Мэриянын аткаминерлери көтөргүчтүн алдында. Kloop.kg үчүн Тилек Бейшеналиевдин сүрөтү

Бишкектин вице-мэри Уланбек Азыгалиев филармониянын алдындагы жер өтмөктө бир нече мүнөттөн бери көтөргүчтү иштетүүгө аракет кылып жатат. 10 мүнөт мурун эле ал баары сонун иштейт деп ойлоп, шек санаган да эмес.

Айран-таң болуп, мэриянын техникалык адиси Каныбек Жакыповду чакырууну талап кылды. Беш мүнөттөн кийин адис келип, вице-мэрдин дооматтарын угуп туруп калды.

— Ушундай абалга туш келип калдым. Мен элге сөз берип койбодум беле. Элестетсеңиз, мени кандай көрсөтүп жатканыңызды? Балким биз туура эмес баскылап жатабыз? — ачуусу келген Азыгалиев көтөргүчтүн бузулгандыгынын себебин табууга аракет кылып жатат.

Көрсө, көтөргүчтү иштетүү үчүн тепкичтин эки жагына ачкыч салып, белгилүү бир тартипте төрт баскычты басыш керек экен.

Вице-мэр күчүнүн барынча карманып араң турганда Жакыпов ачкычты издеп келүүгө аракет кылды. Бирок Азыгалиевге бул жаккан жок — ал көтөргүчтөр ачкычсыз эле иштеп кетишин каалап жаткан сыңары.

— Эч жакка кетүүнүн кереги жок. Сиз бул жерден көрсөтүңүз. Мына, мисалы, майып адам келип калды. Ал эмне “ачкычты алып келгиле” деп кыйкырышы керекпи? Ал тургай мен да билбейм, кимге барып сураш керектигин, — деп кыжырданды чиновник.

Акыры Жакыпов вице-мэрди көндүрдү. Эми аны ачкычты таап келүүгө аргасыздан коё бериш керек болуп калды.

Kloop.kg үчүн Тилек Бейшеналиевдин сүрөтү

Ачкыч табылгычакты Азыгалиев ЦУМ менен филармониядагы жер өтмөктөрдүн көтөргүчтөрүн ар башка жалданмачылар кылганын билдирип, алардын бул чөйрөдөгү тажрыйбасы көп эместигин айтып актанууга аракет кылып жатты. «Келечекте баары эске алынат!» — деп жыйынтыктады аткаминер кебелбеген түр менен.

Көтөргүчтөрдү Бишкек мэриясы 2017-жылдын декабрында эле орноткон жана бул ишке 6,7 млн сом сарптаган. Балким алар ошол убактан бери эки-үч жолу эле иштеген — ачылып жатканда жана мэриянын 17-июлда жарыялаган видеосунда. Көтөргүчтөр иштеп башташы үчүн тейлөөгө акча керектелет, бирок мэрияда каражат жок.

Ачкычты издөөдөн майнап чыккан жок — Жакыпов туталануу менен вице-мэрге кайрылып, жер өтмөктүн берки жагындагы экинчи көтөргүчтү иштетип көрүүнү сунуштады. «Балким ал жак иштейт», — деп үмүттөнүү менен айтты адис.

Азыгалиев көтөргүчтөрдүн иштешине көзү жетпей, «Уят болдук го, болбосо мен журналисттер менен талашкан элем», — деп мойнуна алды.

Жакыпов кайрадан экинчи көтөргүчтүн ачкычын издегичекти, Азыгалиев журналисттер менен калып, актануусун улантты. Анын божомолу боюнча, ЦУМдун жанындагы көтөргүчтөрдү иштетүү жеңилирээк, анткени жалданмачы өз убагында кыймылдаган же «ага ийгилик жылмайган».

— Бул [филармониянын алдындагы] система дагы жакшы, бирок ал эки ачкычтын жардамы менен иштеши керек, — деп вице-мэр айтты да, бул көтөргүчтөр ал мэрияда иштебей жүргөндө, мурдагы мэрдин убагында орнотулгандыгын кошумчалады.

— Ибраев! Ибраев! Албек Ибраев! — деп аткаминердин көтөргүчтөр менен болгон тирешине чет жактан көңүл коюп байкап турган жергиликтүү сатуучу мурдагы мэрдин атын туура эмес айтып, шыбырап жатат.

— Биз ал убакта иштеген эмеспиз. Мен дагы, азыр иштеп жаткан мэр дагы. Бул ошол бийлик учурунда болгон, — деп дагы жаңы себептерди табууга аракет кылып жатты Азыгалиев.

