«Азаттыктын» видеосунан алынган скриншот / Касым Рахманкулов / RFE / RL

Эмне болду?

Улуттук статистика комитети июлда Кыргызстандын жашоочулары кайсы мамлекеттик органды эң коррупциялашкан деп эсептешээри боюнча сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады. Изилдөө 2019-жылдын биринчи жарымында өткөрүлүп, ага 3,6 миңден ашуун адам катышкан.

Рейтинг -100 дөн 100гө чейинки баллдар боюнча түзүлгөн. Жыйынтык канчалык жогору болсо, коррупциянын деңгээли ошончолук төмөн. Бул сурамжылоодон өткөндөрдүн ойлору боюнча. Натыйжада «эң коррупциялашкан» деп мамлекеттик орган катары 18,7 балл алган бажы кызматы аталды.

Ошондой эле сурамжылоого катышкандардын арасынан Бишкектин тургундары дээрлик бардык маморгандарга терс баа беришкен. Ошол эле маалда аймактардын жашоочулары аткаминерлердин ишине көбүнчө оң баа беришкен.

Биздин ишибизди бир гана ишкерлер элестете алышат — бажы кызматы

Мамлекеттик бажы кызматы 25-июлда билдирүү таратып, анда изилдөөнүн жыйынтыгы менен макул эместигин кабарлаган. Ведомстводогулар жыйынтык сурамжылоого катышкандардын ар кайсы маморгандар көрсөткөн кызматтарда каршылашкан жеке тажрыйбасына таянып чыгарылган деп эсептешет.

«Калктын белгилүү бир бөлүгү гана бизнес процесстерге катышып, тышкы экономикалык ишмердик кылат жана Кыргызстандын бажы кызматы көрсөткөн кызматтар тууралуу билет, демек, аталган аудитория гана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына бейтарап баа бере алат», — деп билдиришти бажы кызматынан.

Мекеме далил катары 2018-жылы бажынын кызматтарын пайдаланган адамдардын арасында жүргүзүлгөн анонимдүү сурамжылоонун жыйынтыгын келтирет. Бул үчүн ведомство 321 адамды сурап чыккан, бирок сурамжылоодо кандай методология колдонулганы белгисиз.

«Өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, жалпысынан бажы кызматынын ишмердиги оң деп бааланат [...] Статистикалык маалыматтарга ылайык, респонденттердин 83,5 пайызы бажынын ишмердиги менен канааттанган», — деп айтылат бажы кызматынын катында.

Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов апрелде эң коррупциялашкан маморгандарды атаган. Алардын ичинде Ички иштер министрлиги, Транспорт жана жолдор министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле Мамлекеттик экотехинспекция жана салык кызматы болгон.

Ал өзү башкарган Башкы прокуратура жана бажы кызматы бул тизмеге түшкөн эмес.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Коррупцияга каршы күрөшүү президент Сооронбай Жээнбековдун ишиндеги эң башкы багыттарынын бири болуп саналат. Ал өз сөзүндө бул тууралуу көп айтат.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамкызмат (финпол) январь айында анын тапшырмасы боюнча Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшере баштаган. Матраимовдордун үй-бүлөсү Кыргызстандагы эң бай жана эң таасирлүү деп эсептелет.

Каржы полициясы Матраимовдордун мүлкүн алты айдан ашуун убакыт текшерүүдө. Кийинчерээк парламенттин депутаты жана Райымбек Матраимовдун байкеси текшерүү тергөөчүлөр алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарынын мүлкүн текшерип жатышканы үчүн созулганын билдирген.

Финпол 24-июлда Райымбек Матраимов менен байланыштуу компаниялар 24 млн сомдук салык төлөбөгөнүн кабарлаган.

Май айында «Азаттыктын» журналисттери Кыргызстандан чыгарылган 700 млн долларга Матраимовдордун ыктымал байланышы жана алардын кайрымдуулук фондуна акчалардын которулушу боюнча иликтөө жарыялашкан.

Авторлошу: Савия Хасанова