Искендер Матраимов. Сүрөт: парламенттин басма сөз кызматы

Парламенттин депутаты Искендер Матраимов «Азия-Ньюс» гезитине маек куруп, үй-бүлөсү, бизнеси, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата мамилеси жана учурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен байланышы тууралуу айтып берди. «Клооп» бул маектин кыскача версиясын сунуштайт.

Жашырылган 24 млн сомдук салыктар тууралуу

Кыргызстанда салык кызматы ар бир компанияны жыл сайын текшерет — алардын эң чоңу 2008-жылдардан кийинки мезгилге туура келген. Биздин компанияларды да биринчи жолу текшеришкен жок, биз салыктарды ар дайым төлөп жүрөбүз жана салык төлөөдөн эч кимибиз качкан эмеспиз. Биз финансы полициясынын текшерүүсүн сотко берип, жыйынтыгын талашсак деле болмок, бирок, жылдап соттошуп жүрбөй, төгүп салып эле тынч жашоону чечтик. Анан кээ бир салыктардын формасын алмаштырганда ушундай сумма [24 млн сом] чыгып келди.

[Финполдун] текшерүүсүнүн жыйынтыктарын талашсак деле болот эле, бирок убакытты ойлодук. Эми бул акча [24 млн сом] бирөөгө кеткен жок да, казынага түшөт. Азыр суроо финполго эле эмес, бардык жакка бар. Эмне үчүн биздин гана үй-бүлөнүн бизнеси, мүлкү мындай иликтенет? Кыргызстанда жалгыз биз бизнес кылып, же биз эле мамкызматта иштедикпи? 1,5 жылдан бери эле текшерүү, полициячылар текшерип жатып тытып жиберишти. Жылдын башынан бери текшерүүдөн баш чыкпайт. Текшерүүлөр болгондо [биздин] иш да токтоп калат. Ошондуктан финпол айткан сумманы төлөдүк. Биздин жашыра турган, корко турган эч нерсебиз жок.

Финполдун текшерүүсүнүн созулуп кеткен мөөнөтү тууралуу

Бир жагынан финансы полициясын да туура түшүнсө болот, тыкыр, дыкаттык менен текшерүү керек. Ошол эле убакта экспертиза, анализ, салыштырып текшерүү, утурлама текшерүү деп бизди жүдөтүп бүтүштү. Бул иштин баары азыр саясатташып кеткен. Иним Райымды 2017-жылы 23-ноябрда жумуштан алгандан кийин, эртеси эле текшерип башташкан. Анын себебин бир Алмазбек Атамбаев билет. Мен мындай деп жооруйт элем: 2015-жылкы шайлоодо биз [КСДП] партиябызга 45 миң добуш алып берүүгө салым коштук, ал эми 2017-жылы [президенттик шайлоодо] биздин агитаторлор 100 миңден ашык добуш алууга салым кошкон.

Президенттик шайлоодон кийин атайын эле сценарий даярдалган. Себеби, Атамбаевдин көп пландары болгон, чукул шайлоо дейбизби, башка шайлоо дейбизби, же 2020-жылкыбы [парламенттик шайлоо], ошол көмүскө сценарийдин курмандыгы болдук го. Матраимовдор эч жаман оюбуз жок, партия десе тытынып иштей бергенбиз. Башка пландары болгон Атамбаевдерге кийин керек болбой калган окшойбуз да.

Солдо Искендер Матраимов, ортодо анын иниси Райымбек. Кара-Суудагы спорт турниринде

Бизнес, Атамбаев жана анын кеңешчилери тууралуу

Үй-бүлөмдүн бизнеси соода-сатыкка байланыштуу, бизде соода түйүндөр бар. Оштогу «Народныйды» инимдики [Райымбектики] катары айтышат экен, бирок ал менин үй-бүлөмдүкү. Банктардан ири кредиттерди алып, ишкерлер менен сүйлөшүп ачканбыз. Райымбек мамкызматта иштегендиктен, бардык бизнесин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берген [Русланга, Тилекке же Исламга]. Негизинен ошол иним бизнести карайт, иштетет. Кимибиздин кандай бизнестерибиз бар экенин декларациялардан, ошол эле финансы полициясы жарыялаган маалыматтардан билсеңиздер болот.

Президенттик шайлоого чейин тынч иштеген, бизнесин жасаган, мамлекетке зыяны жок кызмат кылган үй-бүлө элек.

Жээнбековдун инаугурациясына аз калганда Атамбаев Сапар Исаковго инимди «жумуштан ал» дейт. Ал мезгилде иним ооруканада жатты эле, аны издеп таппай анан жок беренени ойлоп таап жумуштан алышкан. Кийин [Райымбек] принцип үчүн сотко берип, мыйзамсыз кызматтан алынганын далилдеди. Мен Исаков менен жолугуп, «эмне себеп болду?» десем, «тигил киши ушундай деп айтты» деди. Ал ошондой эле мага «[Атамбаев менен] жолугушуу уюштуруп берейин» деген.

