Качып кетпесин деп сегиз жашар кыздын колун байлап коюшкан — милиция аны балдар борборуна жайгаштырды

Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлагандай, милиционерлер колу байланган кызды 26-июль күнү Таш-Дөбө айыланда ыркы келишпеген үй-бүлөлөрдүн арасында өткөрүлүп жаткан рейддин учурунда табышкан.

Кыздын чоң энеси укук коргоо органдарынын кызматкерлерине баланын апасы Бишкекке иштегени кеткен бойдон байланышка чыкпай калганын, ал эми атасы сегиз жыл мурда кайтыш болуп калганын айтып берген.

«Неберем үйдөн качып кетет, эч кимди укпайт. Ошондуктан [чоң эне] дагы бир небересине экинчисин байлап коюуну тапшырган», — деп билдирет ОИИБдин басма сөз кызматы.

Милиционерлер кызды жарым жылга Бишкектин балдарды коргоо борборуна жайгаштырышкан.

Туугандарынын же тааныштарынын асыроосуна калтырылган балдар үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарына айланышат же ар кандай кырсыктардан улам каза табышат. Өлкө калкынын дээрлик 13% ашууну чет өлкөдө эмгектенет, ал эми мигранттардын которгон каражаттары Кыргызстандын ИДПсынын үчтөн бирин түзөт.

Учурда бийлик Кыргызстанда канча бала ата-энесиз жашоого аргасыз экенин билбейт. Социалдык өнүктүрүү министрлиги апасы да, атасы да чет өлкөгө кеткен балдардын саны 72 миң деген санды келтирүүдө. Бирок ЮНИСЕФ мындай балдардын саны 199 миң деп эсептеген. Ата-энесинин бирөөсү миграцияда жүргөн балдардын саны мындан да көп — 299 миң бала.