Өкмөт Иракка барып, кыргыз балдарын мекенине кайтарууну пландап жатат

Казакстандын атайын кызматы 2019-жылдын январында Сириядан мекенине алып келген бала. Казакстандын президентинин кеңешчиси Эрлан Кариндин видеосунан алынган скриншот

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, маморгандар Ирактагы качкындар лагеринен кыргыз жарандарын мекенине кайтаруунун үстүндө иштеп жатышат.

Бул үчүн өкмөт 2019-жылдын сентябрында Ирактын борбор калаасы Багдадга жумушчу топ жиберүүгө камданууда.

«Учурда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Мындан тышкары Ирак Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары визалык режимди бузгандыгына байланыштуу айып төлөө маселесин чечүү үчүн кыргыз тараптан финансылык каражаттар такталды», — деп билдирди ведомство.

Ошондой эле Кыргызстандын бийлиги эл аралык уюмдар менен биргеликте Сириядагы качкындар үчүн лагерлерине да барып, кыргызстандыктардын жүргөн даректерин так аныктоого аракет кылып жатат.

Өкмөт кыргызстандыктардын балдарын мекенине кайтаруу боюнча «бардык керектүү» иштерди жүргүзүп жатат — маселе премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевдин жеке көзөмөлүндө.

Кыргызстандын бийлиги Ирак жана Сириядагы балдарды кайтаруу тууралуу айтып жатканы менен ал жактагы кыргыз кыз-келиндерди кандай кылышаары түшүнүксүз. Материал жарык көрөөр алдында өкмөттүн басма сөз кызматы комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болду.

Мурдараак активист Кубанычбек Токтосунов башында турган кыргызстандыктардын тобу Сирия жана Ирактан өз эсебинен 150 эне-баланы Кыргызстанга кайтарып келүүгө жана аларды реабилитациялоого даяр экенин билдирген.

Кыргыз бийлигинин маалыматтарына ылайык, Сирияга болжол менен 800 кыргызстандык кеткен — алардын бир бөлүгү курман болгон деп эсептелинет, бирок аман калган аялдар менен балдар тууралуу белгилүү. Алар Сирия менен Ирактагы качкындар лагерлерине бөлүштүрүлгөн, бирок алардын так саны белгисиз.

Казак бийлиги Сирия жана Ирактан 500дөн ашуун жаранын кайтарган. Алардын ичинен көпчүлүгү — бул балдар. Айрым улуу жарандарга карата «терроризмди пропагандалоо» жана «жаңжалды козутуу» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон.

Өзбекстан Ирак жана Сириядан 150дөн ашуун жаранын чыгарып кеткен. Алардын көпчүлүк бөлүгү — аялдар жана балдар. Ал эми Тажикстан болсо Ирактан өз жарандарынын 80ден ашуун баласын кайтарып берген.