Кайтпас — Баткен облусундагы алыскы айыл. Ал дээрлик Өзбекстанга чектеш жерде жайгашкан. Бул айылда асфальтталган бир гана көчө бар, ал эми тургундардын үйлөрүндө суу түтүктөрү жок. Алар ичүүчү сууну арыктардан ташып келүүгө аргасыз. Мындай көрүнүш көп учурда ичеги ооруларына алып келет.
«Жайкысын оору-сыркоо көп. Айына 20-30 адам кайрылат — күнүнө 1-2 адам — бардыгы суунун айынан», — дейт жергиликтүү поликлиниканын дарыгери Акбермет Сүйүнова.
Бирок таза суунун жоктугу Кайтпастын тургундарынын жалгыз эле көйгөйү эмес. Айылдын мектебинде ал 1974-жылы курулгандан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштери болгон эмес. Анысы аз келгенсип сегиз жыл мурда жер титирөөдөн улам мектептин имараты жабыркаган, бирок ал жакта кенже класстын окуучулары билим алууну улантышууда.
Бийлик мектепти оңдой албайт — капиталдык ремонтко акча жок. Ошентип, 2011-жылдан тарта 270тей мектеп окуучусу шыптары тешик класстарда билим алып келишет.
«Бул убакыт аралыгында мектептин абалы начарлап кеткен: шыптар тешилген, мектептин имараты эскирген, таза суу жок, шарттар жок, балдар бир партада үчтөн отурушат. Бирок биз [аларды] окутушубуз керек, айла жок, сентябрда биринчи класска жаңы кабыл алуулар болот», — дейт мектептин директору Рахманали Тешебаев.
Анын айтымында, жыл сайын мектептин администрациясы имаратта косметикалык оңдоо иштерин жасайт, бирок шыптагы тешиктер ошол бойдон калат.
«Шыптагы тешиктерди бүтөй албайбыз — кооптуу, шифердин бардыгы кыйшайып кеткен. Ошонун айынан ным тартып, чатыр бир күнү кулап түшүшү мүмкүн», — дейт Тешебаев.
Бирок, Баткен облусундагы Кадамжай районунун ӨКМинин башчысы Руслан Айтиев мектептин шыбы кулап кетпейт деп эсептейт.
«Имаратта окууга болот, бирок оңдоо иштери да керек. Жакында эле үч-төрт балл жер титирөө болду, имарат чычады. Эгер жети баллдан көп жер титирөө болсо [мектеп] урап түшөт», — деди ал.
Анткени менен ӨКМ мектепти акыркы жолу 2011-жылы, ал жер титирөөдөн жабыр тарткандан кийин изилдешкенин Айтиев мойнуна алат. Ошондо жер титирөөнүн күчү жети баллга жеткен.
«Бизге директор имаратты текшергиле деп кайрылуу жазып же суранышы керек, биз жөндөн-жөн эле бара албайбыз. Эгер азыр мектеп кыйроо абалында турган болсо, анда жоопкерчилик директордо болот, анткени ал бизге кайрылбайт», — деп түшүндүрөт Айтиев.
Кайтпас айылында кенже класстар үчүн жаңы мектептин курулушу эки жыл мурун башталган. Бирок курулуш иштери токтоп калган — бийлик керектелген 75 млн сомдун ичинен 22 млн сомун гана бөлгөн. Курулуштун каржылоосу кайра качан жанданаары белгисиз.