«Учкун» басмаканасы катасы бар 90 миңден ашуун аттестатты өз эсебинен алмаштырып берет

Нарын облусундагы Туз айылынын мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестаттарындагы ката

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева «Новые лица» гезитине берген интервьюсунда «Учкун» басмаканасы катасы бар аттестаттарды өз эсебинен алмаштырып берет деп билдирди.

«Биздин кызматкерлер МККнын кызматкерлери менен биргеликте алгачкы нусканын үстүндө иштеп өткөрүп беришкен, бардык кол тамгалар турат. Бардык тамгалар туура жазылганын лупа аркылуу көрсө да болот. “Учкунда” эмне болгонуна комментарий бере албайм. Алар аттестаттарды өз эсебинен алмаштырып берүүнү убадалашты», — деп айтты министр.

Депутат Дастан Бекешев өз твиттеринде аттестаттардын алгачкы нускасында ката болбогун билдирген.

«Учкун» басмаканасынан комментарий берүүдөн баш тартып коюшту.

Кудайбердиеванын айтымында, билим берүү министрлигинин тендер өткөрүүгө эч кандай тиешеси болгон эмес. Мамкаттоо кызматы жеңүүчүнү өзү аныктап, аттестаттарды бастырууга бюджетти бекиткен.

«Басмакананы аныктоо тендерин Билим берүү министрлиги эмес, МКК өткөрөт. Буга МККнын бюджетинде каражаттар каралган. Биздин министрликтен ага бир да тыйын каралган эмес. Конкурстун жыйынтыгы боюнча аныкталган басмакана так отчёттуулук менен тираждап, басып чыгарат», — деп кошумчалады Кудайбердиева.

Буга чейин мектеп бүтүрүүчүлөрүнө катасы бар болгон 95 миң аттестат тапшырылган. Баалардын табели аттестатсыз жараксыз деген жерде «жөнүндөгү» сөзү “ң” тамгасы менен жазылган — «жөнүҢдөгү». Бирок аттестаттарды бастырып чыгарган «Учкун» полиграфиясынан ката кетиришпегенин, бул шрифттин эффектиси экенин билдиришкен.

Ошондой эле Туз айылынын мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестаттарында «РЕДНЮЮ» сөзү ашыкча жазылып калган — «СРЕДНЮЮ РЕДНЮЮ».

Финпол аттестаттардагы каталардан улам «Коммерциялык уюмдарда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүүнү баштаган.

Бул Кыргызстандагы мектеп бүтүрүүчүлөрү каталары бар аттестаттарды алып жаткан биринчи учур эмес. 2017-жылы Билим берүү министрлиги басмадан кеткен ар кандай каталары бар 47 миң аттестатты алмаштырып берген. Ошондо «Тартип» басмаканасы ага кеткен каражатты өз эсебинен каржылаган.