Бишкек мэриясы дрифт боюнча мелдеш өткөрүүгө тыюу салышы мүмкүн

Шаар бийлиги 22-июлда маалымдагандай, келечекте автоунаа мелдештерин өткөрүүгө тыюу салынышы мүмкүн.

«Иш-чаранын уюштуруучулары [мелдешти] өткөрүүгө уруксат алуу үчүн Свердлов райондук администрациясына кайрылышкан. Акимиат тарабынан фестивалдын катышуучулары менен коноктору тийиштүү коопсуздук чаралары менен камсыздалышы керек деген шарт менен уруксат берилген. Бирок талаптар сакталган эмес», — деп айтылат муниципалитеттин катында.

Мелдештин уюштуруучусу «Клоопко» ушундай иш-чаралардын өткөрүлүшүнө тыюу салынышы мүмкүн болушуна комментарий берүүдөн баш тартты.

21-июлда Бишкектин борборундагы Жеңиш аянтында мелдеш учурунда айдоочу машинасы менен көрүүчүлөрдү сүзүп кеткен. Окуя болгондон кийин мелдеш токтотулган, жалпы алты киши жабыркаган.

Милиция бул окуяны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган.