2017-жылы Бишкектин мурдагы мэри Албек Абраимов кытайлык грантка салынып жаткан шаардын жолдору оңдоосуз 10-15 жыл кызмат кылат деп билдирген. Бирок, шаар бийлиги алар салынгандан бир жыл өткөндөн кийин эле оңдоп баштады.
«Азаттыктын» маалыматы боюнча, Бишкекте 2018-жылы 49 көчөнү оңдошкон — алардын жалпы узундугу болжол менен 100 км түзгөн. Кыргызстанга Бишкектин көчөлөрүн ремонттоого кайтарымсыз акчаны Кытай берген. Кыргыз бийлиги жолдордун реконструкциясына 73 млн доллар алган.
Андан бери бир жыл өттү, бирок Бишкек мэриясы 46 жол кайра оңдоп-түзөөгө муктаж экенин, ал эми үч жолдун курулушу дагы деле бүтө элек экенин кабарлады.
Негизги көйгөйлөрдүн арасынан жээк таш менен арыктардын сапатсыздыгы, ошондой эле, жолдук жабуулардын, тротуардык плиткалардын бастырылышы жана жол белгилеринин кыйшаюусу айтылды. Муниципалитеттин маалыматы боюнча, 12 жолдун «кемчиликтерин жоюу боюнча» иштер башталган.
Кайра оңдоого жалданмачы компания жооптуу
Кытай менен кыргыз бийлигинин ортосундагы макулдашууга ылайык, кемчиликтерди жоюуга жол куруучу жалданмачы «Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» компаниясы жооптуу.
Транспорт министринин мурдагы орун басары Улан Уезбаев кытайлык гранттарга салынган Бишкектин көптөгөн жолдорун «сапатсыз» деп эсептейт. Ал мэрия курулуш иштерине жана жумуштун сапатына көз салбай, жөн гана акыркы жыйынтыкты текшерүүдө деп түшүндүрдү.
«Мен Кытайда болгом, кытайлык компаниялар өз жарандары үчүн жолдорду кандай курушаарын көргөм жана бул жерде кантип куруп жатышкандарын көрүп жатам. Мындайча айтканда, аларда “Порше”, бизде болсо “Жигули”. Сапаты аксайт, көзөмөл жок, аны менен иштөөчү адистер жок», — деп билдирген Уезбаев.
Мэриядан өткөн жылы салынган жолдорго масштабдуу текшерүү чын эле болбогонун ырасташты. Алардын абалы менен сапаты 2019-жылы жазында гана текшерилген, бирок, комиссия кытайлык грантка курулган жолдорду ким жана качан кабыл алганын аныктай алган эмес.
Бийлик конуштардагы жолдорду оңдоп баштайт
Жакында эле Бишкекте болуп өткөн Шанхай кызматташтык уюмунунун саммити учурунда бийлик шаардагы жолдорду оңдоо боюнча долбоордун экинчи бөлүгүнүн башталышы тууралуу келишимге кол койгон. 60 көчөнү ремонт кылуу пландалууда, алардын жалпы узундугу 60га чукул километрди түзөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ремонтко муктаж болгон бардык жолдордун жарымы Бишкектин чет жактарындагы жаңы курулуштар менен конуштар аркылуу өтөт. Айрыкча «Мурас-Ордо», «Кара-Жыгач», «Ак-Өргө» жана «Ак-Ордо» конуштарынан.
Расмий маалыматтар боюнча, Бишкекте калкы 223 миң адамга жеткен 47 конуш бар — бул болжол менен шаар калкынын төрттөн бир бөлүгү. Аталган райондордун тургундары инфраструктуранын жоктугуна бат-баттан даттанып келишет. Алардын арасында өнүккөн суу түтүгүнүн системасы, электр берүү зымдары жана жол тармактары бар.
Жолдорду оңдоо боюнча долбоордун экинчи бөлүгү качан башталаарын мэрия билбейт. Вице-мэр Улан Азыгалиев муниципалитет учурда кытай бийлигинен ремонт иштерине тандалган компаниялардын тизмесин күтүп жатканын айтты.
«Мен [Пекинге жолдогон катымда] түшүндүргөндөй, азыр жылдын жылуу мезгили, бул ремонт иштерин баштай турчу убак. [Компаниялардын] тизмеси болмоюнча биз тендер өткөрө албайбыз. Алар маселени кыска убакытта чечүүнү убадалашкан, биз аларга басым кыла албайбыз», — деди Азыгалиев.
Ал кошумчалагандай, эгер «Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» компаниясы сунушталгандардын арасында көрсөтүлгөн болсо, анда жолдорду оңдоо боюнча тендерге катышат. «Андан ары баары мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамга баш ийет. Биз эң аз бааны сунуштаган компанияны тандап алабыз», — деп кошумчалады вице-мэр.
Азыр Кыргызстанда оңдолгон жолдордун кепилдик мөөнөтү эки жылды түзөт. 2017-жылы депутаттар бул мөөнөттү эки жылдан беш жылга жогорулатуучу мыйзам долбоорун кабыл алуудан баш тартышкан. Ошондо бул идеяны Транспорт жана жолдор министрлигинен да колдошкон эмес жана муну кошулган мөөнөттөр ремонт иштеринин баасына жогорулатат деп түшүндүрүшкөн.