Сүрөт: Толгонай Стамалиева / Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өзүнүн тажикстандык кесиптеши Эмомали Рахмон менен 26-июлда жолукту.

Тажикстандагы «Озоди» басылмасы кабарлагандай, президенттердин жолугушуусу Ворухта болуп өттү. Өлкө башчылары чек араны тактоо жана аныктоо боюнча маселелерди талкуулашат.

Президенттердин жолугушуусунан бир нече күн мурда кыргыз-тажик чек арасында Ак-Сай менен Ворух айыл тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Кыргызстандын бийлиги 17 адам жабыр тартканын, ал эми Тажикстан тарап бир адамдын каза таап, 10 адам жарадар болгонун билдирген.

Жаңжалдан улам Ак-Сай айылынан 650дөн ашуун адам эвакуацияланган — бир нече күн өткөндөн кийин айыл тургундары өз үйлөрүнө кайтып келишкен. Азыр чек арадагы абал туруктуу, эки өлкөнүн чек арачылары калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.