Тажикстандын Ворух анклавынын кире бериши. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу / Kloop.kg

Маалымат саат 11:10до жаңыртылды.

Кыргызстандын чек ара кызматынан билдиришкендей, Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары 22-июлда саат 17:20лар чамасында чатакташып, мергенчилик үчүн колдонулган мылтыктан ок атылды.

Мекемеден чыр-чатактан 5 кыргызстандык жарадар болгонун маалымдашты. «Азаттык» басылмасына Баткен облустук ооруканасынан сегиз тургун жеткирилгенин айтышкан.

«Жаңжал Ворухтун тургундарынын айылдын кире беришине желек орноткону себеп богон. Ак-Сайдын жашоочулары буга каршы чыгышып, ооз эки чырга алып келген. Жыйынтыгында тараптардын бири мергечилик үчүн колдонулган куралдан ок чыгарган», — деп билдиришти чек ара кызматынан.

«Турмуш» басылмасы Ак-Сайдын тургундарын чыр чыккан аймактан Баткен шаарына чыгарып кетип жатышканын маалымдады.

Исфара — Ворух жолу жабык турат. Жеринде Кыргызстандын чек ара кызматкерлери иш алып барышууда.

Тажикстандын «Озоди» басылмасы чыр-чатакта 52 жаштагы мугалим каза таап, беш киши октон жарадар болушканын жазып чыкты. Аталган маалыматты Ворух кеңешинин Тожикон айылынын башчысы Гафуржон Жураев билдирген.

«Кыргыз тараптан курал колдонулган. Мектеп мугалими Жалолидин Кароев каза тапты. Дагы беш жарадар болгондордун арасында Согди облусунун тергөө бөлүмүнүн башчысы Абдулрасул Шомирсаидов да бар», — деп келтирет «Озоди» Жураевдин айткандарын.

Жабыркагандар Ворухтагы ооруканага жеткирилген. Оорукананын башчысы Карим Хакимов жарадар болгондордун абалдарын «оор» деп баалаган, жеңил жараат алгандар үйлөрүнө коё берилген.

Тажикстандын версиясы боюнча, Ак-Сай айылынын тургундары «желектин орнотулушуна каршы чыгышып, өз билемдик менен жер казып “Ак-Сай” жазуусун жана өз мамлекетинин желегин» орнотушкан.

«Кыргызстандын жарандары бул ишти Тажикстандын аймагында жасагандыктан, буга Ворухтун жашоочулары каршы чыгышкан. Жыйынтыгында эки өлкөнүн тургундары арасында чыр чыккан», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арага чектеш аймактарындагы чыр 2019-жылдын мартында күчөгөн. Анда тажик тарап кыргыз бийлигинин Ак-Сай — Тамдык жолун куруп жатканына нааразы болгон. Жашоочулар ортосуна кагылышуу орун алган. Ар бир тарап жол курулган аймакты өзүнүкү деп эсептейт.

Ал учурда тажик бийлиги чырдын кесепетинен эки жараны каза тапканын жана 18 адам жарадар болгонун билдирген. Кыргыз тарап үч киши жарадар болгон деп маалымдаган.