Финпол майниң-ферма тууралуу иш боюнча маалымат таратууда кандай ката кетирип, кийин аны кантип оңдогон

Сүрөт: «Тазабек»

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (финпол) 17-июлда биткоиндерди өндүрүп жаткан майниң-ферма табылганын билдирген.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, криптовалютаны өндүрүү үчүн майниң-ферманын ээлери 8 миңден ашуун түзмөк колдонгон. Тергөө өзүнүн 17-июлдагы алгачкы пресс-релизинде маалымдагандай, ферма бир айда 6-7 мегаватт электр энергиясын коротуп турган.

Финполдун пресс-релизинин алгачкы тексти. Текстте 6-7 мегаватт деп көрсөтүлгөн.

Тергөөчүлөр компания электр энергиясын мындай көлөмдө колдонуу үчүн 13-14 млн сом төлөп бериши керек деп эсептешкен. Ал эми коротулган электр энергиянын көлөмүн «Бишкек шаарынын бир нече кичи райондорундай колдонушкан» деп салыштырышкан.

Бирок ал андай эмес

«Клооп» финполдун маалыматын текшерип чыгып, бир айда 6-7 мегаватт үчүн төлөмдүн суммасы кыйла аз болушу керектигин аныктаган — 13-14 млн сом эмес, 14,3 миң сом.

Бул маалыматтар финпол эсептөөдө ката кетиргени тууралуу же пресс-релиз түзүп жатканда шалакылык мамиле жасалганын кабарлайт.

Журналисттер финпол менен кайрадан байланышып, бир ай электр энергиясын колдонуу чын эле 6-7 мегаватты түздүбү деп суроо узаткан.

Каржы полициясынан ырастоо менен жооп беришип, өз версиясын карманышкан: «Бүт [майниң-ферма] айына 6-7 мегаватт энергия короткон. Бул сааттык коротуу эмес».

6-7 мегаватт — бул электр энергиясын коротуунун чоң саны, бирок аны «Бишкектин бир нече кичи районунун» электр энергиясын колдонушу менен салыштыра тургандай чоң эмес.

Мисал катары биз «Клооптун» бир кабарчысынын батиринин электр энергиясынын коротуу көрсөткүчтөрүн алдык — бир айда 230 киловатт/саат электр энергиясын колдонгон. Бул 6-7 мегаватты 30 батирге бөлүштүрсө болоорунан кабар берет, бирок бир нече кичи районго эмес.

Ката эмнеде болгон?

Маселе финполиция 6-7 мегаватт тууралуу айтып жатканда «миң» сөзүн жазбай кеткендиктен чыккан. Чыныгы сан 6-7 миң мегаватт болгон. Учурда мекеменин баштапкы маалыматы жаңыртылып, миң сөзү пресс-релизге кошулган. Финполдун басма сөз кызматынан муну «техникалык ката» деп аташты.

Финполдун оңдолгон пресс-релизи. Текстте «тысяч» (миң) деген сөз пайда болгон.

Ката оңдолгонуна карабастан көпчүлүк кыргыз басылмалары материалдарын финполдун жаңылышкан эсептөөлөрүнө таянып чыгарышкан.

А бирок финпол тараткан маалыматта мындан да маанилүү ката дале турат. Мегаваттарды электр тогун колдонуудагы өлчөө биримдиги катары колдонсо болбойт. Анткени алар электр жарыгынын кубаттуулугун билдирет.

«Мегаваттын» ордуна «мегаватт/саатты» колдонуш керек болчу.

Бул каржы полициясынын эсептөөлөр боюнча кетирген биринки жолку катасы эмес. Каржы полициясы Кыргызстандан чет өлкөгө чыгарылган акчалар боюнча 118 млн долларды эсепке албай жаңылышкан. Мекемеден кеткен катаны « Excelдеги көйгөй» деп билдиришкен.