Машыгуунун алдында Куштарбек менен башка жаш балдар «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтып, дене жибитүү көнүгүүлөрүн жасап жатышат — бул америкалык армия тууралуу кинонун фрагментиндей элес калтырат, бирок кыргызча ыргак менен.

12 жаштагы Куштарбек Бишкектен алыс эмес жайгашкан Ала-Тоо айылында жашайт. Ал үй-бүлөлүк дүкөндө иштеп ата-энесине жардам берет, салттуу кыргыз күрөш менен машыгат жана «Манас» айтканга кызыгат. Анын кыялы — келечекте улуу манасчы болуу.

Авторлору: Тилек Бейшеналы уулу, Бекжан Асылбеков, Марсел Нурболотов