Ошто токмоктоого шектелген тургун милиционерлер тарабынан кыйноого кабылганын айтууда

Ош шаарында ур-токмоктоого шектелип кармалган 24 жаштагы тургун укук коргоо органдары тарабынан кыйноого кабылганын айтууда. Шаардык милициядан ички иликтөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.

Кыйноолордун алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов Ош ШИИБси тарабынан ур-токмоктоого шектелип кармалган тургундун арызын шаардык прокуратурага өткөрүп бергенин «Клоопко» маалымдады. Өз арызында шектүү аны милициянын ыкчам аракеттенүү тобунун мүчөлөрү жана милиционерлер сабаганын айткан.

«Шектүүнүн кармалганы боюнча интернетке жарыяланган тасманы көрүп милицияга барганбыз. Ал буга чейин июнь айларында бейбаштыкка шектелип кармалганда да кыйноого кабылып, милиционерлердин үстүнөн УКМКга арыз жазган экен. Анын айтымында, азыр андан ушул үчүн өч алып жатышат», — деди борбордун жетекчиси.

Сулайманов кошумчалагандай, шектүүнүн денесин кароо учурунда көк-ала болгону аныкталган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов «Клоопко» шектүүнү кармоо учурунда ага карата кыйноолор жасалып-жасалбаганы боюнча ИИМдин ички иликтөө кызматы териштирип жатканын билдирди. Тавакалов териштирүү иштери качан аяктаарын так айта алган жок.

Видео: Bulbul.kg сайты

12-июлда социалык тармактарда Ош шаарынын Келечек базарынын жанында тартылган тасма жарыяланган. Анда камуфляж формачан үч-төрт адам Mercedes үлгүсүндөгү унаадан айдоочу менен жүргүнчүнү алып чыгып, тепкилеп жатканын көрүүгө болот.

Эртеси күнү Ош ШИИБнин басма сөз кызматы маалымат таратып, шаардын 25-жаштагы тургуну соода түйүндөрүнүн биринин күзөтчүсүн токмоктоого шектелип кармалганын жарыялаган.

Мындан тышкары, шектүү коргоо агенттигине таандык байланыш каражаттарын талкалап салганы айтылган. Ал кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен жакын мамиледе болуп, жанында курал болушу мүмкүн деген маалыматтын негизинде, аны атайын даярдыктагы отряддын кызматкерлери кармашкан деп жазылган.