерди кабыл алуу мөөнөтү аяктады.