Чүй облустук соту 30-июлда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өмүрү өткүчөктү жаза өтөө мөөнөтүн күчүндө калтырды. Анын адвокаты Валерьян Ахитов соттон Аскаровду бошотууну өтүнгөн, бирок прокурорлор өмүр бою соттолгондордун иштерин кайра караса болбоорун билдиришкен.
Сот Аскаровго карата чыккан өкүмдү сегиз эл аралык укук коргоо уюмунун Евробиримдиктин коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерике Могериниге кат жолдогонуна карабастан өзгөртүүсүз калтырды. Алар Могериниден Аскаровдун ишин Кыргызстандын бийлиги менен талкуулоону суранышкан. Укук коргоо уюмдарынын билдирүүсүндө Аскаровдун саламаттыгы начарлап жатканы жана аны бошотуп, даарылоого жөнөтүү керектиги айтылган.
Могерини Кыргызстанга болгон сапары учурунда Аскаровдун иши «талкуу баскычында» экенин билдирип, бирок сүйлөшүүлөр туурасында кеңири маалымат ачыктаган эмес.
Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда бийликтегилер Аскаровдун күнөөлүү экендигине ишенишкен. Анын АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан сыйланышы эл аралык жаңжалды пайда кылган. Анда өлкөлөр арасындагы кызматташтык тууралуу эки тараптуу базалык келишим жокко чыгарылган.
2017-жылдын ноябрында бийликке келген президент Сооронбай Жээнбеков Аскаровдун иши боюнча коом алдында азырынча ачык комментарий бере элек.
Аскаровдун соту
Аскаров — этникалык өзбек, Кыргызстандын түштүгүндөгү укук коргоочу. Ал милиция тарабынан жасалган кыйноолор боюнча иликтөөсүнөн улам белгилүү болгон. 15-жылдан бери өзүнүн «Аба» укук коргоо уюмун жетектеп келген.
Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан. Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Адам өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган.
Сот Аскаровду 2010-жылдын аягында өмүр бою эркинен ажыраткан менен укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес. Аны менен кошо дагы сегиз киши соттолгон.
Аскаровдун жактоочулары укук коргоочуга коюлган айыптар негизсиз экенин бир нече жолу айтып чыгышкан. Окуя болгон жерде Аскаров жок болгонун күбөлөр ырасташкан. Ошондой эле укук коргоочу кыйноого алынганын жана иликтөө иштери процессуалдык эрежелердин одоно бузулушу менен коштолуп атканын анын адвокаттары билдирген.
БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы Кыргызстандын бийлигине Аскаровдун ишин кайра карап чыгып, камактан бошотууга кеңеш берген. Бул кеңеш жарым-жартылай аткарылган, бирок иш кайра каралгандан кийин Чүй облустук соту укук коргоочуну өмүр бою эркинен ажыраткан өкүмдү күчүндө калтырган.
Ошондон кийин БУУнун Адам укуктары боюнча улук комиссары Зейд Раад аль-Хуссейн Чүй облустук сотунун укук коргоочу Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өкүмү БУУнун Адам укугу боюнча комитетинин чечимине «тикелей карама-каршы келээрин» айткан.
Авторлошу: Элзира Тумонбаева