Жергиликтүү тургундар жапайы кара куурай чаап жатышат. Сүрөт: “Турмуш”

Түп районунун бийлиги жапайы кара куурай өскөн 244,7 гектарды табышкан, бирок азырынча алардын ичинен алты гектарын гана орушкан . Жалпысынан эки тонна чөп жок кылынган.

Ысык-Көл облусунда жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу боюнча иш-чаралар жыл сайын өтөт. 2018-жылы маалымдашкандай, Караколдо милиция жапайы кара куурайдын 600 килограммын жок кылган.

2015-жылы Ысык-Көл облусунун үч районунун аймагында жапайы кара куурайдын 548 гектары табылып, анын 14 гектарынан арылышкан. Жок кылынган чөптөрдүн жалпы салмагы 39 тоннадан ашык болгон.