Аткаминер министрдин орун басарлык кызматын мыйзамсыз алган делип айыпталууда. Бул жерде өкмөт башчысынын кандай тиешеси бар?

5-август күнү фейсбукта Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиеваны министрдин орун басарлыгына дайындоо жөнүндө аныктаманын сүрөтү жарыяланган. Документте министрдин орун басарларынын бири Амангелди Исаевдин ыктымал кол тамгасы турат.

Бул тууралуу кайсы жактан белгилүү болгон?

Маалым кат делген сүрөттү Айдана Асановна деген колдонуучу тараткан. Анын фейсбук барагында айыл чарба министри Эркинбек Чодуевге даректелген сын-пикирлүү постторду көрүүгө болот. Андан башка посттор чыгарылган эмес.

Посттун авторунун айтымында, бул жарлыкка Чодуев өзү кол койбосо да, ал «муну орун басары Исаевге тапшырган. Ал премьер-министр Абылгазиевдин группалашы».

Материал жарык көрөөр алдында «Клооптун» журналистинин Эркинбек Чодуев менен да, анын орун басары менен да байланышуу аракетинен майнап чыкпады.

Алар чындыгында эле бирге окушканбы?

Бул тууралуу бир жактуу ишенимдүү айтууга болбойт, бирок Абылгазиев менен Исаев бир университетти аякташкан — Скрябин атындагы айыл чарба институту. Мындан тышкары, эки аткаминердин өмүр баяндарында тең бир эле адистик көрсөтүлгөн — «агроном».

24.kg маалыматтык агенттиги кабарлагандай, өкмөттө премьер-министр Абылгазиев менен айыл чарба министринин орун басары Исаевдин байланышы жөнүндө маалыматты «ойдон токулган» деп аташкан.

Айыл чарба министрлиги кандай реакция кылды?

Kaktus Media басылмасынын маалыматына ылайык, Айыл чарба министрлигинде учурда Беккулиева тууралуу маалыматты иликтеп жаткан комиссия түзүлгөн.

«Комиссия бул документти текшерип жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аныктаманын чын-жалганы, ал канчалык укуктуу жана негиздүү экени белгилүү болот», — деп билдиришти министрликтен.

Кийинчерээк маалым болгондой, комиссия Беккулиевадан түшүндүрмө албагандыктан, чечим чыгарган эмес. Ал 1-августтан тарта эмгек өргүүдө жүргөнү белгилүү болгон.