Бишкектин вице-мэри Уланбек Азыгалиев. Kloop.kg үчүн Тилек Бейшеналиевдин сүрөтү

Бул учурда көтөргүчкө бешик араба менен бир аял келип калды. Жакыпов үңүлө карап турган вице-мэрдин көз алдында абдыраган түр менен көтөргүчтү жандырууга аракеттенип жатат.

Кара жолтой көтөргүч кайра эле иштебей жатат.

Аял болгон күчүн жумшап, бешик арабасын тик пандустан көтөрүүгө аракет кылып жатат, бирок майнап жок. Ага жанынан өтүп бара жаткан киши жардамдашып, аял аман-эсен жер өтмөктөн чыгып кетти.

— Алар ушинтип эле чыгышат. Миллиондогон ушундай апалар бул жерде басып жүрүшөт. Биз өзүбүз бешик арабасы менен жүргөн аялдарга же майыптарга жардам беребиз. Булардан (көтөргүчтөрдөн) эч пайда жок, алар ушул эки жыл бою иштеген да эмес. Кооздук үчүн эле турушат. [...] Ушул эки жыл бою алар менен бир дагы адам колдонгон эмес. Биз бул жерде 12 саат отурабыз да, — дейт сатуучулардын бирөөсү.

Бир нече күн мурун активисттер ушул эле пандустан эксперимент өткөрүшкөн — майып арабада отурган каскадёр эч кимдин жардамы жок пандустан түшүшү керек эле. Биринчи аракеттен эле араба пандустан учуп, ал эми каскадёр жерге кулап баратып секирип кетүүгө үлгүрүп калган. Ал бул трюкту кайталоодон баш тарткан.

Бишкектин активисттери филармониянын жанындагы жер өтмөктүн пандустарын текшерип көрүштү

Бишкектин активисттери филармониянын жанындагы жер өтмөктүн пандустарын текшерип көрүштү. Эксперимент үчүн атайын профессионал спортчуну чакырышкан.

Posted by Kloop кыргызча on Tuesday, July 16, 2019

Жергиликтүү сатуучулар жер өтмөктөгү тамчылап жаткан чатырга жана жаман ремонтко даттангычакты Жакыпов чуркап келип калды — бул жолу ачкыч менен.

Көтөргүч дагы деле баш ийгиси жок.

Жагдай күлкүлүү боло баштады — жөн эле тургандар күлүмсүрөсөп башташса, кээ бирөөлөр такыр эле каткырып күлүштү.

— Бул аккумуляторбу? — деп сатуучулардын биринен сурады вице-мэр, бир нерсени көрсөтүп.

— Ооба, мүмкүн. Жакында эле бир саатка светти өчүрүп салышкан. Ал заряд менен иштейт. Аны заряддабаса иштебей калат, — деп жооп беришти ага.

Муну угуп калган техникалык адис Жакыпов ар бир платформада өз аккумулятору жана заряды бар деп божомолдоп, акыркы электр көтөргүчүн текшерип көрүүнү сунуштады.

Башка көтөргүчкө бир аз толкунданган электрик келип, ар кайсы жактарына ачкыч сала баштады.

Ура! Көтөргүч иштеп жатат!

Механизмдин иштей турганына биротоло ынаныш үчүн аны балдак менен өтүп бара жаткан аял менен тестирлешти.

Ал өзү эмне кылыш керектигин түшүнбөй жатканда Жакыпов келип, баскычтардын ирээттиги менен жардамдашты — бул учурда электр көтөргүчтөр ыңгайсыз жана пайдаланууда кыйын экени анык болду.

Өйдө көтөрүлүп бараткан электр көтөргүчтөн техникалык адис Жакыпов менен вице-мэр Азыгалиев жеңилдей түшүп, кубанып калышты — жок дегенде бирөө иштейт экен.

Уят болгон вице-мэр Жакыповду, эгер жакынкы күндөрү көтөргүчтөрдү пайдалануу тууралуу эки тилде жазылган маалымат табличкаларын илишпесе жана алардын иштешин 1-августка чейин жөнөкөйлөтүшпөсө ишти прокуратурага берем деп коркутту.

Маанайы түшүп калган Жакыпов өзүнүн телефон номерин берип, көтөргүчтөр боюнча бардык нааразылыктар менен ага кайрылышсын деп айтты.

Баары тарап кетишти.

Авторлошу: Айдай Эркебаева

Редактору: Элдияр Арыкбаев