Жыл сайын жайдын келиши менен Бишкек абдан ысык шаарга айланат. Азыр борбор калаада ачык мейкиндиктер өтө көп, а мурда алар бак-дарактардын көлөкөлөрүнүн алдында эле. Бирок, шаар бийлиги акыркы бир нече жылда ысык мизгилде күн аптабына каршы күрөшүүгө жардам берип турган миңдеген дарактарды кыйган.
Өсүмдүктөрдүн картасы Бишкектеги «ысык аралчаларды» көрсөтөт. Андан көрүнүп тургандай, шаардын ар кайсы райондорунда температура 10-20℃ айырмаланганын көрсө болот.
Мисалы, Эркиндик бульварындагы орточо температура +22℃ түзсө, Ала-Тоо аянтында бул көрсөткүч +30℃ чейин барат. Ушундай эле кырдаал Кара жыгач токойчосунда жаралууда. Ал жакта термометр +21℃ көрсөтсө, Аламүдүн базарынын айланасында +31℃ түзөт.
Шаардагы эң ысык чекит Бишкек ЖЭБинин аймагы. Ал жактагы аймактын үстү +42℃ чейин ысыйт.
Бул бактардын кыйылышынан жана шаардын ирригациялык системасындагы көйгөйдүн айынан болуп жатат.
Бишкектин борбору гана ысыбайт
Бишкекти ондогон конуштар курчап турат. Алар бир гана инфраструктуранын жоктугунан эмес, ошондой эле дарактардын жок болгонунан кыйналып келишет. Мисалы, Ак-Ордо, Жал, Көк-Жар жана Туңгуч кичи райондорунда жашыл өсүмдүктөр аз. Ал эми Арча-Бешиктеги кеңири болгон Чортеков көчөсүндө такыр эле жок. Аталган райондордо температура + 34℃ чейин жетет.
Эмнеге бак-дарактар шаар үчүн маанилүү?
Таза, жашыл дарактар фотосинтез үчүн күн нурунун спектрынын бир бөлүгүн жутуп, хлорофилл иштеп чыгышат. Хлорофилл көп иштеп чыккан дарактар күндүн жылуулугун жакшы чагылдырып, зыяндуу көмүр кычкыл газын жутуп алышат.
Бишкек ээн талаадан жана жарым чөлдөн тургандыктан, жашыл өсүмдүктөрсүз шаарда жашоо абдан оор. 2019-жылга карата ар бир тургунга туура келген бак-дарактардын жалпы аянты 3,5 м² чейин азайган. Салыштыруу үчүн 1950-60-жылдары борбор калаанын ар бир жашоочусуна 32 м² туура келген.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, ар бир тургун үчүн жашыл өсүмдүктөрдүн аянты 9 м² кем болбошу керек, эң жакшысы — 50 м². Акыркы 10 жылда эле Бишкек бийлиги 15 миңдей бакты кыйган. А бирок мыйзамсыз кыйылган дарактардын санын саноо дээрлик мүмкүн эмес.
Экоактивисттер шаар бийлигине калаанын ысышын азайтуу үчүн көлөкөлүү аллеяларды курууну сунушташат. Мындан тышкары, абаны табигый жол менен нымдатуу үчүн шаар ачык арыктарга жана оргумаларга муктаж.
Ошондой эле алар ысыктын деңгээлин төмөндөтүү үчүн шаарды жашылдандырууга чакырышат.