«Бир нече саат суусуз жана тамак-ашсыз». Кортеждер өтүп жатканда иштеген милиционерлердин ыктымал даттануулары текшерилет

20-июлда социалдык тармактарда болжолдуу Чүй облусунун Аламүдүн РИИБинин милиционерлеринен президент Сооронбай Жээнбековдун атына даректелген кайрылуу пайда болгон. Анда милиционерлер өкмөттүк кортеждер өтүп жаткан маалдагы жумуштун кыйын шарттарына даттанышкан.

Авторлор өз кайрылуусунда билдиришкендей, аларды «кортеждерди кайтарууга өз эсебинен барууну мажбурлап жатышат», андан кийин алар «талаада суу жана тамак-ашсыз беш-алты сааттап» турушат.

«Бизде өзүбүздүн тикелей милдеттерибизди толук аткарууга мүмкүнчүлүк жок. Биздин район чоң, өзүбүз барабыз, өзүбүздүн акчабызга көбүнчө такси менен барып жатабыз, а бул болсо белгиленген убакыттан төрт-беш саат эрте», — деп айтылат президентке жолдонгон жашыруун кайрылууда.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Клоопко» билдиргендей, Коопсуздук кеңеши кайрылууда айтылган маалыматты текшерүүнү буйруду.

«Белгиленген фактыларды текшерүү ИИМге сунушталды. Бизге белгилүү болгондой, [министрлик] кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат. Жыйынтыктарын күтөлү», — деди Стамалиева.

Чүй ОИИБнин басма сөз кызматынан «Клоопко» маалымдашкандай, социалдык тармактарда таркаган билдирүүдөн улам кызматтык иликтөө башталган.

«Азыркы убакта Чүй ОИИБинин жетекчилиги жарыяланган катты көзөмөлгө алынган [...] Милициянын кызматкерлери өлкөнүн биринчи адамдарын кыска убакыт кайтарышат, тагыраагы үч-төрт сааттан ашык эмес», — деп билдиришти ведомствонун басма сөз кызматынан.

Милиционерлер акыркы жолу 13-14-июнда Бишкекке ШКУ саммитине келген өлкө башчыларынын кортеждеринин коопсуздугун камсыздашкан. Шаардын тургундары жолдордун жабылышына жана саммиттин айынан жаралган башка ыңгайсыздыктарга катуу нааразы болушкан.