Токтогул паркындагы дубалга Улуу Жибек жолун тартуу учуру. Сүрөт: Адилет Абырасул уулу / kloop.kg

Ош шаарындагы Токтогул эс алуу багынын дубалына таштар менен Улуу Жибек жолун чагылдырган сүрөт тартылууда. Анын узундугу 84 метрди түзүп, бийиктиги 2,5 метрге чейин жетет.

Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчиси Данияр Токторбаев сүрөт 2017-жылы марафондун негизинде чогулган 470 миң сомго тартылып жатканын «Клоопко» билдирди.

«Мындай демилге комбинаттын мурдагы жетекчиси Айгүл Наватовага таандык. Сүрөттүн автору маркум сүрөтчү-скульптор Ашыралы Маразыков», — деп түшүндүрдү Токторбаев.

Сүрөттү дубалга түшүрүү иштери 5 ай мурда башталып, 31-август Эгемендик майрамына карата бүтүрүү пландалган. Аны комбинаттын беш кызматкери тартууда.

Улуу Жибек жолу — б.з.ч II кылымдын ортосунан орто кылымдарга чейин созулган эл аралык сооданын аталышы. Соода кербендери Кыргызстандагы Ош, Өзгөн, Баласагын, Кочкор-Башы, Ат-Башы, Тоң сыяктуу орто кылымдардагы шаарлар аркылуу өткөн.