Тепловизор Ботаникалык бакчадагы объекттердин температураларын көрсөтүп жатат. Сүрөт: Бекжан Асылбеков / Kloop.kg

«Инициатива Арча» уюмунун экологдору менен экоактивисттери 16-июлда брусчатка, асфальт жана башка жерлер канчалык ысый тургандыгын ченеп көрүшкөн. Ченөөлөр Бишкектин Ботаникалык бакчаларынын биринде өткөрүлгөн.

«Абанын температурасы +31℃ болгон учурда [Ботаникалык бакчадагы] көлөкө жердин температурасы +24℃ түзөт. Эгер бул жерди сугарышса, температура кыйла төмөн болмок», — деп билдирген «Инициатива Арча» уюмунун активисти Дмитрий Переяславский.

Ал эми асфальттын температурасын ченегенде, ал +52℃ чейин ысыганын көрсөткөн.

Активисттер Ботаникалык бакчадага үндүн бийиктигин да эсептеп көрүшкөн. Нормага жараша ал жакта 60 децибелден ашпашы керек — бак-дарактар көп өскөн бакчада үндүн бийиктиги 40 децибелге чукул болгон.

«Орточо эсеп менен өсүмдүктөр үндүн бийиктигин 10-20 децибелге азайтат — кооптуу көрсөткүчтөн орточо эсепке чейин. Жумуштан кийин үйгө чарчап келгениңизге үндүк жүктөмдүн кесепети себеп», — деп түшүндүргөн эколог Дмитрий Ветошкин.

Үндүн бийиктигин өлчөөчү аспап Ботаникалык бакчадагы үндүн бийиктиги нормадан ашпай тургандыгын көрсөткөн. Сүрөт: Бекжан Асылбеков / Kloop.kg

Экоактивисттер Ботаникалык бакчанын алдындагы гүл бакчадагы температураны да ченеп көрүшкөн. Ал жерде көбүнчө көлөкөнү аз берген жаш көчөттөр отургузулган. Гүл бакчадагы брусчатканын температурасы +56℃ түзгөн.

«[Күн тийип турган] көк майсандын температурасы +37℃ түзөт. Айырма кандай чоң экенин көрдүңөрбү?! Ошондуктан, шаар үчүн көк майсан брусчаткага караганда кыйла жакшыраак [туура келет] [...] Көлөкөдөгү брусчатканын температурасы +43℃ жеткен», — деп түшүндүрдү Переяславский.

Гүл бакчадагы үндүн бийиктиги нормадан болжол менен 20 децибелге жогору болгон.

«Кыйылган бир чоң бактын ордун толтуруу үчүн 200дөн ашуун көчөт отургузуш керек»

Активисттер шаарды көбүрөөк жашылдандырууну, ирригациялык системаны калыбына келтирүүнү жана шаардагы бактардын кыйылышына компенсацияны көбөйтүүнү сунушташууда.

«Инициатива Арча» уюмунун директору Дмитрий Ветошкиндин айтымында, ар бир чоңойгон бактын кыйылышы үчүн шаарга орточо эсеп менен 6,5 миң сом компенсация төлөнөт.

«Кыргызстанда [компенсациянын] бактын түрүнө жараша гана алынат. Отургузулган бак-дарактардын кыйылышы үчүн баалардын көбөйтүлүшүнө үмүт кылабыз. [...] Тепловизор, үндүн бийиктигин өлчөөчү аспап, чаң сенсору менен изилдеп көрүп бак-дарактардын баалуулугун так сандар аркылуу тастыктаганга аракет кылып жатабыз», — деп айткан Ветошкин.

Анын ою боюнча, Бишкектеги бактардын көп кыйылышы компенсациялардын өлчөмү аз болгондугуна байланыштуу. Ал компенсациялар жаңы көчөттөрдү сатып алууга жумшалат, демек шаарды жашылдандырууга сарпталат. Ветошкиндин айтымында, бир көчөт орточо эсеп менен 9 миң сом турат.

«Инициатива Арча» уюмунун эсебине караганда, кыйылган бир чоң бактын ордун толтуруу үчүн 200дөн ашуун көчөт отургузуш керек.

«Эгер бактын пайдасы жана функциялары тууралуу сөз кылсак, алар нымдоо, чаң менен температураны төмөндөтүү болуп саналат. Бул көрсөткүчтөр бактын жалбырактуу бөлүгүнүн көлөмүн [эсептөө аркылуу] өлчөнөт. Чоңойгон бактын жалбырактуу бөлүгүнүн көлөмү 200 көчөттүн жалбырактуу бөлүгүнүн көлөмүнө барабар», — деп билдирген эколог.

Бишкектин бийлиги жолдорду кеңейтүү жана куруу үчүн шаардагы бак-дарактарды жыл сайын кыят. 2017-жылы 3 миңге чукул бак кыйылып, 10 миңден ашуун көчөт отургузулган.

Ошол эле жылы активисттер бактар жок жерлердеги объекттердин температураларын өлчөп көрүшкөн. Эксперимент көрсөткөндөй, күндө турган машинанын температурасы +57°C чейин жетсе, имараттар +47°C чейин ысыган.