Кыргызстандын Ак-Сай айылы. Сүрөт: Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы

Маалымат саат 16:30да жаңыртылды. 

Кыргызстандын чек ара кызматы 23-июлда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында саат 14:50дө абал «салыштырмалуу туруктуу» болгонун билдирди. Исфара — Ворух жолу ачыла элек.

«Чек ара кызматынын бөлүмдөрү кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн тартибине өткөрүлүп, Баткенге ведомствонун төрагасы Уларбек Шаршеев учуп кетти», — деп маалымдашты мекеменин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык чатактан улам 15 киши жарадар болуп, жабырлануучулардын 12не ок тийген.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан жаңжалда жарадар болгондордун арасында милиция кызматкерлери менен чек арачылар бар болгонун кошумчалашты.

Өкмөттүн Баткен облусундагы басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова жалпысынан Ак-Сай айылынан Баткен шаарына 315 эне-бала эвакуацияланганын билдирди.

«315 тургундун 260ы шаардагы №57 кесиптик лицейге жана медресенин имаратына жайгаштырылды. Калгандары туугандарынын үйлөрүнө кетишти», — деди Бедикулова.

Жаңжал чыккан аймакка Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Раззаков да учуп кетти. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголду.

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр

Кыргызстандын чек ара кызматынан билдиришкендей, Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары 22-июлда саат 17:20лар чамасында чатакташып, мергенчилик үчүн колдонулган мылтыктан ок атылган. Натыйжада Исфара — Ворух жолу жабылган.

«Жаңжал Ворухтун тургундарынын айылдын кире беришине желек орноткону себеп богон. Ак-Сайдын жашоочулары буга каршы чыгышып, ооз эки чырга алып келген. Жыйынтыгында тараптардын бири мергенчилик үчүн колдонулган куралдан ок чыгарган», — деп билдиришкен чек ара кызматынан.

Тажик тараптын версиясы боюнча, Ак-Сай айылынын тургундары «желектин орнотулушуна каршы чыгышып, өз билемдик менен жер казып “Ак-Сай” жазуусун жана өз мамлекетинин желегин» орнотушкан.

«Кыргызстандын жарандары бул ишти Тажикстандын аймагында жасагандыктан, буга Ворухтун жашоочулары каршы чыгышкан. Жыйынтыгында эки өлкөнүн тургундары арасында чыр чыккан», — деп айтылат маалыматта.

Тажикстандын «Озоди» басылмасы кыргыз тараптан чыгарылган октон 52 жаштагы мугалим каза таап, он киши жарадар болушканын жазып чыкты. Аталган маалыматты басылмага Тажикстандын ИИМи билдирген

Авторлошу: Элвира Султанмурат кызы