Активист жана укук коргоочу Рита Карасартова өзүнүн фейсбук баракчасында Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу жарыялап, анда Шопоков шаарындагы мурдагы райондук оорукананын имаратынын айланасындагы кылмыш иш боюнча маалымат берүүнү өтүнгөн.

Карасартова vesti.kg басылмасына курган маегинде, учурда имараттын ичинде аялдар үчүн кризистик борбор болушу керектигин, бирок анын ордуна ал жакта жеке бала бакча иштеп жатканын билдирген. Анын айтымында, имаратты Кыргызстандын аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева менчиктештирип алган.

«Аялдардын укуктарын коргоочулардын бүт баары бул тууралуу үн катпай жатышат [...] Кылмыш ишин козгогон прокуратура ишти аягына чыгара албай жатат. Оор кырдаалдарга туш болуп калган аялдар абдан көп», — деп билдирди Карасартова.

Ал азыр бала бакча иштеп жаткан имаратты аялдарды коргоо уюмдарына кайтарып бериш керек деп кошумчалады.

«Эгер ар бир нерсени өз аты менен атабасак, анда көрсө Акбагышева толук бир оорукананы менчиктештирип алса болот экен да. Ал эми Карасартовага болсо аялдар балдарга арналган жатаканаларда жашап жатканын айтса болбойт тура. [...] Бул имаратты Акбагышевадан тартып алышсын да ал жакка коргоого муктаж болгон көп сандагы аялдарды киргизишсин», — деп айтты активист.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан «Клоопко» Карасартованын кайрылуусу боюнча комментарийди кийинчерээк берүүнү убадалашты.

Материал жарык көрөөр алдында Замира Акбагышева менен байланышка чыгууга мүмкүн болгон жок.

2017-жылдагы маалыматка ылайык, Кыргызстандагы качандыр бир никеде болгон ар бир төртүнчү аял физикалык зомбулуктун курмандыгы болгон. Дагы 18 пайызы жыныстык жана эмоционалдык зомбулукка туш болушкан.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2016-жылы кризистик борборлорго 6823 жабыр тарткан жаран жардам сурап кайрылган.

Мурдагы оорукананын имараты кантип бала бакча болуп калган?

2010-жылы америкалык «Манас» транзиттик жүк ташуу борбору оорукананын эски имаратын оңдоп-түзөөгө 748 миң доллар бөлүп берген. Ал учурда келишимдин түзүлүшүнө Замира Акбагышева көмөктөшкөн.

Имараттын ичинде зомбулуктан жабыр тарткан жана оор жашоого туш болгон аялдар үчүн кризистик борбор пайда болушу керек эле. Борбор өзүнө жалпысынан 55 адамды батыра алмак.

2015-жылы «Клооп» иликтөө жарыялап, анда Шопоков шаарынын мэриясы имаратты 2003-жылы Акбагышеванын коомдук фондуна 20,6 миң сомго берип салганын аныктаган. Шаардык администрациядан маалымдашкандай, келишим түзүү «басым алдында» өткөн.

«Манас» транзиттик жүк ташуу борборундагы анонимдүү булак журналисттерге айтып бергендей, Акбагышева эски документтерди көргөзүп, алдамчылык жол менен кризистик борборду түзүүгө жана оңдоого грант алган. Булактын айтымында, акчалар мамлекеттик менчикте болгон имаратка гана бөлүнүп берилмек.