Бишкек мэриясынын кызматкерлери Жээнбековдун портрети менен ойногондору үчүн жазаланышат

Социалдык тармактарда президент Сооронбай Жээнбековдун «чык эшикке» деген фразасына пародия жасашкан бир нече эркек кишинин видеосу тараган.

Ушундай сөздөр менен Жээнбеков 2017-жылы премьер-министрлик кызматта иштеп жаткан кезде Мамлекеттик курулуштун директорунун орун басары Алмазбек Абдыкадыровду отурумдан кууп чыккан.

Видеодо жигиттер бир нече жолу «чык эшикке» деген фразаны кайталашат, андан соң кадрда алардын бирөөсү колуна Сооронбай Жээнбековдун портретин кармап, экинчисин чаап жаткандай кылып тартылган сүрөт пайда болот.

шалунишки

Posted by Адель Карып on Monday, July 15, 2019

Видео социалдык тармактарга жарыялангандан кийин бул роликтин авторлору жана каармандары «Бишкек токтомолору жана унаа туруктары» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери экени белгилүү болгон.

Бишкек мэриясынын жетекчилиги аталган бөлүмдүн башчысы Улан Жолдошевге күнөөлүү кызматкерлерди жазалоону тапшырды. Алар кызматынан бошотулушу мүмкүн.

Кийинчерээк роликтин авторлору президент Сооронбай Жээнбековдон кечирим сурап видео жаздырышкан. «Түшкү тамактануу убагында болгон. Кесиптешим экөөбүз кабинетте отурганбыз, сүрөттүн жиби үзүлүп калгандыктан, байлап коёлу деп, анан ушундан чыгып кетти», — деп түшүндүрүшкөн алар.

Авторлошу: Айзирек Иманалиева