Депутат шайлоолордо добуш сатуу үчүн 30 миң сом айып пул салууну сунуштады

Парламенттин депутаты Аида Исмаилова 30-июлда шайлоолордо эреже бузуулар үчүн жазаларды күчөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Исмаилова шайлоолордо добуштарды сатуу үчүн 20 миңден 30 миң сомго чейин айып пул киргизгиси келет, бирок эгер добуш сатылып алынып жатканы тууралуу өз ыктыярың менен билдирсең бул штрафтан кутулуп кетүүгө болот.

«Сатып алууга натыйжалуу каршы туруу үчүн шайлоочулардын эрк билдирүүсүн бурмалаган сатып алуунун терс кесепеттери тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү мүнөзүндөгү чаралар аркылуу бул көрүнүштү коомдук айыптоого жарандардын өздөрүнүн катышуусу абдан маанилүү», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Депутаттын маалыматына ылайык, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо сатып алуу фактысы боюнча 30 кайрылуу келип түшкөн, алардын ичинен 11 учуру боюнча материалдар сотко жөнөтүлгөн. Калган кайрылуулар боюнча иш козгоодон баш тартуу болгон же тараптардын элдешүүсүнөн улам иш токтотулган.

Учурдагы иштеп жаткан мыйзамдар боюнча, добуш сатып алуу үчүн 180 миңден 260 миң сомго чейин штраф салынышы мүмкүн же 2,5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда «административдик ресурстарды кыянат пайдалануу» үчүн 30 миңден 60 миң сомго чейинки айып пул каралган, ал эми мамлекеттик жана муниципалдык органдардын башчыларын белгилүү бир кызматтарда 1-2 жыл иштөө укуктарынан ажыратуу сунушталган.

«Шайлоо алдындагы шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүдө талапкерлердин “административдик ресурсту пайдалангандыгына” даттанууларды талдоо жана анын мүнөзү мыйзамда күнөөлүү адамдарды жоопко тартуунун реалдуу механизмдери жок экендигин көрсөттү», — деп айтылат мыйзам долбоорунда.

Мындан тышкары, президенттикке, парламенттин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге башка өлкөнүн жарандыктары бар экенин жашырып койгону үчүн 20-30 миң сом штраф салуу сунушталууда. Мындай бузуу үчүн мамкызматкерлерге 1-2 жыл айрым кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен 30-60 миң сом айып пул салынышы мүмкүн.