Райымды кызматтан алуу, ММКлар аркылуу каралоо — бул башталышы гана. Алдыда Атамбаевдин командасы дагы көп чагымга барат.

Кийинчерээк Фарид Ниязов менен жолуктум. Ал дагы Атамбаев менен жолугушуу уюштурайын деп коюп, такыр эле жок болуп кеткен. Көрсө, мен ага бекер барган экенмин.

[Ниязов] өзү 2015-жылдан баштап Атамбаевге жолотпоо аракеттерин кылып жүргөн. Президенттин инаугурациясынын астында да, Икрам Илмиянов да телефон чалып, «Фарид менен жолуга аласызбы?» дейт. Макул болуп аны менен көрүштүм. Ниязов «инаугурацияга барбай эле койсоңуз жакшы болот эле, Атамбаевдин жаман пейили кармап калыптыр, сизди көрүп адаттагыдай публикага жаман сөз айтып койбосун» деди.

Атамбаевдин жакын үзөңгүлөшү Фарид Ниязов

Райымбек Матраимов тууралуу

Биздин үй-бүлөнүн бизнесинин гүлдөгөн маалы 2000-жылдарга туш келди, бирок ага чейин 15 жылдай аны түптөй баштаганбыз. Сегиз бир тууганбыз, күч-кубатка толуп турган мезгилибиз, Советтер союзу тарагандан кийин 90-жылдарга туш келди. Мен мамкызматта иштечү элем, инилерим колго кыш куюп сатышчу. Ыраматылык атам мал чарбасында иштечү. Кичинебизден торпок, букаларды багып, ошону менен алгачкы капитал жасадык. Иним Райым ошондо эле айырмаланып турчу. Биз бирден бука баксак, ал эки-үчтөн буканы бордоп бакканга жетишчү. Мисалы, кыш куйгандан качсак, ал салкынды күтүп, түнү менен уктабай иштеп койчу. Кийин май саттык, темир саттык, пахта, тамеки саттык.

Иним Райымбек да, мен да, бир туугандарым да Кудайга шүгүр, колубузда бар. Кээде Райымбек — Кыргызстандагы эң бай адам дешсе, биздин миллиардерлер күлүшсө керек. Алар кимдин кандай бизнестери бар экенин билишет да.

Райымбек эки жылдан бери соттун [өзүнүнүн кызматтан алынышы иши боюнча] чечимин жана финполдун жыйынтыгын күтүп, эч жакка барбай отурду. Азыр анын мамлекеттик кызматка барайын деген маанайы жок. Түркиядагы бир ири холдиңдердин бирине вице-президенттик орунга сунуш түшкөн. Мүмкүн ал сунушту кабыл алат.

Райымбек Матраимов

Туугандары, жакындары ЖМКлардагы өзү жөнүндө макалаларга кандай реакция кылат?

Көпчүлүк мени жумшак адам катары билет, чындыгында ошондоймун. Башында өтө оор кабыл алып, эмне үчүн журналисттер бир нерсени иликтеп көрүшпөй эле бирөө айткан сөздү жазышат деп кыйналып жүрдүм. Элдин көбү азыр Матраимовдор темасы Алмазбек Атамбаевдин президентке каршы колдонуп жаткан каралоосу экенин түшүнүп калды. Эл Атамбаевдин каралоосу менен чындыкты ажырата баштады.

Исаковдун бажы төлөмдөрү Райымбек иштен алынганда дароо көтөрүлүп баштады деген билдирүүсү — бул Кубанычбек Кулматов экөөнүн шоусу. Бул тууралуу бажыны билбеген бирөө, же саясатчы же популист айтса мейли. Бирок Кулматов иним менен [бажы кызматында] үч-төрт жыл бирге иштеген. Түштүк бажы башкармалыгына аны Кулматов өзү койгон.

Жээнбеков менен мамилеси тууралуу

Сооронбай Шарипович менен 20 жыл мамкызматта иштедик, бирок мамилебиз эч качан жакын болгон эмес. Сый-урматтабыз, саясий көз караштарыбыз дал келет. Учурда Матраимовдор Жээнбековдун бийлигинин тушунда гана кызматтарда турушкандай ой жаратышууда, бирок бул андай эмес.

36 жылдан ашуун мамлекеттик кызматтамын, иним Райымбек дагы көп убакыт кызматта болгон. Иним Тилек 2012-жылдан тарта [Кара-Суу районунда] аким болуп иштейт, ал эми дагы бир иним [Ислам Матраимов] 15 жыл мурда финполицияга кирген. Муну билгендер анан кантип Матраимовдор Жээнбековдун тушунда чоңоюшкан деп айта алышат?