Кыргыз-тажик чек арасы. 23-июль, 2019-жыл. Сүрөт: Жеңиш Айдаров / RFE / RL

Кыргызстандын чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуп кеткенин маалымдады. Бул эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда болгон.

«[…] тажик тараптан Кыргызстандын жарандары тарабына эки ок атылган. Жыйынтыгында чек ара кызматынын аскер кызматкери жарадар болгон», — деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

Ошондой эле Тажикстандын чек арага чектеш райондорунун тургундары Исфара — Баткен жолун жабышканы да маалымдалды.

«[Тажикстандын жарандары] Исфара — Баткен жолун бир нече тараптан таштар менен тосушту. Жолду түшкө жакын жабышкан. Азырынча тыгын жок. Таштарды качан алышат белгисиз. Исфара — Ворух жолундагы кыймыл токтотулган», — деп түшүндүрүштү чек ара кызматынан.

Бир нече саат мурун чек ара кызматы Баткен облусунун Ак-Сай айылындагы абал «салыштырмалуу туруктуу» болгонун кабарлаган.

Жеринде чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршиев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков болууда.

Чек ара кызматынын бөлүмдөрүнүн иши күчөтүлгөн тартипке өткөрүлгөн.

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр

Кыргызстандын чек ара кызматынан билдиришкендей, Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары 22-июлда саат 17:20лар чамасында чатакташып, мергенчилик үчүн колдонулган мылтыктан ок атылган. Натыйжада Исфара — Ворух жолу жабылган.

«Жаңжал Ворухтун тургундарынын айылдын кире беришине желек орноткону себеп богон. Ак-Сайдын жашоочулары буга каршы чыгышып, ооз эки чырга алып келген. Жыйынтыгында тараптардын бири мергенчилик үчүн колдонулган куралдан ок чыгарган», — деп билдиришкен чек ара кызматынан.

Маалыматка ылайык чатактан улам 15 кыргызстандык жарадар болуп, жабырлануучулардын 12не ок тийген.

Тажик тараптын версиясы боюнча, Ак-Сай айылынын тургундары «желектин орнотулушуна каршы чыгышып, өз билемдик менен жер казып “Ак-Сай” жазуусун жана өз мамлекетинин желегин» орнотушкан.

«Кыргызстандын жарандары бул ишти Тажикстандын аймагында жасагандыктан, буга Ворухтун жашоочулары каршы чыгышкан. Жыйынтыгында эки өлкөнүн тургундары арасында чыр чыккан», — деп айтылат маалыматта.

Тажикстандын «Озоди» басылмасы кыргыз тараптан чыгарылган октон 52 жаштагы мугалим каза таап, он киши жарадар болушканын жазып чыкты. Аталган маалыматты басылмага Тажикстандын ИИМи билдирген.